Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Бабур атындагы театрдын ремонт иштери жазында аяктары кабарланды


Бабур театры. Ош.
Бабур театры. Ош.

Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын ремонт иштерин келе жаткан 2023-жылдын март айында бүткөрүү пландалууда.

Бул тууралуу театрдын жетекчиси Азам Абдуразаков "Азаттыкка" билдирди.

Театрды реконструкциялоо иши 2021-жылы сентябрь айында башталган.

Ош шаардык мэриясы оңдоп-түзөө иштерин Өзбекстан моюнга алганын жана 5 миллион долларлык каражат сарпталарын кабарлаган.

Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун былтыр жазында Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Эки өлкө ортосундагы бул макулдашуу быйыл 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылды.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG