Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан грант сурады


Бишкекти каптаган түтүн. 12-декабрь, 2022-жыл.
Бишкекти каптаган түтүн. 12-декабрь, 2022-жыл.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда ыш көйгөйүн чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) 6 млрд. 700 млн. доллар грант сурады.

Бул тууралуу 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

“Бизге энергиянын альтернативдүү булактарын жайылтуу керек. Бул багыттар боюнча долбоорлор иштелип чыккан. Биз 6 миллиард 700 миллион доллар гранттык жардам сурап кайрылдык. Бирок Жашыл климат фондуна мындай өтүнмөлөр берилгенден кийин адатта үч жылда каралат”.

“Азаттык” гранттын суммасы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Динара Кутмановага чалып байланыша алган жок.

Бишкек абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

12-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Бишкектеги жана аймактардагы ыш маселесин талкуулады.

World Air Quality уюмунун 12-декабрга карата маалыматында, Бишкек абанын кирдиги боюнча дүйнөдөгү эң булганыч делген үч шаардын катарына кирди. Уюмдун тиркемесинде Кыргызстандагы жана Бишкектеги абанын сапаты боюнча маалыматтар Кыргызгидромет борборунун жабдууларынан алынганы көрсөтүлүп турат.

Акыркы жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганганы боюнча маселе күн тартибинен түшпөй келатканы менен кара түтүндү азайтуу боюнча бийлик чукул чара көрө элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG