Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ташкент дүйнөдөгү абасы өтө кир он шаардын катарына кирди


12-декабрга карата Ташкент дүйнөдөгү абанын тазалыгына баа берген IQAir уюмунун индекси боюнча абасы эң булганган шаарлардын рейтингинде 7-орунда турат.

Ташкенттин абасындагы зыяндуу майда бөлүкчөлөрдүн деңгээли 188 көрсөткүчкө жетип, “өтө зыяндуу” категория деп бааланган.

11-декабрдан бери Кыргызстандын борбору Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкты.

Абасы кир шаарлардын ондугунда Ташкент менен Бишкектен тышкары, Ирактын Багдад, Орусиянын Красноярск, Кытайдын Бээжин, Шэнян, Чунцин, Индиянын Мумбай, Калькутта, Бангладештин Дакка калаасы бар.

Изилдөөлөргө ылайык, жер жүзүндөгү кишилердин ар бир алтынчы өлүмүнө абанын булганышы себеп болот.


XS
SM
MD
LG