Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:21

Эл каймактары эмнеге унчукпайт?


Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиа каражаттары менен кызматташып келет.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган калктын катмары мекендин бүтүндүгүнө, мамлекеттин чек араларынын кол тийгистигине кооптонуп, түйшөлүү менен жашап жатат. Ачык айталы, айрымдар "мени да кармап кетиши мүмкүн" деген ички сарсанаа менен күн кечирүүдө.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитет түзүп, жыйынга катышкан жана бийликке кайыр айткан социалдык позициясы активдүү ондогон жарандын эки айлык камоого алынганы да бир топторду сестентип койду. Мындан тышкары “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүп, эсеби жабылганы, социалдык тармактарда бийликке сын-пикир айткан журналисттердин, блогерлердин ар кандай шылтоо менен камалышы да журналист журтчулугунун маанайын чөгөрүп турат.

Булар боюнча эл аралык уюмдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана жергиликтүү журналисттик уюмдар бийликке кайрылуу, билдирүүлөрдү жасап жатышат. Тилекке каршы, экинчи тараптан реакция жок.

“Алы жетпеген акыретчил” дегендей, ушулардын пикирине бийлик кулак салса керек деген ой менен Кыргызстанга белгилүү, кайсы бир тармакта кадыр-барктуу адамдардын ой-пикирлерин билүүгө муктаждык да пайда болот экен. Интеллигенция аталган илим-билим тармагынын, адабият менен маданияттын атактуу адамдарынын Кемпир-Абад боюнча, Конституцияда так көрсөтүлгөн кыргызстандыктардын жалпы эркиндиги менен укуктары сакталбай жаткан улуттун уңгусуна тиешелүү олуттуу маселелер боюнча ойлорун уккубуз келет. Бирок күткөнүбүз актала элек, эч кандай пикир билдирүү жок. Анын ордуна күн сайын кечинде той-аштардан, кесиптик майрамдарда шаңдануудан кол бошобой жатканын көрүп келебиз.

Эмне үчүн Кыргыз Эл Баатыры болгон кадырлуу адамдар, Кыргыз Эл акыны, жазуучусу, артисти, сүрөтчүсү, дүйнөгө аты чыгып жаткан спорт жылдыздары ж.б атактуу адамдар ушундай мамлекеттик маселелерде калыс пикирин билдиришпейт? Эгерде алар мекен тагдырына кайдыгер болушпаса, эч бир тарапты жактабай эле калыс пикир билдирүүсү керек го. Же алар өлкөдөгү азыркы абалды көрбөй, билбей турушабы?

Бир окуя эсимде, 1999-2000-жылдарда “Асаба” гезитин Акаевдин бийлиги көп жылдан бери турган имаратынан айдап чыгып, редакция көчөдө калган. Анан белгилүү адамдар ушул боюнча бийликке кайрылуу жасап, аны гезитке чыгарганбыз. Кайрылуунун алдында кол койгон адамдардын аты-жөнү да бар эле. Эртеси редакцияга кайрылууга кол коюшкан Кыргыз Эл акыны, СССРдин Эл артиси менен КР Эл артиси келишкен. “Биз кол койгон эмеспиз, окуган эмеспиз, көргөн эмеспиз, эмнеге чыгарасыңар?” деп нааразы болушкан. Бирок телефон чалып, кайрылуу боюнча пикирин сураганда макул болушкан экен. Көрсө, эмнеге кол коесуңар деп бийликтеги билермандар аларды зекигенде редакцияга келишиптир. Дагы бир Эл акынынан кайрылууга кол коюу жөнүндө суранышканда “Ала-Арчага көмбөй коюшат, кол кое албайм” дегенин угуп, эсибиз оогон.

Биз качан жетилген улут болобуз? Спортчу, ырчы, композитор, жазуучу, акын, сүрөтчү, дарыгер, мугалим жана башка кесиптеги бардык кадыр-барктуу, атактуу адамдар мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабай, өз көз караштарын активдүү билдирип, жалпы эл менен бирге түйшөлүп турганда биримдиктүү жана жетилген улут болобуз. Украинадан бул жагынан үлгү алсак болот. Албетте, спортто, маданиятта башка тармактарда Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуу боюнча мыктылардын ат көтөргүс эмгеги ар дайым эсте. Ушундай эмгекке атуулдук жигердүү позиция кошулса, андай адамдар коомчулук үчүн, келечек муун үчүн чыныгы маяк болуп калышмак.

Мисалы, айтылуу спортчуларыбыз Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Кемпир-Абад жана сөз эркиндиги жөнүндө пикирин билдирип коюшса, эл арасында кадыр-баркы дагы бир кыйла жогорулайт эле. Тилекке каршы, андайды уга албай келебиз.

Себеби деле түшүнүктүү болуп турат. Бийлик өзү тараптан милдеттүү түрдө жасала турган бардык иштерди керектүү учурда атактуу адамдарга таасир эте турган курал катары уялбай-этпей эле колдонот, муну көрүп да келе жатабыз. Бийликке каршы пикир айткан адамдарга наам, сыйлык же кезектеги кызмат жана башка материалдык нерселерди бербей өксүтөт, тизмеден чийилет. Мындай жагдайлар совет доорунда да болгон, азыр деле ийгиликтүү уланып келе жатат.

Бирок “наам, сыйлыгына кайылмын, мен Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карай албайм!” деп башын байлап чыккан азаматтар да болушу керек го! Же Түгөлбай Сыдыкбековдой мыкты адамдар эми чыкпай калабы? Дегеле чыгармачылык менен өмүр өткөргөн улуу муундагы адамдар азыркы активдүү жаштарга мекенге байланыштуу жекече эмне өрнөк калтыра алышат?

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG