Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Этникалык кыргыздар боюнча иликтөө жарыялаган блогер суракка чакырылганын айтты


Улукбек Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу.

“Ютубдагы” каналы аркылуу видео иликтөөлөрүн жарыялап жүргөн блогер Улукбек Карыбек уулу соңку эки күндөн бери милицияга суракка чакырылып жатканын 13-январда “Азаттык” радиосуна маалымдады.

11-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгында айыл өкмөттөрүнүн биринин кызматкеринин ага каршы жазган арызына байланыштуу суракта болгонун айткан блогер сөз Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз үй-бүлөнүн маселеси тууралуу болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, аталган үй-бүлө айыл өкмөттөн аныктама кагазын алуу үчүн акча төлөгөнүн иликтөөлөрдүн биринде айтып берген:

“Тастыктап берип жатат балдарын мектепке киргизүүгө каттоого тургузуу үчүн үч справкага 500 сом бергенин. Ал справка бекер берилиши керек экен”.

Улукбек Карыбек уулу айыл өкмөтүнүн кызматкери милицияга “блогер мени коррупцияга айыптап жатат” деп кайрылганын айтты.

“Өз элиндеги өгөйлөр” деген аталыштагы видео блогердин “Ютубдагы” каналына быйыл 7-январда жарыяланган.

Анда айыл өкмөтүнүн кеп болуп жаткан кызматкери 500 сом албаганын айтууда.

Блогер аталган үй-бүлөнү милиция кызматкерлери “Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнсүңөр” деп сотко берген, сот 100 миң сом айыппул салган да окуя бар экенин кошумчалады.

Милиция органдары азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Бул маселе жакында Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Айбек Осмонов Тажикстандан көчүп келип, Ысык-Атада жашап жаткан кыргыздардын укугун коргоо боюнча кайрылуулар түшүп жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG