Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамынан ажыратылды


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды. Бул тууралуу парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Ал муну Конституциялык сот "Туңгуч президент - Елбасы" жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарганы менен негиздеди.

Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамын 2019-жылдын июнь айында кызы Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп турганда алган.

Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготкону 11-январда расмий кабарланган. Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген бул мыйзам 2000-жылы кабыл алынган эле.

Конституциялык сот бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, канааттандырганын, токтом ишке кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.

Казакстанды 1989-жылдан бери башкарган Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Андан кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылык башаламандыкка айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG