Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Ригада жана Вильнюста жаңы кеңселерин ачты


Жейми Флай Вильнюстагы бюронун ачылышында.
Жейми Флай Вильнюстагы бюронун ачылышында.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Латвиянын борбору Ригада орусиялык жалган маалыматка жана цензурага каршы туруунун алкагында жаңы бюросун ачты.

Радионун президенти Жейми Флай Латвияга ыраазычылык билдирип, "Биз Орусиянын зыяндуу таасирине каршы күрөшүү жана эркиндиктен ажыратылгандарга үмүт берүү үчүн бирге кызматташууга кубанычтабыз", - деди.

Ригадагы кеңсе компаниянын эң ири борборлорунун бири болот. Ал жерде "Азаттык" радиосунун "Америка үнү" менен кызматташкан "Настоящее время" телеканалынын күнү-түнү обого чыккан редакциясы да иш алып бармакчы.

Кеңсенин журналисттери Европанын, Балтика өлкөлөрүнүн аудиториясына орус тилиндеги контент сунуштайт.

“Азаттык” радиосу Орусиядагы кеңселерин 2022-жылдын март айында Кремлдин көз карандысыз маалымат каражаттарына ондогон жылдар бою жасап келген чектөөлөрүнөн кийин жапкан.

Москва 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргенден бери Орусиядагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын көбү же жабылды, же өкмөттүн басымы астында өлкөдөн чыгып кетти.

Ушул аптанын башында "Азаттык" радиосу Литванын баш калаасы Вильнюста да жаңы кеңсесин ачты. Ал жакта беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун өкмөтүнүн пропагандасына жана цензурасына каршы беларус жана орус тилдериндеги программаларды даярдайт.

“Азаттыктын” Беларустагы бюросунун кызматкерлери да бийликтин кысымынан улам бул өлкөдөн чыгып кетишкен.

  • "Эркин Европа/Азаттык" радиосу - АКШнын Глобалдык медиа агенттиги аркылуу Конгресстин гранты менен каржыланган көз карандысыз америкалык медиа корпорация. Дүйнөнүн 23 өлкөдө, биринчи кезекте медиа эркиндиги чектелген мамлекеттердин аудиториясы үчүн 27 тилде иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG