Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Байден менен Зеленский Украинадагы абалды талкуулады


Зеленский жана Байден. Архив сүрөт.
Зеленский жана Байден. Архив сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден Украинанын лидери Владимир Зеленский телефондон Киевдин абадан коргонуу системасын чыңдоо, каржылык жардам маселесин сүйлөштү. Ак үйдүн маалыматына караганда, АКШ президенти Украинанын энергетикалык инфраструктурасын колдоо үчүн 53 миллион доллар бөлүп, келечекте да экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып, "агрессиянын бардык чыгымдарын Орусияга жүктөөгө аракет кылаарын" айтты.

Зеленский Байденге "Украинага аскердик жана каржылык колдоо көрсөткөнү үчүн" ыраазычылык билдиргенин Телеграмга жазды. Ошондой эле украин мамлекет башчысы Киев G7 саммитинин алдында Вашингтон менен "позициясын макулдашканын" белгиледи. Чоң жетиликтин саммити 12-декабрда онлайн өтөт. Зеленский саммиттин жыйынтыгы боюнча "жаңылыктарды" күтсө болорун кошумчалады.

2022-жылдын октябрынан бери орус армиясы Украинанын энергетика тармагын ракеталар жана дрондор менен талкалап жатат. Натыйжада миллиондогон украиндер жылуулуксуз жана жарыксыз калды. Германия, Улуу Британия, АКШ жана башка өлкөлөр Украинага абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү убада кылган.



Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG