Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Окуучулардын 20% сабакка барбаган мектеп карантинге жабылат


Бишкектеги мектептирдин бири. Архив сүрөт.
Бишкектеги мектептирдин бири. Архив сүрөт.

Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса каралат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг кылууда. Эгер мониторингдин жыйынтыгы мектепте окуучулардын жалпы санынан 20% сасык тумоого байланыштуу сабакка барбай жатканы аныкталса, саламаттык сактоо жана билим берүү башкармалыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карантин тууралуу сунуш киргизе алат.

Министрлик азыр сасык тумоо көп катталып жатканына байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбай кое туруу керектигин эскертти.

13-декабрга карата Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, алты мектеп карантинге жабылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG