Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Мурдагы президент Акаевге козголгон кылмыш иши кыскарды


Мурдагы президент Аскар Акаев.
Мурдагы президент Аскар Акаев.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-январда маалымат берди.

Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматовдун айтымында Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин "мөөнөттү өтүп кеткендиктен" кыскарды.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG