Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Орус армиясынын чегинишине Шойгу күнөөлүүбү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден Владимир Путиндин өзөктүк курал менен "коркутуп-үркүткөнү тамаша эмес" деп сыпаттады. Буга чейин орус лидери бир нече жолу Украинада өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскерткен. Ал эми согушта украин күчтөрү контрчабуулун улантууда. Орусияда коргоо министри Сергей Шойгунун кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү.

Буга чейин Вашингтон Украинадагы урушта Орусиянын өзөктүк курал колдонууга даярданып жатканынын белгилери байкалбайт деп келсе, 6-октябрда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден башкача оюн ортого салды. Америкалык лидердин пикиринде, Орусиянын коркутуп-үркүткөнү соңку 60 жылдан берки эң жогорку чегине жетти.

"Биз "армагеддонго" Кеннединин маалынан же Куба кризисинен бери туш келе элек болчубуз", -деген Байден Путин мындай кескин кадамга Украинада орус күчтөрү "кыйла жеңилип атканынан улам" барышы ыктымал экенин эскертти.

1962-жылы Жон Кеннеди менен Никита Хрущев эки державанын башында турганда АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда өзөктүк согуш чыгып кетеби деген коркунуч күчөгөн. Бул маалда Кубада советтик ракеталар турган.

Өткөн аптада Орусия Украинанын төрт облусун эл аралык укукту одоно бузуу менен агрессивдүү аннексиялап алды. Ушул тапта орус күчтөрү бул төрт аймактын бирин да толугу менен көзөмөлдөбөйт.

Путин эми аннексияланган аймактарга жасалган украин армиясынын чабуулу Орусияга "кол салуу" деп эсептелип, коргонуу үчүн керек болсо өзөктүк курал да колдонорун эскерткен.

6-октябрдаУкраинанын президенти Владимир Зеленский буга байланыштуу НАТО алдын ала чараларды көрүшү керек деп билдирди.

"НАТО эмне кылышы керек? Орусияны өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы керек. Мен 24-февралга чейинкидей эле дагы бир жолу эл аралык коомчулукка кайрылам. Эгер алар өзөктүк курал колдонсо эмне болорун билиш үчүн алдын ала соккуларды жасаш керек. Тескерисинче, Орусиянын өзөктүк чабуулунан кийин "эмне болуп кетти, эми биздин соккуну тос" деп калбаш керек".

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков украин президентинин мындай билдирүүсүн "дүйнөлүк согушту баштоого чакырык" деп сыпаттады.

Ал эми Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Москва маалыматты бурмалап жатканын, украин президенти андай мааниде эч нерсе айтпаганын тактады.

Украин армиясынын контрчабуулу уланууда

Украин армиясы өз жерин бошотууну улантууда. 6-октябрда Зеленский Москва мыйзамсыз аннексиялаган Херсон облусунун 500 миң чарчы чакырымы баскынчылардан тазаланганын билдирди.

"Чыгыш багытта да жетишкендиктер бар. Запорожье облусундагы ийгиликтерди айта турган күн келет. Крымды да бошотчу күн жакындап жатат”, – деди Зеленский.

Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку карталарында Харьков жана Херсон облустарынан өз күчтөрү чегингенин көрсөтүп жатат. Мурдагы суткаларда алар Херсондо эле 30 чакырым артка жылганын мойнуна алышкан.

Сергей Шойгу кызматтан кетиши мүмкүнбү?

Украинада орус армиясынын чегинип жатканына байланыштуу Орусияда коргоо министри Сергей Шойгуну сындагандар көбөйдү. Алардын арасында Херсон облусунун Москва дайындаган бийлик өкүлдөрү да бар.

"Ушундайга чейин жол берген коргоо министри офицер катары атынып өлүп алса болмок деп көптөр айтып атышат. Бирок, билесиңерби, айрымдар офицер деген сөздүн маанисин деле жакшы түшүнбөйт да", - деди Херсон облусунун Москва дайындаган бийлик өкүлү Кирил Стремоусов.

Байкоочулардын пикиринде, Шойгунун дарегине айтыла баштаган жапырт айыптоолор жөн жеринен эмес. Кремлдин "ичин" жакшы билгендер муну менен Путин Шойгуну кызматтан алууну көздөп жатканын боолгошууда.

Орус күчтөрү үчүн стратегиялык деп саналган Лиман шаарын украин армиясы бошоткондон кийин Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Башкы штабды жана Коргоо министрлигин кескин сынга алды. Лимандын колдон чыгышына ал генерал Лапинди жана анын жетекчилигин күнөөлөгөн. Кадыровду дароо "ЧВК Вагнера" жалданма аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин колдоп чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG