Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Депутат эң ири интервенцияга карабастан доллар тартыш болуп, курс өзгөрбөй жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Валюта рыногуна доллар буга чейинкиге салыштырганда эң көп өлчөмдө сатыкка чыгарылганына карабастан курсу өзгөрбөй жатканы боюнча маселени бүгүн 12-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев көтөрдү:

“Рекорддук көлөмдө интервенция жасалды. Бирок, тилекке каршы, курс ошо бойдон өзгөрүүсүз турат. Ишкерлер доллар жок экенин, сатылбай жатканын айтып даттанууда. Эл ошол долларлар каякта деп нааразы болууда. Улуттук банк 85 сомдон сатты, ал эми рынокто доллар 89 сомго чейин чыгып кетти”.

Улуттук банк 10-январда быйылкы жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган. Мекеме мындай ири валюталык интервенцияга жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш себеп болгонун билдирген.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG