Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге виза берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда 10 миллион жана 20 миллион сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин виза берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Анын авторлору өлкөдө бизнес баштайм деген башка мамлекеттин жарандарына жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып жатышат. Талдоочулар инвестиция тартуу үчүн эң биринчи салык саясатын ачык кылып, бийлик ишкерлердин мүлкүнүн корголушуна кепилдик бериши керек дешет.

Жогорку Кеңеш 11-январдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттин төрт депутаты – Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Жанарбек Акаев жана Сеидбек Атамбаев жазган мыйзам долбоору Кыргызстанда инвесторлорго шарт түзүп берүүгө багытталганы айтылды.

“Азыр 10 миллион сомдон ашык инвестициялык салым кошкон чет элдик жаран Кыргызстанда үч жылга инвестициялык виза алат. Биз бул мөөнөттү беш жылга узарттык. Андан тышкары 20 миллион сомдон ашык инвестиция салса, ал 10 жылга инвестициялык виза алса болот. Себеби, үч жыл аз. Мисалы, бирөө Кыргызстанда чоң ишкана ачам десе ага бул убакыт жетпейт. Мамлекет ага жок дегенде 10 жыл бериш керек”, - деди Дастан Бекешев.

Документти талкуулоо учурунда бул мыйзам арам акчаны адалдоого курал болуп калбайбы деген кооптонуулар көп айтылган. Авторлор Кыргызстанга инвестиция салам деген ишкерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Финансылык чалгын кызматы текшерерин билдирди.

2021-жылы инвестицияларды колдоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, инвесторлорго 10 миллион доллар каражат салып өкмөт менен инвестициялык макулдашуу түзүүгө жол ачылган. Ага чейин бул сумма 50 миллион доллар болчу. Аны менен кошо эле 10 миллион сомдон ашык инвестиция кылгандарга виза алыш үчүн Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырууга укук берилген. Дастан Бекешев Кыргызстанда 2022-жылы 27 инвестициялык виза берилгенин айтты.

Документтин авторлорунун бири депутат Элвира Сурабалдиева буларды кошумчалады:

“Мен Орусиянын Екатеринбург шаарына барганда биздин мекендештер кайрылды. Алар Орусиянын жарандыгын алышканын, Кыргызстанга инвестиция салалы десе маселелер бар экенин айтышты. Ал эми “Мекен карт” анчалык көп мүмкүнчүлүктөрдү бербейт. Кыргызстанда 30 жылдан бери саясий туруктуулук болбосо да ата мекендик ишкерлер өз аракети менен экономиканы сүйрөп келатат. Бизнесмендер өкмөттөн бизге жардам бербесеңер да жок дегенде тийишпегиле деп суранат. Бирок текшерүүнү күчөтүп, кээ бирин камап салууда. Бул инвестицияны качырат”.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө инвесторго шарт түзүп, алардын мүлкүнүн кол тийбестигине кепилдик берерин билдирип келет. Бирок бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнга алып, 2023-жылы ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген.

Пландуу жана фактылардын негизинде жазылган арыздар боюнча текшерүүлөргө тыюу салынган жок. Тиешелүү жарлыкка былтыр президент Садыр Жапаров кол коюп, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери текшерүүлөрдү негизсиз жүргүзсө жумуштан бошотууга чейинки чаралар көрүлөрү эскертилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев инвесторлорго виза берип коюу менен эле маселе чечилбесин, аларга шарт түзүү, жер бөлүп берүү, документтик иштерин бүтүрүү сыяктуу бюрократиялык маселелерди да чечүү керек дейт.

“Салык саясаты ачык-айкын болуп жеңилдиктер берилсе инвесторлор дагы көп акчасын салат. Өкмөт инвестордун башка да каражатын тартып келгенге аракет кылышы керек да. Тилекке каршы Кыргызстанда адилеттүү сот жок. Бул инвесторлорду качырат. Экинчиден, салыкты толтурабыз деп ишкерлерди 6-7 жыл мурунку иштери боюнча текшерип атышат. Бул туура эмес. Ишкерлерди бир гана Салык кызматы текшерип, салыгыңды төлө да ишиңди кыла бер деш керек”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 958 миллион доллар инвестиция келген. Ушул эле убакытта 563 миллион доллар сыртка чыгарылып кеткен. Статистика комитети азырынча өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдү жарыялай элек.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова өлкөдөгү инвестициялык абал тууралуу “Азаттыкка” мындай ою менен бөлүштү:

“Президенттин кызматка киргенден кийин үчүнчү жарлыгы инвестицияны коргоо жана ишкерлердин коопсуздугун камсыдоого байланыштуу болгон. 2026-жылга чейинки улуттук программада да инвесторлорго шарт түзүү боюнча бир топ тапшырмалар коюлган. Эң башкысы - инвесторлор өзүн коопсуз сезиши керек. Базарга киргенден кийин акчасын тоскоолдуксуз жүгүртүшү керек. Инвесторлорго шарт түзүүдө адамдык факторлорду азайтуу боюнча да иштеп атабыз”.

Кыргызстанга кирген түз инвестиция 2015, 2019, 2021-жылдары 1 миллиард доллардан ашкан. Калган жылдары тыштан келген акча бул суммага жеткен эмес. Ал эми 2020-жылы көрсөткүч 537 миллион долларга чейин түшкөн. Бийлик муну коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү кырдаал менен түшүндүргөн.

Былтыр депутаттар тобу 500 миң доллардан көп инвестиция салган чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча да мыйзам долбоорун сунушташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG