Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма кызматы кабарлады.

Мындай чечим мектептерде балдардын 20% окууга барбай жаткандыктан кабыл алынган.

Карантинге жабылган алты мектеп тең Аламүдүн районунда жайгашкан.

Буга чейин Оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы башкы дарыгерлерге Кыргызстандагы жалпы бала бакча жана мектептерди кыдырып, абал менен таанышуу тапшырмасын берген.

Декабрдын алгачкы күндөрүндө балдардын вирустук жугуштуу оорулары 1,5 эсеге көбөйгөн. Ушул тапта ооруп жаткандардын 70% чукулу 14 жашка чейинки балдар. Бишкек менен Чүйдөгү балдардын ооруканаларына кошумча 200 орун ачылды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG