Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

Кемпир-Абад иши: Шаменов УКМК жетекчисине кайрылды


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан жарандык активист Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) 12-январда Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кат жолдоду.

Ал 80 күндөн бери Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар мыйзамсыз камакта жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу сурак жүрбөгөнүн, тергөөчү "күнөөнү мойнуңарга аласыңарбы" деген суроо менен кайрылганын жазган.

"Жалган жалаа менен ИИМ, прокурорлор, соттор бизди одоно мыйзам бузуп камашты. Кудайдан коркпогон, өздөрүн бийик көргөн, бизди камагандар өздөрү камалышабы? Себеби, сиз вице-премьер-министр болуп бардык күч органдарын көзөмөлдөйсүз. Өткөндө кечиримдүүлүк боюнча дагы пост жазып, билдирүү кылдыңыз. Эгер айтканыңыз чын болсо биздин ишти карап коюңуз жана мыйзам бузган тергөөчү, соттордун жоопкерчиликтери да каралышы зарыл. Ой пикирибизди билдирип койгон үчүн камоо канчалык деңгээлде туура деп ойлойсуз?", - деп жазган Шаменов.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандардын иши адилет тергелбей жатканын буга чейин парламент депутаттары да айтып чыккан.

Камалгандардын жакындары 10-январда акция өткөрүшүп, 77 күн ичинде бир эле жолу сурак болгонуна нааразылык билдиришкен.

Илгиз Сарылдык уулу Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген.

Жарандык активист “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразы болгон отузга жакын адам камакка алынган.

Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде 24 киши камакта жатат. Шектүүлөрдүн экөө үй камагында, бир адамга издөө жарыяланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG