Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Орусиянын Коргоо министрлиги Соледарды ээлегенин жарыялады


Соледар
Соледар

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Соледар шаарын орус күчтөрү ээлегенин билдирди.

Орусиялык басылмалар жума күнү кабарлагандай, калаа 12-январдын кечинде көзөмөлгө алынган. Киев муну ырастай элек. Согуш маалындагы кабарларды көз карандысыз булактардан дароо бышыктоо кыйын.

Украина 13-январда Соледар Орусиянын тынымсыз аткылоосуун кучагында экенин жарыялаган.

Донецк облусундагы бул калаа үчүн акыркы аптада айыгышкан салгылашуу болду. Согушка чейин шаарда 10 миңдей калк жашачу.

Эксперттердин белгилешинче, Соледардагы жеңиш – Орусия үчүн оболу аскердик, ошондой эле коммерциялык мааниге ээ. Эгер украиндер аны колдон чыгарса, Донбасстагы стратегиялык Бахмут шаарына чабуулду күчөткөнгө ыңгайлуу база болмокчу. Бахмут - бир нече айдан бери орустардын катуу соккусуна каршылык көрсөтүп турат. Бул жер Украинанын чыгышына кетчү стратегиялык багыт болуп саналат.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду. Бул маалда Москванын “атайын операциясы” аксап калганы катуу сынга кабылган. 11-январда Кремль жогорку аскердик жетекчиликте кадрдык өзгөрүүлөрдү жасап, Валерий Герасимовду Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы кылып дайындады.

Коргоо министрлиги муну "жетекчиликтин деңгээлин жогорулатуу жана милдеттердин масштабын кеңейтүү" деп түшүндүрдү. Мурдагы командир, "генерал Армагеддон" деген каймана аты бар Сергей Суровикин Герасимовдун орунбасары болуп, кызматтан ылдыйлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG