Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Талас: Коррупцияга шектүү төрт кызматкердин үчөө камакта калды


Талас шаардык соту.
Талас шаардык соту.

Таласта коррупциялык схемага шектелип кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алардын бири үй камагына чыгарылды, калгандары 31-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 12-январда Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Анын айтымында, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев үй камагына чыгарылды. Ал эми вице-мэр Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев 31-январга чейин камакта калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүгө байланыштуу коррупциялык схема аныкталганын, төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирген. Ошол схеманын айынан, мекеменин маалыматына караганда, 2020-2022-жылдары бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 миллион сомдон ашкан.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары жогоруда аталган жетекчилерди кармоо мыйзамсыз болгонун, шаардын бюджетине ижара акыдан анчалык көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. Камакта калгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG