Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Зеленский Европарламентте сүйлөдү


Зеленский жана Метсола.
Зеленский жана Метсола.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү Брюсселде Европарламенттин депутаттарынын алдында сүйлөп, Евробиримдиктин Киевге жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Украина Европа менен бирге азыркы замандын эң чоң антиевропалык күчтөрүнөн коргонууда. Биз Евробиримдикке жакындап жатабыз. Украина Евробиримдиктин мүчөсү болот. Согушта жеңген Украина жеңүүчү Евробиримдиктин мүчөсү болот", - деди ал.

Жыйынга кээ бир европалык депутаттар Украина желегине түспөлдөш төш белги тагынып келишти.

9-февралда украин лидери ардактуу конок катары Белгиянын борборунда өтүүчү Евробиримдиктин саммитине катышат. Ал Брюсселге шаршемби күнү Лондонго жасаган иш сапарынан кийин келди. Владимир Зеленскийдин азыркы сапарынын максаты - Европадагы өнөктөштөрүн Украинага дагы көбүрөөк курал-жарак жеткирүүгө үндөө.

Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола Украинаны алыскы аралыкка учуучу согуштук учактар жана ракеталар менен камсыздоону колдой турганын айтты. Мындай пикирин Зеленский сүйлөрдөн мурда билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц бир күн мурун Зеленскийдин Брюсселдеги саммитке катышуусун “Европалык тилектештиктин белгиси” деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG