Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Путиндин "ашпозчусу" Орусиянын кийинки президентиби?


Орусиянын президенти Владимир Путинди тамактануу учурунда тейлеп жаткан Евгений Пригожин (сол жакта). 11-ноябрь, 2011-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путинди тамактануу учурунда тейлеп жаткан Евгений Пригожин (сол жакта). 11-ноябрь, 2011-жыл. Москва.

Украинада согуш башталганы Евгений Пригожин деген ысым маалымат каражаттарына байма-бай чыга баштады. Айрым серепчилер ал Путиндин мураскери болушу мүмкүн десе, башкалары Пригожин президенттин командасында таасирдүү фигурага айланып, коргоо министринин ордун мелжеп жатат деген ойдо.

Евгений Пригожин акыркы бир нече айдан бери орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка ачык азгырып жүргөнү кабарланып келет. Ошондой эле Украинадагы чегинүүгө байланыштуу жогорку даражалуу орус аскер кызматкерлерин сындап жүрөт.

Карнеги борборунун эксперти Андрей Колесников Пригожинди 1910-жылдары орус падышасынын үй-бүлөсүнө таасири күч, талаштуу фигура деп саналган Григорий Распутинге салыштырат:

"Коомго болгон таасиринин деңгээлин алганда, ал Николай II заманындагы Распутинди эске сала баштагандай. Албетте, көптөр азыр аны президенттикке кийинки талапкер же саясаттын жогорку катмарына кире алчу адам катары карап жатат окшойт. Эмнеси болсо да, азыр Пригожиндин колунан көп нерсе келет. Ооба, ал азыр Путинге керек. Анткени Путин кандай баа менен болсо да согушта ийгиликке жетүүнү көздөйт", - дейт Колесников.

Кремлди тамак менен камсыздаган Пригожин

61 жаштагы миллиардер Евгений Пригожиндин ишкердик жолу өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында башталган.

Ошол кезде ал Санкт-Петербургда "Конкорд кейтеринг" аттуу тамак-аш менен камсыздоочу чакан агенттик ачып, Нева дарыясында сүзүп жүрчү кеме ресторанды иштете баштаган.

2000-жылдардын башында Владимир Путин ал ресторанга Франциянын президенти Жак Ширакты, АКШ лидери Жорж Бушту ээрчитип барган. Анда ресторандын ээси президенттерди өзү тейлеген.

Пригожин 2008-жылы Дмитрий Медведевдин инаугурациясында, 2012-жылы Путиндин бийликке кайтуу салтанатында да конокторду өзү тоскон. "Путиндин ашпозчусу" деп ылакап ат ишкерге ушул жылдары жармашкан.

Пригожиндин компаниялары 2010-жылдан тарта Орусиянын Коргоо министрлигинин тендерлерин утуп, армияны тамак-аш менен камсыз кылуу, аскердик бөлүктөр менен жатаканалардагы тазалык иштерин толук колго алганы ачыкка чыккан. Ошондой эле Пригожиндин компаниялары Москванын мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылары айтылат.

"Вагнерчилердин атасы”

“Вагнердин жеке аскердик компаниясы” качан, кайда түзүлгөнү так белгисиз. Айрым иликтөөчүлөр боолгогондой, бул компания күзөт компанияларынын түйүнүнөн пайда болгон.

Алгач "вагнерчилерди" 2014-жылы Донбасстагы кагылышууларда байкашкан. Андан кийин алар Сирияда диктатор Башар Асаддын тарабында согушка аралашкан. Ал жакта “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын" мүчөлөрү дипломаттардын коопсуздугун камсыздап, мунай-газ компанияларын күзөтүп, жергиликтүү козголоңчуларды машыктырып турушкан.

Орусиялык жалданма аскерлер ошондой эле Ливия, Борбордук Африка Республикасында, Малиде да иш алып барып келгени маалым. Орусиянын президенти Владимир Путин жеке аскердик компания орус мыйзамдарын бузбаса, дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун иштөөгө укуктуу экенин билдирген.

Аталган компанияны Евгений Пригожин жетектей турганы көп жылдан бери айтылып жүрсө да, ал эч качан моюнуна алчу эмес. Бирок быйыл сентябрда ал бул маалыматты акыры ырастады.

"Мен өзүм эски куралдарды тазалачумун. Ок өтпөгөн кемселдерди ирээтеп келдим, кийин жардамчы адистерди таптым. 2014-жылдын 1-майында "Вагнер" деп аталып калган патриоттордун тобу түзүлдү", -деп жазган ал 26-сентябрда "Конкорд Менежмент жана Консалтинг" компаниясы ВКонтакте социалдык тармагына калтырган билдирүүсүндө.

Февраль айында Орусия Украинага согуш ачканы ал жакка расмий аскердик бөлүктөр менен бирге "Вагнердин" жалданма аскерлери да киришкен. Алар Луганск облусундагы Северодонецк жана Мариупол шаарларын басып алууда негизги ролду ойношкон. Жайлата Евгений Пригожинге түспөлдөш адам Орусиянын түрмөлөрүн кыдырып, жазасын өтөп жаткандарды Украинадагы согушка азгырып жатканы чагылдырылган видеолор интернетте байма-бай тарап жатты.

"Силерди бул жактан ким тирүү чыгара алат? Кудай табытыңарды чыгарат. Мен силерди тирүү алып кетем, бирок баарыңарды үйүңөргө тирүү кайтара албайм", -дейт Пригожинге абдан окшош киши Марий Эл аймагындагы жаза өтөөчү жайлардын биринин короосунда сүйлөп жатып.

Белгилей кетсек, Пригожин өзү да 20 жашында «алдамчылык», «өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка тартуу» жана «уюшкан кылмыштуу топтун курамында каракчылык кылуу» беренелери менен айыпталып, 12 жылга соттолгон. Тогуз жылдан ашуун абакта отурган.

Жайында украин армиясы контрчабуулга өтүп, орус аскерлери чегине баштаганда Пригожин менен чечен лидери Рамзан Кадыров орус армиясынын башчыларын кескин сындап чыгышты.

Алар Лиман шаарын алдырганы үчүн Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинди түздөн-түз күнөөлөшкөн. Көп өтпөй, 29-октябрда генерал-полковник Лапин өз кызматынан четтетилгени маалым болду.

Ал эми октябрдын башында Путин Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы катары генерал Сергей Суровикинди дайындаган. Суровикин бул кызматка барары менен Украинага аба соккуларды жаадырды. Ал генералдын дайындалышын Пригожин да кубаттаган. Мунун да жөнү бар, анткени Суровикин Сириядагы орус армиясын жетектеп турган маалда ал жакта “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” өкүлдөрү болгон.

Евгений Пригожин жана Рамзан Кадыров.
Евгений Пригожин жана Рамзан Кадыров.

"Троллдор фабрикасы"

Пригожинге таандык дагы бир компаниянын жаралуу тарыхы бүдөмүк. Бул Санкт-Петербургдагы Интернет иликтөөлөр агенттиги. «Троллдор фабрикасы» деген ылакап атка конгон бул компания Фейсбук жана башка социалдык тармактар үчүн жасалма аккаунттарды түзүп, алар аркылуу жалган маалыматтарды, пропаганданы жайылтууга адистешкен.

Дал ошол компания жасалма аккаунттары аркылуу 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүгө аракет кылганы аныкталган.

Питердик ишкер агенттиги жана компаниялары менен кошо АКШнын "кара тизмесине" алынган. Евгений Пригожин "Америкадагы шайлоого кийлигишкен" деген айыптарды четке кагып келет.

Пригожиндин "жылдызы" канчалык жанат?

Евгений Пригожиндин жылдызы канчалык жанып, саясий карьерасы кайсы тепкичке чейин көтөрүлөрү азырынча белгисиз. Пригожиндин өзүнө компаниясы аркылуу чыгып, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бирок саясий амбициялары тууралуу жакында эле "Петербургский вестник" басылмасына курган маегинде айткан.

"Азыр өсүп жаткан популярдуулугум тууралуу айтсам, мен ага умтулбайм. Максатым - мекенимдин алдында өз парзымды аткаруу, мен азыр саясат менен алек болмой тургай, саясий партия түзүүнү көздөгөн жокмун", - деген Пригожин.

Анын карьерасына көз салып келаткан аналитиктердин айтымында, Пригожиндин Кремлде таянган тоосу бар. Алар ишкерге бизнесин өнүктүрүп, орус аскердик структуралары менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен.

"Ал Путинге атаандаш боло алабы? Менимче, Путин Пригожинди азыр жөн гана колдонуп жатат, керек болгондо жөн эле жок кылып коет. Ошондой эле болот го. Ошол эле маалда Пригожин канчалык Путин менен өзүн туура алып жүрө алат? Канчалык ал өзүнүн мындан бийик саясий амбициялары жок экенин далилдей алат? Анткени мунун баары өзүнө зыянын тийгизиши мүмкүн", - дейт Карнеги борборунун эксперти Андрей Колесников.

Маалыматтарга караганда, Пригожин согуштун жүрүшү боюнча нааразылыгын Путиндин өзүнө да билдирген. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы чалгын кызматтарына таянып жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG