Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

“Азаттык": тайманбаган журналист, талбаган эмгек, тоодой тоскоолдук


Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш. Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Өтүп бараткан жылы дүйнө жана Кыргызстан бир катар өзгөрүүлөрдү, оош-кыйыштарды баштан кечирди. "Азаттыктын" жамааты бул окуяларды көз жаздымда калтырган жок. Төмөндө жыл ичинде "Азаттыктын" аткарган иштери тууралуу чакан баянды сунуштайбыз.

Январь айы Казакстандагы кандуу окуя Кыргызстанга түз таасир этти. “Азаттыктын” кабарчылары бул окуя учурунда тыным алган жок. Күндөп-түндөп чагылдырып, коңшу өлкөдө интернет буулуп турганда элге ар тараптуу маалымат жеткирдик.

Ушул башаламандык күндөрү кыргыз жарандары музыкант Викрам Рузахунов менен жаран Чолпонбек Сыдыков Алматы шаарында кармалып, катуу сабалганы маалым болду.

“Азаттыктын” ошол кандуу Январь окуясында жабыркаган кыргыз жарандары тууралуу сюжеттерин бул жерден көрө аласыз:

24-февралда Орусия "аскердик операция" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Бул каргашанын кесепетинен миңдеген адам качкын болду. Бейкүнөө тургундар жараат алып, өмүр менен кош айтышты. Украинадагы согуштун кесепети бир кезде бир мамлекет болуп турган КМШга, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этти. Согуштун айынан экономика жабыркап, доллардын куну өстү, кымбатчылык күчөп, Орусия менен кошо санкцияга илинип калуу коркунучу жаралды.

Орус жарандыгын алган кыргызстандыктар, ошол эле маалда орус армиясына кошулган эки кыргыз жараны бул согушта набыт болду.

Согушта кыргыз жарандары украин тарапта да согушуп жүргөнү маалым болду. "Азаттык" алардын бири менен байланышып кепке тартты.

"Азаттык" мындан тышкары тынымсыз атылган окко, ракетага кайыл болуп, Украинанын жаркын келечегине ишенип, ошол жакта байыр алган кыргызстандыктарды да унуткан жок.

Ошол эле маалда Украинадагы согушка баруудан качып, Кыргызстанга келген орусиялык жарандардын өлкөдөн алган таасири тууралуу ой-пикирин укту.

Июль айынын башында Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы элдик толкундоодо 18 адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөнү жараат алды, жоон топ адам камалды. Каракалпакстандагы кандуу тополоңго ким жооптуу жана бул жумурияттын келечеги кандай болорун "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдап чыктык.

Быйыл улуттук экономиканын кыймылдаткычы Кумтөр алтын кенинин башкаруу Кыргызстанга өттү. Өлкө бийлиги муну ири жетишкендик катары сыпаттаганы менен чуулу иштердин да бети ачылды.

Баса, Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн кийин "Азаттык" жай айында "19 тонна алтын кайда сатылды?" деген иликтөө жарыялаган. Статистика комитетинин маалыматынын негизинде даярдалган бул иликтөө резонанс жараткан. Мындан кийин Улуттук банк 2021-жылы Кыргызстан "белгисиз өлкөлөргө" 19 тоннадан ашык алтын экспорттолгону тууралуу тастыктады. Буга чейин "Азаттык" Кыргызстан былтыр чет өлкөгө рекорддук көлөмдө 1,1 миллиард долларлык алтын сатканы тууралуу жазган.

Улуттук банк өзүнүн расмий сайтында муну акча-кредит саясатынын алкагында чет элдик валютадагы ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу операциясы катары түшүндүргөн.

Сентябрь айында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. 14-17-сентябрда болгон бул кандуу окуяда эки тараптан жүздөн ашуун киши каза таап, 200дөн ашуун адам жарадар болду. Маркумдардын арасында балдар да бар.

"Азаттыктын" кабарчылары бул кандуу окуя чыккан күндөн тартып Баткенде жүрдү. Жанын тобокелге салып байланыш үзүлгөн жерлерге биринчилерден болуп барып үй-жайынан качкандардын үнүн укту. Жакындарын жоготкон адамдардын муң-зарына ортоктош болду. "Азаттыктын" кабарчылары ушул күнгө чейин Баткенде жүрүп жаткан курулуш иштерин, үй-жайсыз калгандардын абалын чагылдырып келет.

Дүйнөдө барган сайын таза абага, таза сууга муктаждык күчөп баратат. "Азаттыктын" беш жыл мурда ачылган "Жашыл планета" рубрикасы быйыл дагы Кыргызстандын аймактарындагы экологиялык курч проблемаларды чагылдырды. Алардын бири "Соң-Көл 50 жылда эмне болот?" деген видео Египетте өткөн глобалдык лидерлер катышкан СОР 27 саммиттинде көрсөтүлдү.

Экология маселеси акыркы жылдары Бишкектин жашоочуларын кыйнап келет. Борбор калаанын сыртындагы таштанды талаасынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн баш калаанын абасын ыштап жатат. Бир канча жыл мурда кыргыз өкмөтү Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп донорлордон 22 млн. евро алынган. Учурда анын 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке ашпаганы тууралуу “Азаттыктын" иликтөөсү.

Окумуштуулар жан-жаныбарлар аба-суусу аймакты байырлашарын белгилешет. Акыркы жылдары Кыргызстандын айрым аймактарында жоголуу коркунучуна кабылган жапайы жаныбарлар кайра пайда болгон. Мисалы, Баткендин айылдарын байырлаган ак илегилектердин саны өсүүдө. Ак-Турпак айыл аймагына “Азаттыктын” кабарчылары барып, бул сейрек кушту тасмага түшүрүп келген.

"Азаттык" 70 жылга чукул тарыхында карапайым элдин үнүн кулак сыртында калтырган эмес. Ар кандай маселе менен журналисттерге кайрылган адамдардын көйгөйү чечилген учурлар радионун тарыхында көп.

Алсак, быйыл март айында “Азаттык” радиосу Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарованын үйдөгү түйшүгү тууралуу материал чыгарган. Ал видеодон кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев демөөрчүлөр менен үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, үй салып бермей болушкан.

Бирок кийин “Азаттык” кабарлашканда Асел Сатарова эки кызы окуп жатканын, бирок үй салына электигин айтты.

Март айында "Азаттык" Жумгал районунун Байзак айылдык кеңешинин төрайымы Мээрим Молдалиева тууралуу сюжет тарткан. 28 жаштагы кыз 2015-жылы автокырсыкка кабылып, бутунан майып болуп калган.

Бирок бул нерсе ага тоскоолдук кылган эмес. Мээрим айылды мал-жандыктын өлүгүнөн тазалоо максатында тарпты өрттөй турган атайын крематорий алдырган. Мээрим "Азаттыктын" сюжетинен кийин айылына инклюзивдүү борбор ачканын сүйүнчүлөдү.

“Азаттык” октябрь айында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медицина факультетинин 1-курсунун студенти 85 жаштагы Мамат Кулматов тууралуу сюжет тарткан. Анда аксакал жаш кезинде жетим өсүп, жогорку билим албай калгандыктан кеч болсо да м аксатына жетем деп жүргөнүн баяндап берген. Бул сюжет чыккандан кийин Мамат Кулматов окуу үчүн жана жатакана үчүн акы төлөөдөн бошотулган.

Жер бетинин ар кыл тарабында илим-билимге жана жаңы технологиянын тилин чагууга умтулган улан-кыздардын ийгилигине "Азаттык+" ортоктош болду. Калифорниянын Кремний өрөөнүндөгү дүйнөлүк АйТи борборлорунда эмгектенген кыргызстандыктар өз тажрыйбасы менне бөлүштү.

"Азаттыктын" кабарчысы март айында Талас районунун Талды-Булак айылына барып спорт менен машыккан аялдар тууралуу сюжет тарткан. Анда айыл тургундары каралбай калган имаратты өздөрү оңдоп, спорт залга айлантып алышканы кеп болгон. Сюжет социалдык медиада кеңири тарап, демөөрчүлөр залга материалдык жардам бергени белгилүү болду.

Спорт жаатына учкай токтоло кетсек, Белграддагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар эки алтын, үч коло байге алышты. Грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону аталды. "Азаттыктын" Кыргызстанга сыймык алып келген балбандар менен маегин бул жерден көрүңүз.

Спортто эркектер эле эмес кыргыз кыздары да ийгилик жаратып келет. "Азаттык" үч жыл мурда "эркектер спорту" деп таанылган хоккей ойногон элеттик кыздар тууралуу тасма тарткан. Анда Ысык-Көлдүн Отрадное айылында хоккей спорту боюнча кыздардын жалгыз командасы формасы, шарты жок болгондуктан, көп мелдештерге катышпай калары кеп болгон. Бул тасмадан кийин Швейцариядагы мекендештер кыздарга атайын форма алып беришкен. Быйыл тажик тектүү орусиялык белгилүү ырчы Манижа кыргызстандык спортчу кыздар тууралуу клип тартты.

Мигранттар хоккейчи кыздарга эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн чоң жардам көрсөтүп келет. "Азаттыктын" атайын кабарчылар тобу быйылтан тарта дүйнөнүн чар тарабындагы мигранттардын жашоо-турмушун кеңири чагылдыра баштады. Ага чейин "Азаттыктын" кабарчысы атайын Түркияга жана Түштүк Кореяга барып, ал жакта иштеп, жашап жүргөн мекендештердин жашоосу тууралуу тарткан видеосу социалдык медиада өтө көп көрүлдү.

"Азаттык" ошол эле маалда Кыргызстанда жашаган башка улуттардын жашоосун унутта калтырган жок. "Азаттыктын" "Данисте" берүүсү бул жолу таластык немис үй-бүлөлөрүнүн турмушу тууралуу баяндап берген. Учурда Таласта 400 миңден ашуун немис улутундагылар жашайт. Алар жергиликтүү тургундар менен жуурулушуп, арасында кыргыздар менен куда сөөк болуп, очор-бачар турмуш кечирип жаткандары да бар.

Кыргызстанда октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунда нааразылык акциялары башталган. Бул стратегиялык объектке байланыштуу эл арасында ар кандай талаш-тартыш күчөп, түшүнбөстүктөр жаралган. "Азаттык" ошол кезде Өзгөнгө барып, Кемпир-Абад суу сактагычтын таржымалы жана эл арасындагы суроолорго жооп алуу максатында иликтөө тарткан.

Кемпир-Абад иши кыргыз тарыхында адам укугуна байланыштуу бийликке эң көп сын айтылган окуя бойдон калары шексиз. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыгып, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөн отуздай жаранды 23-28-октябрь аралыгында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жапырт кармап, эки айга тергөө абагына камакка алган. Ички иштер министрлиги алар "төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин" айтууда. Бир катар эл аралык уюмдар митингге чыгуу демократиялык өлкөдө саясий эркиндик экенин эске салып, расмий Бишкекти камактагыларды бошотууга чакырып келет.

"Азаттыктын" кабарчылары Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын ар биринин сотуна үзбөй катышып, отурумда болгон ар бир көрүнүштү ачык чагылдырып келет.

Сөз эркиндиги демекчи, январь айында Кыргызстанда журналист иликтөөчү Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров "Темиров лайв" каналынын УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындарына байланыштуу иликтөөсүнөн кийин камалып, жарандык коомдун күчү менен эркиндикке чыгышты. Тилекке каршы, Бишкек шаардык соту Болот Темировду ноябрда Орусияга депортациялады. Болот Назаров "жылкы уурдады" деген шек менен камакта отурат. "Азаттык" январь айынан бери Болот Темировдун ар бир сотуна катышып келди жана депортациядан кийин аны менен биринчи болуп кабарлашты.

Сөз эркиндигине болуп жаткан кысымга "Азаттык" өзү да кабылды. Сайтыбыз 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат. 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсеби да эч бир түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес.

26-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды.

"Азаттык" ушул кыйын учурда окурмандары менен социалдык тармактар аркылуу байланышууда жана сайтты VPN аркылуу ачууга же "Азаттыктын" тиркемесин жүктөп алууга чакырат.

Ошондой эле угармандар үчүн жаңы подкасттар түркүмүн сунуштайбыз. Аларды биз бул шилтемелер аркылуу таба аласыз. Подкастты Apple, Google, Spotify аянтчаларынан жана azattyk.org сайтынан уксаңар болот. Андан тышкары "Азаттыктын" аудиолорун https://t.me/azattykaudio Телеграм-каналын уга аласыз. Уoutube каналынан да уксаңар болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG