Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Талаштуу мыйзам: Бийлик бейөкмөт уюмдардын сынын укту


Бирикмелердин жана ассоциациялардын эркиндикке укугу” деп аталган Улуттук диалог. Бишкек
Бирикмелердин жана ассоциациялардын эркиндикке укугу” деп аталган Улуттук диалог. Бишкек

Президенттик администрация сунуштаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору боюнча талкуу 19-декабрда өттү. Ага ылайык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду.

Октябрь айында укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорлору демократиянын принциптерине, адам укугуна каршы келерин айтып, тынчсыздануусун билдиришкен.

"Мыйзам эл аралык нормаларга каршы"

19-декабрда Бишкекте ”Бирикмелердин жана ассоциациялардын эркиндикке укугу” деп аталган Улуттук диалог өтүп, ага эл аралык уюмдардын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, кыргызстандык укук коргоочулар жана активисттер катышты.

Президенттик администрация сунуштаган “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев аталган мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга, керек болсо жумушчу топ түзүүгө даяр экенин билдирди.

"Биринчи варианты келип түшкөн бардык сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайра иштелип чыгат. 20-декабрда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоор боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өтөт. Ага медиа каражаттарынан 15, мамлекеттик кызматкерлерден алты киши кирет. Эгер бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү каршы болбосо биз "Бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү үчүн да жумушчу топ түзүүгө даярбыз", - деди Укушев.


Жумушчу топко кирем деген каалоочулардын арызы 15-январга чейин кабыл алынат. Укушев ага жарандык активисттер, көз карандысыз юристтер кирсе болорун кошумчалады.

"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылы жумушчу топко кирүүгө даярдыгын билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттарын да мыйзам долбоорун толук кандуу иштеп чыгууга катышууга чакырды.

"Жарандык катыш" коомдук фондунун өкүлү Аида Курбанова президенттин аппараты сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл эместигин, азыркы тапта иштеп турган мыйзам толук кандуу талаптарга жооп берерин айтты.

Аида Курбанова
Аида Курбанова

"Чынында бул мыйзам долбоору уюмдардын ишмердүүлүгүн бир топ чектеп, көзөмөлдү өтө күчөтүп койгону жатат. Андан сырткары уюм жана ассоциациялардын фундаменталдык укуктары бузулганы турат. Мисалы, "бейөкмөт уюмдар өлкөнүн саясий иштерине кийлигише албайт" деп жазылган. Мында бийлик үчүн күрөш жөнүндө сөз болуп жаткан жери жок, бул жерде бейөкмөт уюмдардын адам укуктарына байланышкан иштерине чектөө киргизүү тууралуу сөз болууда. Долбоордун 65-70% жакшыртуу керек. Демократиялык укуктар боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун бюросу чыгарган жыйынтыгын алдык. Анда да мыйзам долбоору жарандык уюмдардын ишин кыйла татаалдаштыра турганы айтылган".

Курбанова бийлик өкүлдөрү алгачкы кадамдарын жасап, жумушчу топ түзүүгө макул болгонуна токтолуп, демек, өзгөрүүлөр болуп калышына бейөкмөт уюмдар ишенип турганын кошумчалады.

"Буга чейин биз бир нече бийлик бутактарына кат жазып, чоң макалаларды да жибергенбиз. Анда мыйзам долбоору эл аралык нормаларга шайкеш келбей турганын да айткан элек. Бирок, мындай чоң Улуттук диалог болгон эмес. Ошондуктан азыр жумушчу топ түзүлөт деп айтылганы биз үчүн чоң жеңиш. Демек, бийлик жарандык коомдун үнүн угууга даяр, алар жарандык коомдун пикирин, сунушун кулак сыртында калтыргысы келбейт деп билебиз. Эгер жумушчу топ түзүлүп кала турган болсо бейөкмөт уюмдардан аз дегенде 15 киши кириши керек. Талкуу менен чектелбейбиз, жыйынтык чыгарабыз деген оюбуз бар".

"Мыйзамдар кабыл алынса, эркиндик чектелет"

Жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча жумушчу топ түзүү демилгесин кубаттап жатат.

Эске сала кетсек, сентябрь айында сунушталган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору боюнча да жумушчу топ түзүлгөн. 20-декабрда анын алгачкы отуруму өтөт.

“Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова сунушталган мыйзам долбоорун өзгөртпөсө, сөз эркиндиги чектелерин айтууда.

“Бул мыйзам долбоорун “ажыдаардын тандаган жолу” деп атаса болот. Себеби долбоор сөз эркиндигин чектеп, эркин медиаларды катуу көзөмөлгө алууну көздөйт. Мыйзам кабыл алынып калса, өлкөдө сөз эркиндиги тыйылып, элдин үнү угулбай калат. Мындай мыйзамды кабыл алуу менен мамлекет туура эмес иштерин жашырып, аны коомдун талкуусуна алып чыккысы келбейт деп түшүнсө болот. Жумушчу топтун түзүлгөнү биз үчүн жетишкендик. Бул сөзсүз талкууланып, өзгөртүүлөр киргизилип анан гана каралууга тийин долбоор”.


Ушул айдын башында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылган. Анда алар Кыргызстанда коомдук талкууга чыгарылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлору сөз эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кедергисин тийгирин эскертишкен. Кайрылууга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 26 журналист, уюмдар кол койгон.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту эки мыйзам долбоору боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча атайын өкүлдөрүнө кайрылган. Анын жыйынтыгында уюм демилгелер адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун милдеттенмелерине туура келбейт деп билдирген.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган президенттик администрация өз негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганын белгилөөдө.

Нарматованын "Чет элдик тыңчы" мыйзамы

Коомчулукта талаш жараткан дагы бир мыйзам долбоору бар. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова иштеп чыгып, 22-ноябрда коомдук талкууга чыгарган "чет элдик тыңчы" мыйзамы.

Депутат жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү чогулган 19-декабрдагы жыйынга катышкан жок.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы анализ жүргүзүп, Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоору 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Юрист Ноокат Идрисов депутат Нарматова бул мыйзамды 2013-жылы да сунуштаганын, андан бери өзгөртүү киргизбегенин айтты.

Ноокат Идирисов.
Ноокат Идирисов.

“Надира Нарматова 2013-жылы парламент депутаты болуп отурган кезде кесиптештери Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев менен биргеликте ушул эле мыйзам долбоорун сунуштаган. Быйыл эми депутаттыкка келгени кайра эле ошол долбоорду алып чыкты. Ошол кезде биз жүргүзгөн анализдердин жыйынтыгында бул мыйзамдын долбоору плагиат экенин аныкталган. Бул жолку өзгөчөлүгү “чет элдик агент” дегенди “чет элдик өкүл” деп бир сөзүн алмаштырып койгондо болууда. Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда ал өкмөттүк эмес секторду жок кылышы толук ыктымал. Мындай мыйзамдар дүйнөнүн беш-алты гана өлкөсүндө иштейт жана дүйнөлүк демократиялык коомчулуктун сынына кабылган. Азыркы долбоордо уюмдар мамлекеттик органдарга дагы кошумча эки отчет тапшырат. Мамлекеттик органдар устав менен ишмердүүлүгүңөр бири-бирине дал келбейт деп жаап салууга да укуктуу. Бирок дүйнөлүк стандарттарга ылайык бейөкмөт уюмдар автономдуу негизде иштөөгө укуктуу. Ошондой эле бул мыйзамда эл аралык уюмдардын укуктары чектелген. Тактап айтканда, Юстиция министрлиги эл аралык донорлорду тигил же бул жергиликтүү уюмдарды каржылоого чектөө коюп, тыюу салышы мүмкүн”.


Улуттук диалогдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бейөкмөт уюмдар жөнүндө Нарматованын мыйзам долбоорун парламентте кароо алты айга жылдырыларын билдирди.

“2008-жылы ушул сыяктуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыккам. Мен коммунисттик көз карашты карманган, тоталитардык режимди жактырган адаммын. Бирок, биз азыр бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн укуктары жөнүндө айтып жатабыз. Аны эске алганда, азыр маселени ачык айтканы үчүн бир канча жарандарыбыз камалып кетип атат. Мен эч убакта мындай долбоорду колдобойм, болбоду дегенде мен добуш берүү учурунда “калыс” пикирди карманам. Себеби мен үчүн бул “чийки” мыйзам. Эгер мамлекет мыйзам долбоорун кабыл алгысы келсе аны кылат, ага эч ким жолтоо боло албайт. Азыр биздин өлкөнүн адам укуктарын сактоого байланыштуу бир топ көйгөйлөр бар”.

Бирок "Азаттыкка"депутат Надира Нарматовага байланышканда, ал бул маалыматты четке кагып, өзү демилгелеген мыйзам долбоорун кароонун мөөнөтү өзгөрбөгөнүн айтты.

Мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда экенин, аны парламентте кароо процедура боюнча жүрө турганын билдирди.

“21-декабрда коомдук талкуу бүтөт, андан кийин кайра эле кадимки тартипте иш уланат”, - деди Нарматова.

Ноябрь айынан башында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы акыркы кармоолорго, маалымат каражаттарынын, журналист, блогерлердин кысымга алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Корутундуда кыргыз бийлиги укук коргоочуларды, юристтерди, саясатчыларды, журналисттерди жана башка жарандык коом өкүлдөрүн айырмаланган көз карашы куугунтуктап, кысым көрсөтүп жатканы көрсөтүлгөн. Айрыкча блогерлер, журналисттер кылмыш жообуна тартылганына бушаймандык жазылган.

Эксперттердин баамында, соңку айларда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG