Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Кримчөйрөнүн өкүлү Досонов адам өлтүрүүнү уюштурууга шек саналып кармалды


Кадыр Досоновду кармоо учуру. (архивдик сүрөт)
Кадыр Досоновду кармоо учуру. (архивдик сүрөт)

Ошто 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга шек саналып "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыш тобунун мүчөсү Кадыр Досонов кармалды. Кылмышка шектүү дагы үч адамга издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

"13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды".

Милициянын маалыматында кылмышка шектүү Өзгөн районунун 1995-жылы төрөлгөн тургуну Акылбек Раимберди уулуна, Ош шаарынын 1995-жылы төрөлгөн тургуну Эламан Коргонбай уулуна, Ош шаарынын Жапалак айылынын 1998-жылы тургуну Курсантбек Шакир уулуна издөө жарыяланды.

Издөө жарыяланган үч шектүү.
Издөө жарыяланган үч шектүү.

Досонов кармалганга чейин милиция Ош шаарында 12-январда кылмыш чөйрөсүндө жүргөн эки адам бычакталып, бирөө каза болгонун билдирген.

Кылмыш чөйрөсүндө аты чыккан Кадыр Досонов буга чейин бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Акыркы жолу 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кармалган. 2022-жылы сентябрь айында Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөткөн.

Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканы айтылып келет.

2020-жылдагы элдик тополоңдон кийин келген бийлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөш болоруна убада берген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG