Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Борбор Азия: биринчи президенттер калтырган мурас


Борбор Азиянын эгемендик жылдары авторитардык режимди калыптандырган лидерлери бийликтен ар кандай себеп менен кеткен. Айрымдары революциянын айынан өлкөдөн качса, айрымдары кызматта турганда өмүр менен кош айтышып, башкаруу айланасындагылардын колуна өткөн. Айрымдары бийликтен кетип, көшөгө артында башкарууну улантууну самап, акыр-аягында сый-ургалдарынын ажыраган.

Бир кезде өз ыйгарым укуктарын каалагандай чоюп, мактоо жана алкоо уккандардын абалы азыр кандай? Алар тууралуу эл эмне дейт?

"Елбасы" да, "Нур-Султан" да жок, бирок иммунитет бар

Казакстан эгемендик алгандан кийин 1991-жылы 1-декабрдагы шайлоого катышкан Нурсултан Назарбаев добуштардын 98,7 пайызын алган. Ал 1990-жылы Жогоку Советтин депутаттарынын добушунун негизинде эле шайланган болчу.

1989-жылы июнь айында ошол кездеги КПСС БКнын пленуму Нурсултан Назарбаевди Казак ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы, Казак ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы катары шайлаган. Ошондон бери Назарбаев 2019-жылга чейин бийликте болду. Президенттик кызматтан кеткенден кийин да ал өлкөнү Коопсуздук кеңешинин түбөлүк катчысы жана бийликке таасири күч "Нур Отан" партиясынын башчысы катары таасирин жоготкон жок. Бирок 2022-жылы Январь окуясынан кийин баары өзгөрдү.

2019-жылы 21-мартта өзүнүн отставкасы тууралуу жарыялаган Нурсултан Назарбаев (солдо) анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев менен Ноорузду майрамдоо учурунда. 21-март, 2019-жыл. Астана.
2019-жылы 21-мартта өзүнүн отставкасы тууралуу жарыялаган Нурсултан Назарбаев (солдо) анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев менен Ноорузду майрамдоо учурунда. 21-март, 2019-жыл. Астана.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Андан тышкары, негизги мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Бирок "Казакстан Республикасынын биринчи президенти - Елбасы" жөнүндө конституциялык мыйзамы ушул күнгө чейин жокко чыгарыла элек.

Бул мыйзамга ылайык, биринчи президент соттук куугунтуктан коргогон ыйгарым укуктарга жана иммунитетке ээ. Ал Казакстан Республикасын жетектеп турган кездеги иштери үчүн да жоопко тартылбайт, "кармап, камоого, көзөмөлгө, тинтүүгө, текшерүүгө алынбайт жана суракка чакырылбайт". Андан тышкары кол тийбестик аны менен жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө да каралган. Ошондой эле мурдагы президенттин жана анын жакындарынын банктык эсептеринин жашыруундугу жана кол тийбестиги сакталат.

Быйыл күз айында Конституция кайрадан өзгөрүүгө учурады. Экинчи президенттин эсеп боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн экинчи шайлоосунда өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деген аталыш менен коштошту.

Касым-Жомарт Токаев кызматка киришкен 2019-жылы Астананы Нур-Султанга өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Калаа маслихатынын мурдагы аталышын кайтаруу сунушунан кийин, ушул жылдын сентябрында кезектеги жарлык менен шаарга мурдагы аталышы кайтарылды.

Январь айындагы окуялардан кийин экс-президенттин айрым жакындары кылмыш жообуна тартылышты. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева парламенттин мажилисинин депутаты мандатынан ажырады.

238 адамдын өмүрүн алган Январь окуясынан кийин коомчулукта азыркы да, мурдагы да президенттердин дарегине сын күчөдү. Бирок бийлик тараптан коомчулуктун талабын орундаткан жооп боло элек.

Экс-президент Нурсултан Назарбаев анда-санда эл алдында чыгып турат. Акыркы жолу 26-ноябрда өткөн Токаевдин инаугурациясында биринчи катарда отуруп коомчулукта түркүн ойго жем таштады. Айрымдар мурдагы лидерди "жаңы жана адилеттүү Казакстан" деген ураандар коштогон шайлоодон кийин өткөн расмий иш-чарада отурганын сындашты. Мамлекеттик каналдар Назарбаевди ири план менен көргөзбөй, залда отурган аткаминерлерди көбүрөөк тартканга аракет кылып жатышты.

Экс-президент Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарта Токаевдин инаугарциясында. 26-ноябрь, 2022-жыл. Астана
Экс-президент Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарта Токаевдин инаугарциясында. 26-ноябрь, 2022-жыл. Астана

Кызматтан кеткенден кийин президент Назарбаев "Ардактуу сенатор" деген наамга татыктуу болгон. Анда экс-президент сенатка келип "өз оюн айтып турат, керек болсо кеңешет" деп кабарланган.

Жыл башында Назарбаевди "элбашы" деп атоо токтоду, жада калса мамлекеттик телеканалдарда ал тууралуу фильмдер жана репортаждар көрсөтүлбөй калды. Акыркы интервьюларында Токаев биринчи президенттин саясатын сындай баштады. Талды-Коргондо январда көтөрүлүштүн катышуучулары алып салган эстелиги ордуна тургузулган жок, бирок анын ысымы ыйгарылган көпчүлүк объектилер ошол бойдон турат.

Ушул жылдын жазында биринчи сүйлөмүн Назарбаевдин атынан алып, логотибинде анын кол тамгасы коюлган "Нур Отан" партиясы "Аманат" болуп өзгөртүлдү. Эксперттердин айтымында, азыркы көрүнүштөр Назарбаевдин атак-даңкынан анын көзү тирүүсүндө эле арылуу болуп саналат. Январь окуясынын чыгышына анын башкаруусундагы жылдар түрткү болду деп эсептегендер, Назарбаевдин ысымын таптакыр өчүрүү керек деп эсептешет.

Каримовду эстебеген экинчи президент

Өзбекстандын лидери Ислам Каримов Советтер Союзу тарай электе президент болуп шайланган Горбачевдон кийинки экинчи саясатчы болуп калды. 1990-жылдын 15-мартында СССРдин Жогорку Кеңеши Михаил Горбачёвду президент кылып шайлады. Он күн өткөндөн кийин Өзбекстандын Жогорку Кеңеши Ислам Каримовдун республиканын президенти болушун колдоп добуш берди.

Ислам Каримов да Назарбаев сыяктуу эле 1989-жылы, Компартиянын биринчи катчысы болуп турганда бийликке келди. Бирок Назарбаевден айырмаланып, ал алгачкы жалпы шайлоодон кийин өлкөдөн куулган башка талапкер Мухаммад Салих (Салай Мадаминов) менен чогуу ат салышты. Андан кийинки шайлоолор жасалма мүнөзгө ээ болду.

Совет мезгилинде Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан 1993-жылы өз Конституциясын кабыл алып, референдум аркылуу эгемендүүлүгүн жарыялоо укугуна ээ болду. Ошол учурда Каракалпакстан менен Өзбекстандын ортосунда мамлекеттик макулдашуу да жетишилген эле. Нукус бийлиги Ташкентке 20 жыл мөөнөткө Өзбекстандын курамында калууга макулдугун берген болучу. Бирок аталган макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин аны улантуу жөнүндө да, референдум өткөрүү тууралуу да кеп болбоду. Бул кеминде 21 киши набыт болуп, 270тен ашуун адам жараат алган быйылкы "Нукус окуяларына" алып келди.

Өз мезгилинде Ислам Каримов 1992–1997-жылдардагы Өзбекстан менен чектешкен Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна түрткү болгон. Ал ошондой эле Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмондун бийликке келишине да колдоо көрсөткөн деп жүрүшөт.

Ислам Каримов башкарып турган мезгилде Өзбекстанда исламчыл оппозиция пайда болду. Аталган кыймыл 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин басылган. Анткен менен Өзбекстандын исламчыл оппозициясы Ооганстандын коогалаңдуу аймагына ооду.

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримов президенттик шайлоо канчалык эрежеге карама-каршы келсе да (Конституция боюнча бир адам эки мөөнөттөн ашык президенттик кызматты ээлей албайт), президенттик шайлоого катышуудан эч качан баш тарткан эмес. Ал бир жолу референдум, беш жолу шайлоо аркылуу бийликте калган.

Өзбекстан менен Казакстандын биринчи жетекчилери: Ислам Каримов (солдо) жана Нурсултан Назарбаев. Алматы, 2001-жыл.
Өзбекстан менен Казакстандын биринчи жетекчилери: Ислам Каримов (солдо) жана Нурсултан Назарбаев. Алматы, 2001-жыл.

Назарбаевдикиндей эле, Каримовдун жакындары да мамлекеттик кызматтарда иштеген, бирок анын улуу кызы Гүлнара Каримова атасынын көзү тирүүсүндө соттолгон. Экинчи президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда ага дагы бир иш козголуп, 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келген алгачкы жылдары Ислам Каримов тууралуу көп айтчу.

Акыркы жылдардагы сүйлөгөн сөздөрүндө ал Каримовду эскербей калды. Президент Мирзиёев мурда азыркыдай жылыш болбогондугу тууралуу байма-бай айтып жүрөт.

Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин эки жылга жетпей анын жан жөкөрлөрү бийликтен четтетилген. Анын 80 жылдык мааракеси белгиленгенде бул иш-чарага балдары катышкан эмес.

Гүлнара Каримова камалып жатканда экс-президенттин экинчи кызы, ошол кездеги Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Лола Каримова-Тиллаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ташкентке келе албай тургандыгын жазды. Бир нече күндөн кийин, 2-февралда Лола Каримова-Тиллаева социалдык тармактагы баракчасында Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү кызматынан кетип жатканын жарыялады.

Рахмондун көлөкөсүндө калгандар

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын ичинен Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов эгемендүүлүккө чейин өлкөнү эң узак башкарган лидер болуп эсептелет. Ал 1985-жылы Тажикстан Компартиясынын биринчи катчылыгына шайланган.

1990-жылдын 12-14-февралында Дүйшөмбүдө жабыр тарткан делген армяндарга (1988-жылы Армениянын Спитак жана Ленинакан шаарларында болгон жер титирөөдө) "батирлер кезексиз бөлүнүп берилип жатат" деп нааразы болгон эл чогулган. Ошол мезгилде Тажикстандын борборунда турак жай маселеси курч болчу. Февраль окуясы деп аталган нааразылык акцияларында 25 адам каза таап, 150дөн ашуун адам жарадар болгон. Февраль окуясынан кийин Махкамов биринчи катчылыктан кеткендиги тууралуу жарыя кылган, бирок Тажик ССРинин Компартиясынын БКсы отставканы кабыл алган эмес.

Мурдагы советтик Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов (оңдо) журналистке маек берип жатат. Дүйшөмбү, 2013-жыл, 27-сентябрь.
Мурдагы советтик Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов (оңдо) журналистке маек берип жатат. Дүйшөмбү, 2013-жыл, 27-сентябрь.

Ал 1990-жылы ноябрда президент болуп шайланган, бирок 1991-жылы, Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар комитетинин Август коогалаңынан кийин өлкө парламенти ага ишеним көрсөтпөй, Махкамов президенттиктен кеткен. Атаандаштары аны Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет уюштурган коогалаңдын жактоочусу деп эсептешкен.

Сегиз күндөн кийин ал Тажикстан Компартиясынын биринчи катчысы кызматынан бошотулган.

Борбор Азияда Каххор Махкамов парламенттин кысымы менен отставкага кеткен алгачкы президент болду. Ал биринчи катчылыктан кеткенден эки күн өткөндөн кийин, 1991-жылдын 9-сентябрында Тажикстан өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган.

Махкамов бийликтен кеткенден кийин Кадриддин Аслонов президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Аслонов кол койгон Көз карандысыздык декларациясы жарыяланды. Эки айдан кийин ал каршылаштарынын колунан каза тапты.

Ноябрда өткөн шайлоодо Рахмон Набиев эгемен Тажикстандын президенти болуп шайланган. Ал 1982–1985-жылдары Тажик ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп да иштеген. Бирок бийликке кайтып келгенден кийин анын президенттик мөөнөтү узакка созулган жок. Бир жылдан кийин жарандык согуш башталып, оппозициянын кысымы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Тажикстандын азыркы президенти Эмомали Рахмондун бийликке келгенине 30 жылдан ашык убакыт өттү. Ал 1992-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп бийликке келген. Бүгүнкү Рахмон президенттик шайлоого өмүр бою катышууга укуктуу. Президенттин 35 жаштагы уулу Рустам Эмомали – Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы.

Тажикстанда учурдагы президент Рахмон өлкөнү жарандык согуштан сактап калган лидер катары даңкталат. Анын расмий наамы – "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – улут лидери". Мурдагы жетекчилер тууралуу эч нерсе айтылбайт десек болот.

"Түркмөнбашыны" алмаштырган "аркадаг"

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов 1985-жылы жергиликтүү коммунисттик партиянын биринчи катчысы болуп турганда бийликке келген. Ал Борбор Азия өлкөлөрү лидерлеринин ичинен биринчи болуп парламент эмес, жалпы элдик шайлоо аркылуу президент болуп шайланган.

1990-жылдагы бул шайлоо атаандашсыз өтүп, Ниязов 98,3 пайыз добуш алган. Эгемен Түркмөнстандын Конституциясы кабыл алынгандан кийин 1992-жылы өткөн атаандашсыз шайлоодо да ага шайлоочулардын 99,5 пайызы добуш берген.

Андан кийин эч кандай шайлоого катышкан эмес. 1994-жылкы референдумда анын мандаты 2002-жылга чейин узартылган. Ал эми 1999-жылы Халк маслахаты аны өмүр бою президент кылып дайындаган.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов (оңдо) эгемендиктин 15 жылдыгына арналган аскер парадына катышууда. Анын жанында турган коргоо министри Агагелди Маметгелдиев. 2006-жыл, 29-октябрь.
Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов (оңдо) эгемендиктин 15 жылдыгына арналган аскер парадына катышууда. Анын жанында турган коргоо министри Агагелди Маметгелдиев. 2006-жыл, 29-октябрь.

Борбор Азияда биринчилерден болуп жеке адамга сыйынууга жол ачкан Сапармурат Ниязов 2006-жылы каза болгон. Мурда ага алтын жалатылган эстелик тургузулган болучу. Анын “Рухнаама” чыгармасы ыйык китеп деп жарыяланган.

Ал өзүнүн репрессиялык саясатынан тышкары, кийин Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка авторитардык лидерлерге үлгү болгон "Түркмөнбашы" наамы менен да эсте калды. Кийинчерээк бул адат Казакстанда Нурсултан Назарбаев үчүн "элбасы", Тажикстанда Эмомали Рахмон үчүн "пешвои миллат" (улут лидери) аталышында уланган.

Ниязов каза болгондон кийин экинчи президенттин керт башына сыйынуу адатка айланды. Конституциянын жоболоруна ылайык эмес, Түркмөнстандын "ички эрежелери боюнча" бийликке келген Гурбангулы Бердымухамедов "аркадаг" (колдоочу) наамын алып, көзү тирүүсүндө эле жалгыз башкарып, өзүнө эстелик тургуза баштады. Анын тушунда өлкөдө иш жүзүндө бийликтин династиялык алмашуусу ишке ашырылды. Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында өткөн президенттик шайлоодо анын уулу, 41 жаштагы Сердар Бердымухамедов 73 пайыз добуш менен президент болуп шайланды.

16 жылдан кийин кайтып келген Акаев

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Борбор Азияда президент катары бийликке келген, партиянын номенклатурасына кирбеген саясатчы болгон. Ал 1989–1990-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти болгон. 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн Президенттик кызматка шайланган.

Акаевдин тушунда Кыргызстан "Борбор Азиядагы демократия аралчасы" деп аталган. Алгачкы жылдары өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөргө көп үмүт артылган, бирок кийин ал дагы референдум аркылуу ыйгарым укуктарын узарткан жана кайра шайланган. Ал үч шайлоо жана эки референдумдун жыйынтыгы боюнча президенттик тактыда кала берген.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаева Бишкектеги шайлоодо добуш берүүгө даярданып жатышат. 2005-жыл, 27-февраль.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаева Бишкектеги шайлоодо добуш берүүгө даярданып жатышат. 2005-жыл, 27-февраль.

2005-жылдагы парламенттик шайлоодо кызы Бермет менен уулу Айдар Акаев депутат болууну чечишкен. Бирок шайлоо жаңжал менен аяктап, өлкөдө жапырт нааразылык акциялары башталат. Бийлик алмашып, тарыхта "Жоогазын ыңкылабы" деген ат менен калат. Көп адамдар Акаевди үй-бүлөлүк кландык бийлик орнотту деп сындашат. Оппозиция Акаевди бийликти узурпациялап алган деп айыптаган.

Акаевдердин үй-бүлөсү "Жоогазын ыңкылабындагы" митингчилердин талабына ылайык өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошентип, Аскар Акаев Борбор Азиядагы биринчи ыңкылаптан кийин өлкөдөн куулган алгачкы президент болуп калды. Ал Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кеткенден соң мекенинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Орусияда баш калкалап, Москвадагы университетте окутуучулук менен алектенген.

Акаевди да, төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кеткен Курманбек Бакиевди да өлкөдө жактырышпайт. Көптөр Кыргызстандын азыркы социалдык-экономикалык кейиштүү абалына ошолор жооптуу деп эсептешет. Кошумчалай кетсек, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттерге көптөгөн жеңилдиктерди жана кылмыш жоопкерчилигине тартуудан кол тийбестикти камсыз кылган "экс-президент" макамынан ажыратылган.

Аскар Акаев Кыргызстанга 16 жылдан кийин, 2021-жылы гана келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал Кумтөр алтын кенине байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу иш боюнча көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстандын борборуна эки жолу учуп келди.

"Азаттыктын" казак кызматына жарыяланган Куанышбек Каринин макаласы . Түп нускасын төмөнкү шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG