Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Машинасы үчүн камсыздандыруу полисин сатып албагандар жоопко тартылары эскертилди


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Машинасы боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу талабын аткарбаган автоунаа ээлери жазага тартылары боюнча маселе бүгүн 12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эмил Токтошев тийиштүү органдар элге так маалымат бериши керек болуп жатканын айтты:

«Камсыздандыруу төлөмүн төлөбөсө 1-апрелден тартып айыппул салына баштайт. Мен сураштырып көрсөм, он кишинин сегизи билбейт, айылдагылардын такыр маалыматы жок», - деген депутат жарандарга телефонундагы тиркеме аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн да түзүү керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул азыркы учурда көңүл бура турган негизги маселелердин бири экенин белгилеп, «Министрлер кабинети эртең көйгөй чыкпашы үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл» деди.

Кыргызстанда автоунаа боюнча милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келе жатат. Быйылтан баштап тийиштүү мыйзам күчүнө кирди. Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыянынын ордун толтура алышы үчүн, машина ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, машинанын түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен стажына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айыппул салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG