Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Депутат Кадырбеков Сахароводогу мигранттардын көйгөйүн дагы көтөрдү


Москвадагы миграциялык борбор.
Москвадагы миграциялык борбор.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборундагы мигранттарды күчтөп медициналык кароодон өткөрүп, көпчүлүгүнөн жыныстык жугуштуу ооруларды таап, мажбурлап дарыланууга жиберип жатышканын айтты.

12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөгөн Кадырбеков бул көрүнүштү "зомбулук" жана "мигранттарды кысымга алуу" катары баалады.

"Биз жакында пленардык жыйында бир маселени көтөрдүк эле, Москвадагы "Сахароводогу" кыргыздардын проблемасы. Аларды мажбурлап, 5700 рублдан медициналык кароодон өткөрүп жатат. Анан эмнегедир алардан венерикалык оорулар чыгып калып жатат. Байбичелерден, аксакалдардан жана жакшынакай үй-бүлөлүү жарлардан деле чыгып калууда. Аларды Ленин проспектиндеги бир гана жерге жиберип жатат. Башка жактан дарыланалы, дары жазып бергиле десе болбойт экен. Алар дагы эки дарыны жазып берет экен 18 миңден 50 миң рублга чейин. Бул биздин мигранттарга карата ачык кысым деп ойлойм", - деди Кадырбеков.

Буга чейин Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жалпы жыйынында да бул маселени көтөргөн.

9-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөгө келген кыргыз жарандарын 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык текшерүүдөн өтүп, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу керектигин эскерткен.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Расмий эсеп боюнча Орусияда 681 миңден ашык кыргызстандык иштеп жүрөт, бейрасмий эсепте бул сан бир миллиондон ашык.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, "Сахароводо" күн сайын 500гө жакын кыргыз жараны тейленет. (BCh)

XS
SM
MD
LG