Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Каракол: Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин боюнча иш сотко өттү


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Караколдо ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу 12-январда "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, тергөө аяктап, иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Каргашалуу окуя былтыр 9-ноябрда Караколдогу “Кумтөр” деп аталган соода борборунда болгон. Каза болгон келин 30 жашта болгону, 35 жаштагы күйөөсү менен ажырашып кеткени, экөө сүйлөшүү үчүн жолукканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактаганы маалымдалган. Келин ошол жерден жан берген, өзүнө да кол салган эркек облустук ооруканага жеткирилген.

Жубайлар Каракол шаарынан алыс эмес айылдардын биринде жашап жүргөн. Экөөнүн ортосунда үч бала бар. Улуусу сегиз жашта, ортончусу алты, ал эми кичүүсү үч жашта. Ак-Суу районундагы социалдык кызматкерлердин айтымында, жубайлар күйөөсүнүн апасы менен бирге турушчу. Буга чейин экөө Орусияга барып иштеп келген.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көп катталууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG