Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

"Путин чет элдик агент мыйзамын Борбор Азияга да жайылтууну көздөйт"


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) баш кеңсеси. Москва
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) баш кеңсеси. Москва

26-октябрда Москвада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү. Анда орус президенти Владимир Путин катышуучуларга кайрылуу жасаганда сырткы жана ички коркунучтарга токтолду. Ал асыресе Батыш "түстүү революцияларды" ишке ашыруу аракетин токтотпогонун билдирди.

Орусиянын коопсуздук кызматынын сайтында жарык көргөн маалыматка караганда, жыйында чет элдик бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын "деструктивдүү ишмердигине" каршы туруу, маалымат коопсуздугун камсыздоо чаралары иштелип чыкты.

Белгилүү укук коргоочу, Казакстандагы Адам укуктары бюросунун жетекчиси Евгений Жовтис Путин жаңы эч нерсе деле айтпаганын, эл аралык изоляцияда калгандан кийин аймакта Батышка каршы коалиция түзүүгө далалаттанып жатканын белгиледи.

Евгений Жовтис
Евгений Жовтис

- 2005-жылдан бери эле Москва «саргылт революциялар» темасын, постсоветтик аймактагы айрым өлкөлөрдө, биринчи кезекте Грузия, Украина жана Кыргызстанда болгон өзгөрүүлөрдүн артында Батыш турат деген айыптоолорун кайталап келатат. 15 жылдан бери ошол окуяларды мындай көз караштан сүрөттөшөт. Мунун себебин чечмелесек, кеп авторитардык саясий режимдер тууралуу жүрүүдө. Элинин мүдөөлөрүн дайыма көз жаздымда калтырып келген, теңата өнөктөш катары кабыл албаган Орусия болсо тоталитардык мамлекетке айланган.

Путин авторитардык режимдерге сырттан коркунуч туулуп жатат деген шылтоо менен Батышка каршы коалиция түзүүнү көздөйт. Мындан башка аргасы жок. Эл аралык алкакта өнөктөш табуу аракетинен майнап чыкпай келет. Аны Улуттар Уюмундагы добуш берүүдө көрбөдүкпү. Украинанын бир нече аймагынын аннексиясына байланышкан документ колго салынганда прогресстин душмандары - Түндүк Корея, Сирия, Беларус гана колдоду. Эми Орусиянын эгидасы менен түптөлгөн уюмдардагы лидерликти пайдаланып, Путин өзүн Батыштын таасири менен күрөшкөн алдыңкы күч катары көргөзгүсү келет.

-Биздин өлкөлөр үчүн ошондой коалицияга кошулуу канчалык кооптуу?

-Биринчиден, тилекке каршы биздин атайын кызматтардын баары советтик КГБдан келип чыкканын моюнга алуу керек. Алар Орусиянын ФСБсы менен тыгыз байланыштарын сактап келатат. Өзгөчө улуу муун өкүлдөрү, атайын кызматтарды жетектеген, маанилүү роль ойногон генерал, полковниктер академияларда орус чекисттери менен чогу билим алган, бири-бирин жакшы тааныйт. Эң өкүнүчтүүсү, алар бир эле китептерден, инструкциялардан окугандыктан, дүйнөнү ак-кара деп эле билишет. Биздин өлкөлөр андай көз караштан бара-бара чегине баштады деңизчи. Регионубуз үчүн Украинадагы согуш ой жүгүртүүнү бир аз өзгөртүүгө түрткү берди. Өзгөчө Казакстан урушту кооптуу коңгуроо катары кабыл алууда, анткени Орусиянын бизге да аймактык дооматы бар эмеспи.

Тилекке каршы биздеги атайын кызматтарда Батышка каршы маанай өкүм сүрөт. Алар Орусияны душман деп элестете албайт, көбүрөөк андай ролдо бир нерсебизге көз арткан, бүлдүргүч деп сүрөттөлгөн Батышты көрүшөт. Азыр жагдай өзгөрүүдө. Себеби Орусиядай санкциялардын астында калган, согушта жеңилүүнүн кырында турган өлкө менен биригүүнүн арты чоң кесепеттерге алып келиши ыктымал. Коопсуздук кызматтары албетте жыйынга катышты, бирок анда айтылган сунуштар ишке ашырылабы, жарандык коомго, активдүү көз каранды эмес уюмдарга коркунуч жаратабы деген суроо ачык калууда. Анын жообу өлкөлөрдүн ички саясий жараяндарын багыңкы болмокчу.

- Жарандык коом демекчи, ФСБнын сайтындагы маалыматка караганда, жыйында чет элдик бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын "деструктивдүү ишмердигине"каршы туруу, маалымат коопсуздугун камсыздоо чаралары иштелип чыкты. Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев да Бул жыйынга катышты. Жыйын мисалы чет элдик агенттер тууралуу мыйзам кабыл алуу демилгеси көтөрүлүүдө, “Азаттыктын” сайты эки айга бөгөттөлдү. Ушул контексттен алганда жогоруда айтылган “жумшак күч” менен күрөш тууралуу сөздөр сизди канчалык чочулатат?

- Коркунуч дайыма бар. Себеби кеп авторитардык саясий режимдер тууралуу жүргөнүн кайталай кетейин. Алар өздөрүн, бийлигин сактап калууга далалаттанышат. Ошол максатта кайдан жаралбасын, коркунучтарга байкоо салып турушат. Андан ары татаал геосаясий оюндар башталат. Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алып, улам-улам толуктап келаткан, жарандык коомго чет жактардан жардам берген, демократияны, адам укуктарын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн бардык уюмдарды жаап салган, душман деп жарыялаган Орусиядан башка эмне күтсө болот? Албетте постсоветтик мейкиндикте ошондой көрүнүштү жайылтууга аракеттенет.

Бирок эң негизиси көп нерсе тигил же бул өлкөнүн ички саясий күн тартибине көз каранды болмокчу. Башкача айтканда конкреттүү режим эмнени көздөйт? Геосаясий контекст кандай? Эл аралык контекст ага жол берсе, экинчи жагынан Кыргызстан же Казакстандагы бийлик кимдир бирөөнү, айталы, эл аралык жана алар менен кызматташкан өлкө ичиндеги уюмдарды, “Азаттык” өңдүү эл аралык медианы балекеттин очогу деп эсептесе, кайсы бир элементтер колдонулушу ыктымал. Эсиңиздерде бар болсо, 2005-жылы “түстүү ыңкылаптардан” кийин Казакстанда чет мамлекеттерден көмөк алган бейөкмөт уюмдар бутага алынган. 2016-жылы чет өлкөлүк агент тууралуу мыйзам болбосо да, экстремизмге каршы чара көрүү жобосунун алкагында бейөкмөт уюмдар толгон-токой түрдүү отчет берип турууга милдеттендирилген, алардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган. Кыскасы, сырткы күчтөр кандайдыр бир саясий өзгөртүү кылгысы келет деп кадам сайын эки жакыган карап шектенген советтик салттар уланууда. Бул авторитардык саясий режимдердин маанилүү сапаты.

Күч түзүмдөрү бизде тилекке каршы мамлекетти, мамлекеттик институттарды, ошол мамлекетти түзгөн элди эмес, көбүнчө бийликте турган элитаны коргоо менен алектенет. Элита өзүнө кандайдыр бир коркунуч туулуп жатканын көрсө, ага туруштук берүүгө аракеттенет. Путин болсо ошол коркунучту чечмелөөгө аракеттенүүдө. Менимче, биздин өлкөлөр бул багытта алыс кетпейт. ЖККУдагы демилгелердей эле болот деп ойлойм. Мүчө-мамлекеттердин бардыгы кайсы бир деңгээлде согушка тартылуудан баш тартпадыбы. Менин пикиримде, бул жолу деле айтылып калсын деген эле сөздөрдү уктук.

- Сөз айтылды, пропаганданын масштабын эске алганда, карапайым эл ишенип калышы мүмкүн да. Мына, Путин ушундай чет жактагы бузукуларды айыптап жатпайбы дегендей кептер калың элге таасир этпейби?

- Албетте, алардын колунда маалыматтык таасир этүүчү чоң инструменттер бар, троллдор фабрикалары иштеп келатат. Борбор Азияда элдин басымдуу көбү орусча жакшы сүйлөп, жакшы түшүнөрүн, жумасына жети күн 24 саат бою Орусиянын ачыктан-ачык жалган, конспирологиялык маалымат тараткан информациялык мейкиндигинде жайгашканын эске алганда, албетте муну пайдаланышат, мунун бардыгы карапайым элди козутпай койбойт. Бирок катардагы адамдарды ичинен кимдир бирөөлөр элитанын көздөгөнүнө таянып шыкакчы болбосо, алар козголбойт. Бул эл аралык милдеттенмелер түрүндөгү чектөөлөр коштогон татаал саясий оюн. Украинадагы согуш көргөзгөндөй, алар анча иштебегени экинчи маселе. Ошентсе да Орусия белгилеген багытта жылуу кооптуу дегенди биздин өлкөлөр түшүнүшөт деп ойлойм.

Чет элдик агенттер мыйзамын киргизген Путин, досу, Беларустун жетекчисиндей эле өз өлкөсүндө тазалоолорду жүргүзүп, эми бул ыкманы Борбор Азияга, постсоветтик калган өлкөлөргө да жайылтууну каалайт. Муну менен Батышка регион биздин таасир чөйрөбүздө деп көргөзгүсү бар. Жок дегенде күмөн санатып коюуну, ал өлкөлөрдүн ичиндеги уюмдарды бутага алышсын деген аракет көрүүгө ниеттенет. Мына ушундай саясий технология.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG