Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Владимир Путиндин жылдык маалымат жыйыны болбойт


Быйыл Орусиянын президенти Владимир Путиндин жылдык чоң маалымат жыйыны болбойт. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Президент журналисттер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн табат деп үмүт кылабыз", - деген Песков Путин дайыма, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында да журналисттерге убакты бөлүп келгенин белгиледи.

Орусия Украинага басып киргенден бери Путин расмий түрдө жети жолу чет өлкөгө барды - бир жолу Иранга, КМШнын алты өлкөсүнө, анын ичинде Кыргызстан да бар.

Ноябрда РБК басылмасы Кремль Путиндин салттуу маалымат жыйынын өткөрүүнү чече электигин жазган, буга Украинадагы согуштун таасири башкы себеп катары айтылган.

Путиндин чоң маалымат жыйыны 2001-жылдан бери Жаңы жылдын алдында уюштурулат.

Орусиянын Конституциясына ылайык, президент Федералдык кеңешке да өлкөдөгү абал, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары тууралуу жыл сайын кайрылуу жасашы керек. Бирок быйыл андай кайрылуу болор-болбосу да белгисиз. Песков "кайрылуу жаатында аныктай турган жагдайлар" бар экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG