Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Жылуулуксуз жана суусуз калган Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Суунун деңгээлин калыбына келтирүү аракети. Майлуу-Суу шаары.
Суунун деңгээлин калыбына келтирүү аракети. Майлуу-Суу шаары.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Ал эми суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 жылуулук электр станцияларында жылуулук системасынын иши токтогон.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызматтар шаар башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте сууну дарыядан алып, толуктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Азырынча шаарга жылуулук берүү калыбына келе элек.

Кыргызстанда азыр кыштын эң суук күндөрү болуп жатат. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG