Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Министрлик "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечимин узартты


"Азаттык".
"Азаттык".

Маданият министрлиги "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөө боюнча чечимин узартканы белгилүү болду. Муну министрлик "Азаттык" радиосу буга чейинки талапты аткарбай койду деп негиздеп жатат. Буга чейин 100дөн ашуун коомдук ишмерлер менен медиа уюмдар "Азаттыктын" толук кандуу ишмердигин жүргүзүшүнө шарт түзүү өтүнүчү менен президентке кайрылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөө тууралуу чечиминин мөөнөтү 26-декабрда аяктамак. Бул мөөнөттү утурлай министрлик azattyk.org жана rus.azattyk.org сайттарына коюлган бөгөттү узартканы белгилүү болду. Мекеменин кезектеги чечимине ылайык, буга чейин министрлик доомат арткан материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет.

Анткени бөгөттүн мөөнөтү министрлик таянган чуулгандуу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес.

“Биздин талаптарга ылайык “Азаттык” биздин чечимди аткарып, маалыматты жокко чыгарыш керек болчу. Бирок “Азаттык” маалыматты өз платформасынан алган жок. Демек биздин чечим күчүндө калды. Мындан тышкары биз интернет провайдерлерге да кат менен кайрылдык”, - деди министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева.

Ал бөгөт канча убакытка узартылганын тактаган жок.

"Азаттык" кыргыз жана орус тилиндеги эки сайты бөгөттөлгөн биринчи күндөн бери эле министрликтин чечими туура эмес экенин айтып, далилдөөгө аракет кылып келет. Буга чейин мекеме Маданият министрлигине кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта "мындай чечим мыйзамсыз экени, сөз эркиндигине кепилдик берген конституциялык нормалар бузулуп жатканы" белгиленген. Бирок бул өтүнүч канааттандырылган эмес.

"Азаттык Медианин" адвокаты Нурбек Сыдыков мамлекеттик мекеменин чечими мыйзам менен негизделбегенин жана сөз эркиндигине кысым экенин төмөнкүчө билдирди:

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, кайсыл бир сайтты жабыш үчүн сөзсүз түрдө арыз келип түшүш керек. Бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтар тескелет. "Азаттыкка" эч ким арызданган эмес. Маданият министрлиги азыркыга чейин кайсыл маалымат жалган экенин, кайсыл жерде кастык тили колдонулганын түшүндүрө элек. Албетте, министрликтин бул чечими мыйзамсыз жана адам укуктарын чектөө деп эсептейбиз. Анын мыйзамсыздыгын далилдөө узак убакытка созула турган иш болуп атат”.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай медиа мекеме министрликтин чечимине каршы арызданууну улантарын айтты.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосу өкмөттүн биздин кабарлоо ишмердигибизди цензуралоого багытталган коркутуусуна моюн сунбайт. Биз кыргыз элин көз карандысыз кабардан ажыраткан мыйзамсыз аракеттерге каршы арызданууну улантабыз", - деди Флай.

"Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин бул чечимине каршы сотко кайрылышты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул иш боюнча алгачкы процесс 2023-жылдын 26-январына белгиленди.

“Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүндө негиз катары көрсөтүлгөн “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам боюнча пикир беткей эмес.

Ага ылайык, бардык укуктар арызданган тарапка гана берилип калган жана мамлекеттик органдар анын арызынын негизинде эле сайтты бөгөттөп кое алышат. Мындан улам Жогорку Кеңештеги депутаттардын тобу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Анын авторлору - Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат Жанарбек Акаев мындай деди:

“Бул мыйзам кабыл алынганда эле туура эмес кабыл алынган. Ошондо 10 чакты депутат каршы чыкканбыз. Анткени кайсыл бир эркин медианы дароо жаап салганга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Болбосо азыр аябай жаман өнөктүк түзүлүп калды. Бийликке жакпаган медианы Маданият министрлиги аркылуу эле жаап коюшат. Бул чечим журналисттерди чектейт. Алар жабылып калгандан көрө тынч иштейли деп калышат. Коррупциялык иштер ачыкталбайт калат. Биз кабыл алып жаткан мыйзам боюнча, ЖМКларга өз чындыгын далилдегенге, эмне себептен кайсыл бир маалыматты жазганын түшүндүрүп бергенге шарт түзүлөт. Сайт сот аркылуу гана жабылыш керек болот. Азыр коомдук талкуу аяктады. Эми жыл жаңырары менен комитетте каралат”.

Ушундай эле пикирин мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Элмурза Сатыбалдиев да билдирип, өлкөнүн өнүгүшүнө эркин медиалар салым кошо турганын айтты.

“Эркинди ким кандай түшүнөрү башка маселе. Бирок өлкө өнүгөм десе, анда сөз эркиндиги болуш керек”, - деди Сатыбалдиев.

26-октябрдан бери “Азаттыктын” сайты бир нече интернет провайдерден ачылган жок. Окурмандар "Азаттыктын" сайтын мобилдик тиркеме жана VPN платформасы аркылуу окуп жатат.

Ошол эле учурда “Азаттыктын” Ютубдагы каналы, социалдык тармактардагы баракчалары мурдагыдай эле иш алып барууда.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаеванын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамы жаңы сунушталганда эле чуу жаратып, бир катар митингдер менен коштолгон. Ошондо эле сөз эркиндигин чектеген документ экени айтылган. Документти ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков четке кагып, бирок Садыр Жапаров кол койгон эле.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуялар боюнча мындай деди:

“ЖМКлар жарыялаган маалыматтарга макул эмес болсо, аны сот аркылуу далилдөө жолу 30 жылдан бери күчүндө турат. Кайсыл гана тарап болбосун ушул жол менен өз чындыгын далилдесе болот. Кайра ушул жолго түшүшүбүз керек. Антпесе бир тараптуу чечимдер кабыл алынып каларын соңку окуялар далилдеп койду. Аталган мыйзам долбоорун жокко чыгара албасак, анда жок дегенде өзгөртүшүбүз керек”.

“Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 31-октябрда мекеменин "Демирбанктагы" банк эсеби жабылган. Финансылык чалгын кызматы эсепти бөгөттөгөн чечимге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши себеп болгонун маалымдаган. Бирок азыркы чейин “Азаттыктын” адвокаттары эмне болгон кылмыш иш экенин билишпейт.

Өткөн аптада Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Азаттык Медиа" мекемесинин дал ушул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок.

Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырган.

Соттун чечимин улай “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү таратып, "соттун ар бир өтүнүчүн четке каккан чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт" деп баалаган.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG