Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзамдын маңызы жана максаты


Парламенттин имараты. Архив сүрөт.
Парламенттин имараты. Архив сүрөт.

Президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте бейөкмөт уюмдардын тизмеси түзүлүп, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк киргизилет жана мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөөрү жазылган.

Жаңы мыйзамдын максаты

2-ноябрда Министрлер кабинетинин сайтында “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун негиздемесинде, бейөкмөт уюмдарды түзүү жана алардын ишмердүүлүгүнө саясий-укуктук талаптын зарылдыгы көрсөтүлөт. Ошондой эле акыркы жолу 1999-жылы кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынан кийин Кыргызстанда бир нече миң бейөкмөт уюмдар, ондогон чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылганы айтылат. Алардын саны тууралуу так маалымат жоктугу, азыркы мыйзамга ылайык каттоодон өтүү милдеттүү эместиги белгиленген.

Документтин негиздемесинде, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний ишенимин коргоо үчүн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам учурдун талабы экенин жазылган.

Атайын түшүнүк киргизилип, тизмеге алынат

Мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюм” деген түшүнүк киргизилет. Бул Кыргызстандагычет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө тиешелүү. Ошондой эле мындан ары бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигиндеги атайын реестрге катталгандан кийин гана ишмердүүлүк жүргүзө алат.

Башкы прокуратура көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт

Бейөкмөт уюмдарды каттоо, документтерин жана ишмердүүлүгүн негизинен Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Бул мамлекеттик органдардын укуктары так жазылган.

  • коммерциялык эмес уюмдардын тескөө документтерин сурай алат
  • статистика, салык кызматы жана тескөө-көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдардан, насыя, ар кандай каржылык ишканалардан коммерциялык эмес уюмдардын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат ала алат
  • коммерциялык эмес уюмдардын иш-чараларына өз өкүлөрүн катыштыра алат
  • атайын аныкталган ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарынын чыгымдары жана буюмдарынын колдонулушу, уюштуруу келишиминин документери сыяктуу ишмердүүлүгүн текшере алат

"Мыйзам бузулду" деп табылган учурда кат жүзүндө эскертүү жөнөтүлүп, мүчүлүштүктөрдү оңдоо үчүн бир айдан кем эмес убакыт берилет. Эскертүүдө жазылгандарга макул болбогон бейөкмөт уюм жогорку органдарга же сотко кайрылууга укукугу бар.

“Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды каржылоодогу ачыктыкты камсыз кылууга көбүрөөк маани берилген. Коммерциялык эмес уюмдардын каржы булагынын так көрсөтүлүшү, мамлекеттик органдарга жана коомчулукка бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнүн каржыланышы жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы, акча каражаттарынын максаттуу колдонулушу жана бейөкмөт уюмдардын жылдык каржылык отчет берүүсү киргизилип жатат”, - деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздеме катында.

Айрым бейөкмөт уюмдарга бийликтен колдоо көрсөтүлөт

Мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарга бийликтен экономикалык колдоо киргизилип жатканы жазылган. Маселен, кайрымдуулук, билим, маданий жана илим багытындагы бейөкмөт уюмдарга салык, бажы жана башка төлөмдөрдөн жеңилдик каралган. Мамлекеттик же муниципалдык мүлктөрдү колдонууга дагы жеңилдик берилет. Социалдык багытта иштеген бейөкмөт уюмдарга материалдык жардам көрсөткөн жарандарга же ишканаларга мыйзам чегинде салыктык жеңилдиктер бар.

Кыскасы, “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору 36 беренеден туруп, бейөкмөт уюмдардын жана аларды тескөөчү органдарды укук-милдети, жоопкерчилиги жазылган.

Укук коргоочулардын тынчсыздануусу

"Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова көп жылдан бери зомбулукка кабылган балдардын укугун коргоп, ар кандай кыйынчылыкка кабылган аялдарга жардам берүү менен алектенет. Турдубекова бийлик жарандык коом менен эриш-аркак иштеши зарыл деп эсептейт.

"Бул демилге бийлик менен жарандык коомду бирге иштешүүгө алып келбестен, карама-каршылыкты кайрадан күчөтөт. Бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө бийликке жардам берип жүрөт. Ошондуктан бийлик менен жарандык коомду бирге иштешине шарт түзгөн демилге болушу керек. Бул жакшы демилге эмес", - деди укук коргоочу.

Азырынча президенттин админстрациясы же мыйзам долбоорун жазган эксперттер укук коргоочулардын тынчсыздануусуна жооп бере элек. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул боюнча тактап берерин кабарлады. Ал эми мыйзам долбоорунун негиздемесинде жаңы мыйзам "сапаттуу жарандык коомдун өнүгүүсүнө" түрткү болоорун белгилейт.

“Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, саясий системаны тереңдетип өркүндөтүүгө, маалыматтык бекем базаны түзүп, жарандардын эркиндигин жана укугун коргоодо кепилдикти камсыз кылуу, бейөкмөт уюмдардын уставдан тыш жана мыйзамсыз аракеттеринен мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен өлкөдө сапаттуу жарандык коомдун өнүгүүсүнө дем берет”, - деп жазылган.

"Буга чейин мыйзамдар жетиштүү болчу"

Анткен менен юрист Таттыбүбү Эргешбаева Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн, каржылык отчеттун тескеген мыйзамдар жетиштүү экенин белгилейт. Адис Кыргызстандын укук коргоочу эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин эске салды.

“Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлдү күчөтүү демилгеси демократиялык принциптерге кирбеген норма болуп саналат. Демократиялык чөйрөдө жарандык коомдун катышуусун кыскартуу аракети жүрүп жатат. Президенттик аппарат тышкы саясатта көп же бир вектордуу болгону жатабы? Позициябыз өзгөрдүбү?”, - деди Эргешбаева.

Кыргызстанда "чет өлкөлүк агенттер жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу чакырыктары кайрадан көтөрүлө баштады. Маселен, парламент депутаты Надира Нарматова февралда бул талаштуу мыйзамды кабыл алуу демилгесин экинчи ирет көтөргөн. Ал 2014-жылы ошол кездеги депутататтар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев менен бирге долбоорду сунушташкан. Ага чейин Орусия ушундай мыйзамды кабыл алган болчу.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени жөнүндө расмий маалымат жок, айрым булактарда 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алып, ага кол коюлган. Бир катар эл аралык уюмдар бийликтин жарандык коомго басымы көбөйөрүн айтып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан. Буга чейин бийлик башчылары өлкөдө күчтүү жарандык коомдун пайдасын, артыкчылыктарын белгилеп келишет.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" 1999-жылы кабыл алынган мыйзамына 2014, 2016, 2021-жылы өзгөртүү киргизилген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG