Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Орусия согушка борборазиялык жарандарын салабы?


Москвадагы кыргыз элчилигинин астындагы мигранттар.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус жарандыгы бар мигранттар Украинадагы "атайын аскердик операцияга" тартылышы керектигин билдирди.

Анын "Российская газета" басылмасына берген мындай билдирүүсү Кремль аскерге чакыруунун жаңы толкунун даярдап жатат деген маалыматтар чыгып жаткан учурга туура келди.

Бастрыкин чет элдик мигранттар, анын ичинде Кавказ менен Борбор Азиядан келип, орус жарандыгын жаңы алгандар миллиондон ашуун экенин, алар укугу менен кошо аскердик милдетин аткарууга тийиштигин белгиледи.

Орус жарандыгын алып, бирок түпкү жарандыгынан баш тартпагандардын тагдыры эмне болору белгисиз. Айрым саясатчылар алар жарандык алган кийин аскерге барууга милдеттүү экенин айтышса, депутат Бекешев кырдаалдан чыгуу жолдору бар экенине токтолду.

Александр Бастрыкиндин Орусия Украинадагы "атайын аскердик операция" деп атаган согушка Борбор Азия менен Кавказдан дагы аскерге милдеттүү адамдарды жөнөтүү тууралуу сунушу Москва чабуулдарын күчөтүп, аскерге чакыруунун жаңы толкунун даярдап жатканы тууралуу кабарлар тарап жаткан маалда айтылды.

Александр Бастрыкин жарандык алып, бирок аскерге чакырууну кыйгап өтүп жаткан мигранттар укугу эле эмес, милдетин дагы унутпашы керектигин, бул үчүн мамлекеттен тиешелүү жеңилдиктер каралганын белгиледи:

Александр Бастрыкин
Александр Бастрыкин

"Орусиянын жарандыгын алуу менен бул адамдар укуктарга гана ээ болбостон, мыйзамда белгиленген милдеттерди да алышат. Алардын бири - Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматты талапка ылайык өтөө. Атайын аскердик операциянын шарттарында мамлекет чет элдик жарандарды келишим боюнча аскердик кызматка өтүүгө үндөп, жөнөкөйлөштүргөн тартипте Орусиянын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Статистика көрсөткөндөй, чет элдиктер аскердик кызматты кыйгап өтүп, жапырт түрдө орус жарандыгын алып жатышат. Соңку беш жылда аны Борбордук Азия менен Кавказдан келген миллиондон ашуун адам алган. Анын ичинде Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын 550 миңдей мурдагы жараны бар", - деп айткан Бастрыкин 14-январда "Российская газета" басылмасына чыккан маегинде.

Анын билдиришинче, өткөн 2022-жылдын биринчи жарымында эле Борбор Азия менен Кавказдан келген 60 000ден ашуун аскер курагындагы адам жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Орусиянын жарандыгын алган.

Ошол эле кезде өз жарандыгынан баш тартпай туруп, орус жарандыгын алган учурлар бар экени белгилүү. 2011-жылы 13-июлда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жарандыгы" тууралуу мыйзамынын 22-беренесине ылайык, кыргыз жарандыгын сактап калуу менен чет мамлекеттин жарандыгын да алууга уруксат берилет.

Ушуга ылайык, кыргыз жарандыгынан чыкпаган, бирок кийин орус жарандыгын алгандар бар экени айтылган. Орусиянын Ички иштер министрлигинин былтыркы маалыматы боюнча биринчи жарым жылдыкта 137,7 миң чет элдик орус жарандыгын алса, анын 3,6% мурдагы кыргыз жарандары түзгөн.

Депутат Дастан Бекешев буга чейин ушул маселени парламентте көтөрүп, кош жарандыгы барларды Орусиядагы аскерге чакыруудан коргоо маселесине токтолгон:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Эгерде мигрантта кош жарандык болсо, анда ал орус жарандыгын таштаса болот. Ал эми бир эле - орус жарандыгы бар болсо, анда мен аларга мындай кеңеш берет элем. Алар кааласа элчиликке барып, туулган жери боюнча кыргыз жарандыгын кайра алууга арыз бериши керек. Болбосо, өтө жаман болот. Анткени процедуралар бат-баттан бекитилип, жаңы жарандык алган мигранттарды армияга чакыра башташы мүмкүн. Ошондуктан азыр эч нерсени күтүп отурбай, кыргыз жарандыгын кайра калыбына келтирүүгө аракеттене башташы зарыл. Керек болсо, алар Кыргызстанга кайтып келиши керек. 40 жашка чейинки мырзалар Орусияда калабы же калбайбы, ойлонушу керек. Орус жарандыгы жок мигранттарда көйгөй болбойт. Бирок алар аскерге чакыруу тууралуу келишимдерге кол коюп бербей, этият болушу керек".

Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин өткөн эки жылда орус жарандыгын алган чет элдиктердин саны өскөнүн билдирген. "Өзгөчө аскердик операциянын" тапшырмаларын аткарууга катышуу үчүн натуралдаштырылган жарандарды биринчи кезекте ал жакка жөнөтүү маселесин кароо максатка ылайыктуу деген оюн билдирди.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев Орусия кош жарандуулукту тааныбай турганын мисал келтирип, алардын маселеси туюк экенин белгиледи:

Эмил Каптагаев.
Эмил Каптагаев.

"Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өз жарандарын каалагандай пайдалана алат. Ушул жагдайды эске алуу зарыл. Алар ошого таянып айтып жатышат. Бул жерде биздин мамлекет эмне кылып, кандай кылышы керек экенин айтуу кыйын. Алар өз жаранын аскерге чакырып жатса, биз эмне деп айтып, кандай кадамга бара алабыз, ага көз жеткен жок. Анткени ар бир жаран өз мекенинин астында алган милдетин так аткарышы керек. Биз деле ошону айтмакпыз. "Оруспу, кыргызбы, уйгурбу же дунганбы, биздин жаран болгон соң, мамлекеттин астындагы милдетин аткарышы кажет" деп".

Кыргызстандын бийлиги, Тышкы иштер министрлиги, Москвадагы кыргыз элчилиги Бастрыкиндин билдирүүсү тууралуу үн ката элек.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы расмий маалыматына ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Өткөн жылдын август айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG