Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Бишкекте митингдерди чектөө мөөнөтү узарды


#RЕакция акциясы.

Бишкекте бир катар көчөлөрдө нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү жаңы жылга чейин узарды. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул чечимди адам укугун чектөө, сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалап жатышат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салууну мыйзамдуу деп тапты. 31-декабрга чейин тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган жайлардын катарына "Эркиндик" бульвары да кошулду. Бул жерде акыркы убакта тынч жүрүштөр өтүп жаткан.

“Биринчи май райондук администрациясынын 1-декабрдан тарта "Ала-Тоо" аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, УКМКнын имаратынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салганы мыйзамдуу деп табылды", - деп айтылат райондук соттун билдирүүсүндө.

Ошентип быйыл митинг өткөрүүгө каршы 11-мартта киргизилген чектөөлөр жыл аягына чейин узарды. "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды гана өткөрүүгө уруксат берилген.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова шаар бийлиги менен соттун чечими Баш мыйзамга жана эл аралык нормаларга каршы келет дейт.

"Эл аралык стандарт боюнча адамдын эркиндигине эч ким чектөө сала албайт. Эркиндиктин бир нече түрү бар – кыйноолорго кабылбоо, кулчулукка сатылбоо, сөз, диний эркиндиктер жана эркин жыйындарга катышып, өз оюн билдирүү эркиндиги. Адам ушул эркиндиктери менен төрөлөт. Азыр митинг өткөрүүнү чектөөгө эч кандай негиз жок. Бүгүнкү бийликтин тушунда кимдир бирөө "кетсин" деп, бийликти алмаштырууга чакырык жасаган жок".

Жарандык активисттер көбүнчө Линейный (Түгөлбай-Ата) көчөсүндөгү Фрунзе айкелинин алдына акцияга чогулуп, кийин "Ала-Тоо" аянтына чейин жүрүш уюштуруп келишкен.

Алсак, 2021-жылдын февралында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга жана башка чечимдерге каршы болгон жарандар ар жекшемби сайын "Акыйкаттык үчүн" тынчтык маршына чыгып турушкан.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечиминен кийин, 25-ноябрдагы #REакция тынч акциясындагы жүрүш да ушул бульварда болгон. Акциянын катышуучулары бийликтен журналистти Кыргызстанга кайтарууну, сөз эркиндигин коргоону талап кылышкан.

Ошол жүрүштөргө катышып жүргөн саясат талдоочу Руслан Акматбек бул чектөөлөр жарандын эркиндигине каршы келерин, мындай тыюулар мындан ары дагы уланат деген ойдо.

"Эркиндик маршын өткөрүп туруу биздин коомдо эркиндик бар экенин, бийлик жарандык коомдун, элдин пикири менен эсептешип турарын, пикирлердин плюрализми, ар түрдүүлүк бар экенин көрсөтүп турчу. Бийликтин бул чечимдери - Кыргызстандагы жарандык коомду, сөз эркиндигин чектөө үчүн мындан ары да чечкиндүү аракет жасай турганынын көрсөткүчү", - деди Акматбек.

Акыркы учурда бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндигине камтама болуп, кыргыз бийлигин бул баалуулукту коргоого чакырууда. Мындай чакырыктар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активисттердин камалышынан кийин жаңыра баштады.

Бул окуядан көп өтпөй коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров 23-ноябрда өлкөдөн күч менен чыгарылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда "Азаттык Медианын" сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Мекеменин банктык эсеби да бөгөттөлүп турат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 30-ноябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун карап, аны канааттандыруусуз калтырды. Анда министрлик "маалыматтык мейкиндикти анализдөө жана мониторинг жүргүзүү, терс жана кооптуу делген кырдаал түзүлгөнүн көргөн болсо ошол замат административдик акт түзүү укугу бардыгын" белгилейт.

Ошону менен катар эгер "жалган" деп таанылган маалымат "Азаттыктын" сайтынан алынса же соттун тийиштүү чечими күчүнө кирсе, веб-сайттын ишине кайрадан уруксат берилиши мүмкүн экени, бирок “Азаттык Медиа” кеп болуп жаткан видеоматериалын сайтынан өчүрбөгөндүктөн административдик даттануу канааттандырылбаганы жазылган.

Бул окуяларга байланыштуу 1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк өтө баштады. Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Анда Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланып жатат.

Анткен менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бейшенбек Абдразаков өлкөдө күчтүү жарандык коом калыптанганын белгиледи. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги дайыма сакталат деген ойдо.

"Кыргызстандын жарандык коому күчтүү экени айтылып келген, мындан кийин да айтыла берет. Кээде бийлик дагы, көчөгө чыккан жарандык коомдун айрым өкүлдөрү дагы аша чаап кетип жатат. Ошого жол бербей сөз эркиндигин чеги менен колдонсок туура болот".

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 25-26-ноябрда өткөн Элдик курултайда Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандар тууралуу айтып, алардын жеке кызыкчылыгы бар деген пикирин билдирген. Андан мурда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандагы эркин медиаларга кысым жок экенин, алар эркин иштей берерин белгилеген.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун изилдөөсүндө Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында 72-сапка чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG