Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Депутат Акаев сотто акталгандардын укугу тууралуу маселе көтөрдү


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин 11-январдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев мыйзамсыз козголгон кылмыш иштерине байланыштуу прокуратура, сот кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.

"Кечээ эле Жогорку Соттон адвокат Камил Рузиев акталды, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди шоу кылып кармап кетишти эле, бирок ал да акталды. Мыйзамсыз иш козгогон прокурорлор жоопко тартылдыбы? Садыр Жапаров акталды да, аны камаган соттор прокурорлор жазага тартылдыбы же жокпу?", - деп сурады Акаев.

Жыйынга катышкан Жогорку соттун төрагасы Базарбеков негизсиз айыпталып, сотто кайра акталгандар моралдык чыгымды төлөтүп алуу боюнча арыз менен кайрылса болорун айтты.

"Садыр Жапаровдун иши боюнча соттор расмий түрдө жазага тартылган жок, себеби мамлекет башчынын өз укугу аларга карата арыз жазабы же жазбайбы. Эгер ал кайрылса, албетте алар жазага тартылышы керек. Бирок алар өздөрүн өздөрү жазалап кызматтан кетишти", - деди Базарбеков.

Депутат Акаев мындай кылмыш иштеринен улам ички иштер органдары, прокуратура жана соттун кызматкерлерин жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. укук коргоочу Камил Рузиевди 10-январда Жогорку соттун коллегиясы толук актады.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш иштер 2022-жылдын ноябрь айында токтогон.

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык элдик толкундоолордон кийин бийликке келгенде азыркы президент Садыр Жапаровго карата да 2013-жылы козголгон кылмыш иштери боюнча актоо өкүмү чыккан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG