Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

"Азаттыкты" колдогондор кыргыз бийлигине кайрылды


Бишкектеги“Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү. 25-ноябрь, 2022-жыл.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү.

Академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Муратбек Мукашев, Абдывахаб Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, жазуучу Кален Сыдыкова, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Гуля Кожокулова, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Жалолидин Нурбаев, Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Эмил Токтошев, Винера Раимбачаева баштаган кайрылуу кол койгон жарандар “Азаттык” радиосу 70 жылдык тарыхында Кыргызстандын эгемендикке ээ болуп, көз карандысыз мамлекет болуп калыптанышына эбегейсиз салым кошконун белгилешкен. ​

"Азаттык" радиосу советтик системанын тушунда талыкпай күрөшүп, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигине жетишине зор салым кошконун, Кыргызстан эгемен, сөз эркиндигин туу туткан мамлекет катары курулушуна, өнүгүшүнө “Азаттык” аркылуу жанын үрөп кызмат кылгандардын башында Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Мамашарип Казы, Салижан Жигитов өңдүү мекенчил инсандар турганын белгилешти.

Кол койгондор өлкө жетекчилигин “Азаттык” акыркы 31 жылда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жолунда экономика, билим берүү, коопсуздук, экология, жаштар, маданият, искусство, социалдык тармактар боюнча ары мазмундуу, ар тараптан балансталган, маалымат-аналитикалык материалдарды бардык платформаларда - радио, теле, интернет булактары аркылуу даярдап, элдин калың катарына жеткирип келгенине, IT технологиясы, ишкердик, адам укуктары, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы көйгөйлөрдү да батыл чагылдырып турганына көңүл бурууга үндөштү.

Кайрылууда ошондой эле “Азаттык” радиосу “Эл арасындагы, өлкөнүн бардык аймактарындагы өнүгүүгө жана жаратмандыкка бет алган, мамлекетти алдыга сүрөп, коомчулукту шыктандырган үлгүлүү демилгелерди жана долбоорлорду “Данисте” сыяктуу рубрика менен кенен тааныштурууну улантууда. Коомду тазалап, агарта турган, акыйкаттыкка, адилеттикке үндөгөн, маданий-рухий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүүгө багытталган материалдар көбөйдү. “Азаттык” көтөргөн талылуу маселелерди мамлекеттик органдар жетекчиликке алып, конкреттүү адамдардын тагдырын өзгөртүп, жашоосун жакшыртып жаткан ондогон мисалдар аракеттин акыбети кайтып жатканынын далили” деп жазылган.

“Азаттыкты” колдогон Кыргызстандын алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү, искусство, маданият ишмерлери, окумуштуулар, четте жашаган мекендештер жана коомдун активдүү катмарынын өкүлдөрү “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуялар тынчсыздандырып жатканын, интернет сайтынын kg доменде бөгөттөлүшү, банктык эсебинин токтотулушу Конституцияга жана мыйзамдарга туура келбеген кадамдар экенин белгилейт.

“Ошондуктан, “Азаттыктын” коомдогу жана мамлекеттеги ролун эске алып, анын ишмердигине мыйзамдуу шарттарды толук камсыздап беришиңиздерди, ишмердигинин толук кандуу калыбына келишине көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз” деп айтылат кайрылууда.

Эл аралык коомчулуктун кайрылуусу

Ушул эле күнү Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды.

Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты.

Кайрылууда сөз эркиндигин, маалыматка жетүүнү жана пикирлердин плюрализмин коргогон бир катар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылганы айтылат. Аларга кылмыш иштери козголуп, соттор камакка алууга чейинки мыйзамсыз чечимдерди чыгарганы белгиленген.

“Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык иштери боюнча бир катар чоң иликтөөлөрдү жасаган журналист Болот Темиров Кыргызстандын жараны экенине карабастан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды. Чет элдик маалымат каражатынын материалын жарыялап койгону үчүн Next TV телекомпаниясынын башкы директору Таалай Дүйшембиев беш жылга шарттуу кесилди. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” антиконституциялык мыйзам кабыл алынып, анын арты менен “Азаттыктын” жана ResPublica порталынын сайты жабылды”, - деп айтылат кайрылууда.

Журналисттер менен эл аралык уюмдар Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынып, Кыргызстанда коомдук талкууга чыгарылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлору сөз эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кедергисин тийгирин эскертти. Кайрылууга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 26 журналист, уюмдар кол койгон.

“Азаттыктын” веб-сайтынын бөгөттөлүшү

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган.

Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредитациядан өткөрүү комиссиясы “Азаттык Медиа” мекемесинин онго чукул кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирип, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдыруу үчүн журналисттер парламенттин маалымат кызматынан аккредитациялык ырастамаларды алат.

"Азаттыкка" азаттык

Иллюстрация. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы, Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
Иллюстрация. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы, Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

"Азаттыктын" сайтынын эки айга бөгөттөлгөндөн кийин Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон эле. Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.

"Журналисттер коомчулукка маалымат берип, түрдүү көз карашты чагылдырууга мүмкүндүк берет. Көз карандысыз жана түркүн маалымат каражаттары гана жарандарга бийликтерин жоопкерчиликке тартууга керектүү маалымат алууга жардам берет. Эркин ЖМК ачык-айкындуулукту жана демократиялык өнүгүүнү камсыз кылган коом үчүн маанилүү. Ошондуктан, дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр журналисттердин өз ишин аша чапкан кысымсыз өз алдынча жүргүзүүсү үчүн коопсуз, ыңгайлуу чөйрөнү өркүндөтүшү жана түзүшү керек. Көз карандысыз журналистика Кыргызстандагы демократияны жана экономиканы өнүктүрүү жана чыңдоо дымагын колдойт. ЖМКнын эркиндиги жана сөз эркиндигине болгон укук өлкөнүн Конституциясы менен корголот. Биз кыргыз өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз", -деп жазылган билдирүүдө.

Ага чейин бир катар эл аралык уюмдар Human Rights Watch, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жана америкалык сенаторлор "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө камтамалыгын билдирип, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого чакырышкан.

Редакторлордун кайрылуусу

Октябрдын соңунда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутовго кайрылуу жолдогон.

Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда, Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:

"Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат", - деп жазылган.

Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешкен.

"Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: "Республика", "24.kg" жана "Азаттык Медиа". Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg".

Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштарды берген. Анда “Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгаруу, журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу сыяктуу бир нече сунуш болгон.

Өлкө бийлиги “Азаттыктын” сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип келет. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин бир нече жолу кайталаган.

Күч чындыкта

28-октябрда Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен маалыматтык өнөктүк өткөрдү. Өлкөдөгү бир нече медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбай, кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст илишкен.

Бул өнөктүккө Кыргызстандын алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулары, коомдогу таасирдүү инсандар жана медиа уюмдары кошулган.

Ал эми 1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк өттү. Анда Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыялашты. Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү болгон.

25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өткөн. Жарандык активисттер уюштурган акцияда өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу жана камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу талаптары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG