Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Замирбек Базарбеков соттор толук көз карандысыз эмес экенин моюнга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алды. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Бийлик буга чейин жергиликтүү сотторду ротация кылып, президент Садыр Жапаров сот системасын реформалоо үчүн атайын кеңеш да түзгөн. Юристтер соттор дагы деле бийликке көз каранды экенин, айрыкча тергөө судьяларынын ишине нааразылык көп экенин айтышууда.

Жогорку Кеңеш 8-февралдагы жыйынында Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө, сот аткаруучулардын статусу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоду.

Документтерге байланыштуу парламентте Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баяндама жасап, соттордун эркиндиги, туура эмес чечим чыгарган судьяларга көрүлгөн чаралар тууралуу суроого жооп берди. Ал судьялар толук эркин, көз карандысыз деп айта албай турганын моюнуна алды.

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

“Соттордун көз карандысыздыгын, чечимдеринин адилеттүүлүгүн камсыз кылуу жагы сөзсүз түрдө мыйзамда көрсөтүлүшү керек. Туура, бул Конституцияда жазылып турат. Бирок сот эркиндигине кедерги болуп жаткан мыйзамдар да бар. Ошол мыйзамдар азыр талкууланып жатат. Соттордун укуктары чектелип калган деп ачык эле айтып коёюн. Соттордун көз карандысыздыгы мурдагы Конституцияларда деле бар болчу, бирок көз карандысыз болуп калдыкпы? Судьяларды бийликтен же башка адамдардын алдында көз карандысыздыгын жоюу үчүн алардын маянасын көтөрүү керек деп айтып келдик. Судьялардын айлыгы көбөйдү, бул реформанын алкагындагы биздин аракетибиз болду. Бирок соттор ушуну менен толук эркин болду дегенден алысмын”.

Финансы министрлиги 2022-жылдын башында соттордун айлыгы көтөрүлүп, судьялар орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин маяна алып жатканын билдирген. Жогорку Сот буга тактоо киргизип, инстанцияларга жараша судьялар 46 миң сомдон, 51 миң сомго чейин айлык аларын жана иш тажрыйбаларына жараша кошумча акы төлөнөрүн кабарлаган.

“Жогорку Соттун алдына барсаң, жалаң кымбат машинелер турат. Судьяларда акча жок дейсиңер. Алардын баары каяктан келди? Же асмандан түшүп калдыбы. Ушул маселеге көңүл буруңуз. Антпесе элдин сотторго ишеними күндөн-күнгө азайып баратат”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токтобаев.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган. Анын жыйынтыгында жергиликтүү соттордун 312 судьясы ар кайсы аймактарга ротация болгон.

Бийлик бул масштабдуу орун которуу сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздап, кызыкчылыктар кагылышы менен коррупцияны азайтат деп ишенет. Экс-депутат, Жогорку Соттун мурдагы судьясы Курманбек Осмонов сот реформасында жылыш бар экенин, бирок жай жүрүп жатканын айтты:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

“Адилеттик үчүн айтыш керек сот реформасын кылууга аракет болуп жатат. Мында сот системасынан көп нерсе көз каранды. Соттор ишти кароодо туура квалификация кылып, туура укуктук бүтүм чыгарыш керек. Судьялар процессуалдык мыйзамдарды колдонууда көп ката кетирүүдө. Соттук реформа деп койгону менен бул укук коргоо органдарынын баарына тиешелүү. Мисалы, тергөө жакшы жүрбөсө сотторго кыйын болот”.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова тергөө судьяларынын ишине сын көп экенин айтты. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар да жакында эле тергөө судьяларына арызданган. Алар шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоодо, айыпталуучуларга жаза чегерүүдө прокурорлор менен тергөөчүлөрдүн гана өтүнүчүн аткарып жатканын билдирген.

Мындай маселе бар экенин Замирбек Базарбеков да моюнуна алган. 2022-жылы Жогорку Соттун судьялары менен жолугушууда муну президент Садыр Жапаров да айткан.

Адвокат Бактыбек Жумашев сот системасын реформалоо боюнча бийликтин иштери турмушка ашпай жатат деп эсептейт.

“Соттук реформа жок. Судьялар мурдагыдай эле мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатышат. Жазык иштеринде көп учурда мамлекеттик айыптоочулар менен тергөөчүлөрдү колдойт. Саясий иштер эмне болуп атканын өзүңөр деле көрүп турасыңар. Саясий иштер – бул Кыргызстанда сот адилеттигине байланыштуу индикатор. Баягыдай эле мыйзамсыз кармап, мыйзамсыз соттоп атышат. Мисалы, Кемпир-Абад ишин карайлы. Кандай мыйзамсыздык болуп атканы көрүнүп эле турат”.

Кыргызстанда 2010-жылкы Апрель ыңкылабынан бери эле сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат. 2021-жылы иштеп баштаган Конституция боюнча Жогорку Соттун төрагасына сот бийлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилге кылуу укугу берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG