Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Украина: Запорожьедеги сокку, Херсондогу кармаш


Запорожье шаарындагы Орусиянын ракеталык соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 6-октябрь, 2022-жыл.
Запорожье шаарындагы Орусиянын ракеталык соккусунан жабыркаган көп кабаттуу үй. 6-октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын соккуларынан Украинанын Запорожье шаарында көп кабаттуу үйлөр кыйрап, бир нече адам өлдү. Украин күчтөрү оккупацияланган айылдарды бошотууну улантып, Херсон шаарына жакындап баратат. Орус тарап бул багытта дагы чегинүүгө аргасыз болду.

Ал ортодо Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн мобилизация жарлыгында ката кеткенин моюнуна алып, мыйзамга түзөтүү киргизди.

Херсон дале көңүл чордонунда

Украинанын Запорожье шаарына орус армиясы 6-октябрдын таңында он чакты ракеталык сокку урду. Соңку маалыматтарга ылайык, чабуулдан көп кабаттуу жети турак жай талкаланып, кеминде эки адам өлдү.

Ондогон киши жараат алды, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух Телеграм-каналдагы видеосунда мындай деди:

Александр Старух
Александр Старух

“Душмандар түнкүсүн, таңга жуук эл уктап жаткан маалда турак жайларга ракеталык сокку жасады. Үйлөр катуу жабыр тартты, бүтүндөй подъезддер кыйрап калды. Тилекке каршы, бир нече адам өлдү. Уранды астынан ондогон кишилерди аман, куткарып калдык. Бирок тазалоо иштери уланууда. Душмандар жайкын тургундарды кырып жатат”.

Украинанын Запорожье облусунун көпчүлүк бөлүгүн Орусия ээлеп алганы менен аймактын административдик борбору – Запорожье Киевдин көзөмөлүндө. Калаада согушка чейин облус калкынын дээрлик жарымы жашачу.

Орусиянын күчтөрү соңку суткада мындан сырткары Харьков баштаган он чакты шаарга, 30дай айылга сокку урду. Анда да кыйроолор жана курмандыктар катталды. Октябрдын башында Бириккен Улуттар Уюму "Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын" билдирген. Уюм бул статистика толук эмес экенин, улам жаңыланып турарын эскерткен.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 6-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 6-октябрга карата карта.

Ал арада Украинанын армиясы контрчабуулун улантып, оккупациядагы айылдарды биринен сала бирин бошотуп жатат. Алар бир күндө Донецк, Луганск, Херсон облустарында дагы он чакты конуштан орус аскерлерин сүрүп чыгарды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда буларга токтолду:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Ушул эле суткада Херсон облусунда Нововоскресенское, Новогригоровка жана Петропавловка баштаган калктуу конуштар боштондукка чыгарылды. Жүрүш уланууда. Аба күчтөрүбүз орус аскерлери биздин шаарларды талкалоо үчүн колдонуп жаткан Иран өндүрүшүндөгү алты учкучсуз учакты атып түшүрдү. Оккупанттарга айтарым, силер “орус дүйнөсү” деп мактанып жатып, ирандык “Шахид” дрондоруна күнүңөр түшүп калса, анда жеңилгениңер ошол. Бул силерге жардам бербейт”.

Мурдараак кабарлаганыбыздай эле, орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.

Фронттогу жетишпестик жана мобилизациядагы катачылык

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку карталарында Харьков жана Херсон облустарынан өз күчтөрү чегингенин дагы көрсөттү. Мурдагы суткаларда алар Херсондо эле 30 чакырым артка жылганын мойнуна алышкан.

Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын техникалары.
Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын техникалары.

Аймактардагы жикчилдер чегинүүнүн себеби катары кошумча кол жетишпей жатканын, мобилизацияга тартылгандар али келип, үлгүрө электиги менен түшүндүрүүдө.

Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Запорожье облусундагы “Биз Орусия менен биргебиз!” кыймылынын башчысы, облустук кеңештин мүчөсү Владимир Роговдун сөзүн мындайча келтирди:

Владимир Рогов
Владимир Рогов

“Запорожье облусу Орусия Федерациясынын аймактарынан мобилизацияга тартылгандардын келишин күтүп жатат. Алар өтө жакшы даярдыктан өткөнү маанилүү жана согуштук тажрыйбасы бар аскерлердин ордун баскыдай болушу керек. Бизге мөөнөт маанилүү эмес, бизге ал адамдардын сапаты маанилүү. Анткени бул жерде сан эмес, жөндөм маанилүү. Алар алдыңкы сапка барууга эмес, артты коргоо менен алек болуш керек”.

Орусияда жаңы өнөктүктүн алкагында аскерге кары-картаңдар, оорукчандар жана мүмкүнчүлүгү жоктор да дүңүнөн чакырылып жатканынан ызы-чуу чыкты.

Айрым аймактарда мобилизациялангандардын жарымы кайра үйлөрүнө кайтарылды. Муну орус президенти да моюнга алып, тиешелүү жарлыгын өзгөртүүгө тапшырма берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин атайын жыйында мындай деди:

Владимир Путин
Владимир Путин

"Коргоо министрлиги мобилизациянын алкагында жарандардын айрым категорияларын чакырууга зарылчылык жок экенин башында эле кабарлаган жана тизмесин келтирген. Бирок нормативдик-укуктук базага тиешелүү өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизбей коюшуптур. Ошондуктан Коргоо министрлиги менен өкмөт сунуштаган жарлыктын долбоорунда ал жагдайлар эске алынбаган абалда жарыяланып калыптыр. Эми бул документке тиешелүү толуктоолорду киргизүүгө туура келип жатат”.

Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жөнүндө жарлыкка 21-сентябрда кол койгон. Мунун алкагында 300 миндей адам чакырылары расмий айтылса, ушул убакка чейин 200 миңдей адам аскерге тартылды. Айрым басылмалар мунун алкагында 1 миллиондой адам мобилизацияга тартылышы мүмкүндүгүн жазып жатышат.

Мобилизацияга тартылган орус аскерлери.
Мобилизацияга тартылган орус аскерлери.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эсебинде орус тараптын аскердик жоготуулары 60 миңден ашты. Улуу Британиянын эсебинде Орусиянын 25 миңдей жоокери майданда набыт болгон.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзү мурдаарак 6 миңдей жоокери өлгөнүн моюнуна алган. Мобилизацияга тартылгандардын баары Украинадагы согушка жөнөтүлөт.

Москва ошол эле маалда 61 миңдей украин аскерин жок кылганын кабарлаган. Киев 9 миңдей жоокеринен айрылганын тактаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG