Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Отуздай уюм “Азаттыкка” коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырат


"Азаттыктын" кабарчысы Бишкектеги акцияны чагылдырып жүргөн учуру. 10-январь, 2023-жыл.
"Азаттыктын" кабарчысы Бишкектеги акцияны чагылдырып жүргөн учуру. 10-январь, 2023-жыл.

Кыргызстандагы сөз эркиндигин абалына тынчсызданган бир катар эл аралык уюмдар расмий Бишкекке кайрылуу жолдошту.

30га жакын эл аралык уюм кол койгон кайрылуу 11-январда Норвегиянын Хельсинки комитетинин сайтына жарыяланды. Анда “Азаттыкка” болгон кысым Кыргызстандын көз карандысыз, демократиялык өлкө деген репутациясына сокку экени жазылган.

“Өткөн айда 100дөн ашуун кыргызстандык искусство жана маданият ишмерлери, илимпоздор, активисттер жана журналисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, репрессияны токтотууну суранган. Биз, Жарандык тилектештик платформасынын мүчөлөрү Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкка” коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырабыз. Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын күчтүү салты аны региондогу авторитардык өлкөлөрдөн ар дайым айырмалап турат деп эсептейбиз. Кыргыз бийлиги элдин күчү менен жетишкен демократиялык өнүгүүлөрдөн баш тартпашы керек”, - деп айтылат кайрылууда.

Эл аралык уюмдардын бирикмеси "Азаттык" маалыматты калыс тараткан медиа уюм экенин, буга чейинки бийликтердин тушунда да бир нече жолу кысымга кабылганын, 2022-жылдын октябрында бир топ киши көз карандысыз медианы жабуу талабы менен митингге чыккандан кийин сайт бөгөттөлгөнүн белгилешти.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале мындай деди:

“Норвегиянын Хельсинки комитети менен Европадагы, Борбор Азиядагы, Кавказдагы жана АКШдагы ондогон уюмдардын башын бириктирген "Жарандык тилектештик платформасы" кыргыз өкмөтүн туура чечим кабыл алууга чакырат. Сталиндин өлүмүнөн эки жума өткөндөн кийин түзүлгөн “Азаттык” радиосу быйыл март айында 70 жылдык мааракесин белгилейт. Ага чейин бул маанилүү медиа каражатынын маалыматтары Кыргызстандын элине тоскоолдуксуз жетип калат деп үмүттөнөбүз”.

Кайрылууга кошулган уюмдардын арасында Норвегиянын Хельсинки комитети, SOVA борбору (Орусия), Хельсинки жарандык ассамблеясы – Ванадзор (Армения), Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (Бельгия), Адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча Казакстандын эл аралык бюросу, ZMINA укук коргоо борбору (Украина), ЕККУнун швед тармагы (Швеция), Адам укуктары борбору (Грузия), Сербиядагы Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети, Promo LEX (Молдова), Македониянын Хельсинки комитети (Түндүк Македония), Беларустун Хельсинки комитети, Austausch – Европалык жарандык коом үчүн уюму (Германия), Адам укуктары боюнча Түркмөнстан Хельсинки фонду (Болгария), Нидерланд Хельсинки комитети, Crude Accountability (АКШ), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (Польша), Швейцариялык Хельсинки комитети, "Бир дүйнө" (Кыргызстан) жана башкалар бар.

Укук коргоочу, "Бир дүйнөнүн" (Кыргызстан) жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыктын” айланасындагы окуя Кыргызстандын эл аралык беделине таасир эте турганын айтат.

"Эл аралык коомчулук "Азаттыктын" айланасындагы окуялардан, соңку камоолор боюнча кабардар. Ошон үчүн кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп атышат. Анткени аларды Кыргызстандагы демократия, сөз эркиндиги, адам укугу тынчыздандырат. Жакында эле Жапаров мырза жана өкмөт “жашыл” аймак үчүн карызды кечүү сунушун айтты. Мындай учурда биринчи кадам “Азаттыкка” боштондук берип, мыйзамсыз камалган жарандар бошотулушу керек. Анткени дүйнө көмөк көрсөтөрдө сөз эркиндигине аябай көңүл бурушат. Биз карызыбыз көп, инвестицияга муктаж өлкөбүз. Анын үстүнө эркин медиа болбосо, коомго чындыкты ким жеткизет?".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиевдин оюн угалы:

"Кыргызстанда “Азаттык” иштеши керек. “Азаттык” мыйзам бузган жок, радикалдуу оппозиция эмес. Эркин журналистиканын үлгүсү. Дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө бар. Кыргызстан эгемендүүлүктү алганга чейин иштеп, элге маалымат жеткирип турган. Дал ошол эгемендикти алышына тиешеси бар. Кандайдыр бир деңгээлде бир-эки чиновниктин түшүнбөй атканынан жарандарды “Азаттыкты” угуу укугун ажыратпаш керек”, - деди Каныбек Иманалиев.

Буга чейин Кыргызстандын коомдук ишмерлери, саясатчы жана активисттер “Азаттыктын” айланасындагы маселени чечүү суранычы менен бийликке кат жолдошкон.

Кыргыз бийлиги мындай кайрылууларга комментарий бере элек.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” - ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган.

Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG