Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

“Азаттыктын” казак кызматы "Кандуу январь курмандыктары" китебин чыгарды


"Азаттык" радиосунун казак кызматынын Алматыдагы редакциясында “Кандуу январь курмандыктары” китебинин бет ачары өттү.

Анда 2022-жылдын Январь окуяларында каза болгон адамдарга байланыштуу окуялар камтылган. Бийликтин жарандарга карата ырайымсыз мамилеси, кейиштүү жагдайлар тууралуу баяндалган.

Китепке "Азаттыктын" кабарчылары ошол күндөрү жана андан кийин тарткан сүрөттөр да кирген.

"Азаттык" демонстрацияларда окко учкан же андан кийин алган жараатынан каза болгон ондогон адамдар тууралуу маалымат чогулткан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238 киши каза тапкан. Алардын экөө кыргызстандык - Бактыяр Базарбаев жана Азис Мусаев кыргызстандык. Алар Алматыда иштеп жүргөн.

Андан тышкары Казакстанда иштеп жүргөн эки кыргызстандык - Викрам Рузахунов жана Чолпонбек Сыдыков тополоң маалында кармалып, күч органдарынан таяк жеген. Викрам Рузахунов жарандык коомдун талабынан кийин абактан бошотулган. Алган жараатынан улам ооруканага түшкөн Чолпонбек Сыдыков Кыргызстанга январь айынын соңунда алып келинген.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган. Сот иштери уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG