Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Сот тармагы: арышы арбыбаган реформа


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров судьяларды коомчулукка ачык болууга чакырды. Ал 5-августта Жогорку соттун ишмердиги менен таанышуу үчүн барганда бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн соттордун ишин баалоо институтун түзүү керектигин айтты. Айрым байкоочулар Кыргызстанда сот көз карандысыздыгы орной электигин белгилешет.

Садыр Жапаров жолугушууда сот тармагын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атады. Анын башкы максаты бир жерде жылдап отурган судьяларды алмаштыруу, аймактардагы иштин сапатын жогорулатуу болгонун белгиледи. Которулган судьяларды турак жай менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

"Жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог түзүү керек"

Президент судьяларды коомчулукка ачык болууга, жарандык коом менен иштешүүдөн качпоого, чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгарылган өкүмдөр тууралуу кеңири маалымат берип турууга чакырды.

"Коомчулукта сот тутумуна нааразылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аныктап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүү үчүн аянтчалардын түзүлүшү бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечим деп эсептейм. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем. Коомчулукта кызуу резонанс жараткан соттук иштердеги судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, так маалымат берип туруу - учурдун талабы. Өздөрү таза болуп, чыгарган чечимдери мыйзамдуу жана адилеттүү болсо, судьялардын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгуудан баш тартышына эс кандай негиз жок деп ойлойм".

Президент Жогорку сотко аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштерди көзөмөлгө алууну тапшырды. Андан сырткары тергөө судьяларынын ишине байланыштуу нааразылык көп экенин белгиледи. Сот жараяндарында күрөөгө бошотуу өңдүү бөгөт чарасы тандалбай жатканын, ишти кароо мөөнөтү негизсиз узарып кеткен учурлар бар экенин айтып, сынга алды. Мындан улам соттордун ишин баалоо институтун ишке киргизүү керек дейт.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Мындай жагдайларга негизинен төрагалардын алсыздыгы, өз милдеттерин так аткарбагандыгы, уюштуруучулук иштеринин канааттандырарлык эместиги түрткү болуп жатат. Буга мисал катары алсак, сот отурумдары өзү орточо эсеп менен бир сааттан ашпайт. Бирок кийинки отурумдун аралыгы ар кандай себептер менен бир жумадан бир айга чейинки убакытка дайындалып, кыска убакытта эле карап бүтүрүп коюучу иштин мөөнөтү жүйөсүз созулуп кетип жатат. Ушундай иш алпарган судьялардын үстүнөн даттануулар ачык-айкын каралбай, ар түрдүү шылтоолор менен тиешелүү тартип чаралары көрүлбөгөндүктөн, жарандарыбыздын күмөндүү жана негиздүү нааразычылыктары жаралууда. Ошондой эле судьялар тараптардын атаандаштык принцибин сактабай, айыптоо тарабынын, тергөөнүн материалдарынын негизинде гана чечим чыгарып калгандыгы дагы ачуу чындык! Мындай көрүнүштөр, албетте, нааразычылыктарды күчөтөт! Атаандаштык принцибинин негизинде айыпталуучунун күнөөсү далилденбесе, ага карата актоо өкүмү кабыл алынат. Ошондо гана тергөөнүн сапаты жогорулап, мыйзам талабына ылайык болот деп эсептейм".

"Ротация болгондо "ооруп калган" судьялар бар"

Ротацияга ылайык, жалпысынан 300дөн ашык судья орун алмаштырды. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев жыйында коррупцияга аралашкан судьялардан арылууга болорун айтып, бирок иш кандай жүрөрүн тактаган жок. Ал ошондой эле ротация башталгандан бери ооруга шылтап жумушка чыкпай жүргөн судьялар да бар экенин жарыялады.

"Бардык сотторду айткым келбейт, бирок арасында көздөрү тумандап, карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып, дүнүйөгө көз арткан судьялар да жок эмес. Ошондуктан мындай судьялардын жоопкерчилигин күчөтүп, алардан тез аранын ичинде арылышыбыз керек. Ротацияны түшүнбөстүк менен кабыл алган судьялар дагы жок эмес, ротация болору менен эле тез-тез ооруп, азыркы күнгө чейин ден соолугуна байланыштуу дарылоону узартып, жумушка чыкпай жатат. Ооруп жатып ортого тааныштарын, мамлекеттик кызмат адамдарын салып жатканына таң каласың. Мисалы, бир судья оорудум деп, андан кийин эмгек өргүүсүнө чыгып, ал аяктагандан кийин өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө арыз жазып, эки күндөн кийин кайра арызын кайтарып алып, кайрадан ооруп жатам дегенине бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан ооруга айла жок экен дейсиң. Бирок мындай судьялар менен адилеттүүлүк үчүн чоң майданга бара албайбыз. Ротациянын негизинде судьялар мурда карап жатып бүтпөй калган иштерди тез арада карап чыгып, мыйзамга ылайык сапаттуу аягына чыгарууну талап кылып жатабыз".

Экс-депутат, Жогорку соттун мурдагы судьясы Курманбек Осмоновдун пикиринде, президент сот тармагындагы жагдайды жакшы билет.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

"Соттор менен жолугушууда президенттин тезистери абдан туура, убагында айтылды. Садыр Жапаров депутат кезинде парламенттин Сот-укуктук реформа комитетин жетектеген. Ошол мезгилде сот органдарынын ишин тереңирээк билгенге мүмкүнчүлүгү болгон. Негизинен азыр тергөө судьяларына нааразылык көп экенин, ошолор жакшы иштебей жатканын баса айтып кетти. Ошолорду оңдоонун жолу катары судьяларга мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш бериши керектигин белгиледи. Ал элдин арасындагы, коомдогу нааразылыктардын баарын эске алып туруп айткандай таасир калтырды. Реформа деген куру сөздөрдөн конреттүүлүккө өтүп, ошол жааттагы иштерди атады. Буга чейинки деле президенттер реформа тууралуу айтып келген, бирок ал жерде элдин ишенимин калыбына келтириши керек, соттордун жоопкерчилигин күчөтүш керек дегендей эле сөздөр болгон".

"Көйгөй ротация менен чечилбейт"

Укук коргоочу Рита Карасартова бир канча жылдан бери сот тармагындагы абалга байкоо салып келет. Анын баамында, судьяларды ротациялоону бул тармактагы реформадагы маанилүү кадамы катары кароого болбойт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Бүгүнкү күндө бизде эгемен, өз алдынча, көз карандысыз сот бийлиги жок. Мыйзамга эле көз каранды болгон сот бийлиги бир борбордон буйрук алып иштебейт. Азыр баарын бир адам чечсин деген система, президенттик башкаруу ошол жакты дагы бир топ талкалады. Ротация деген совет доорундагы көз карандуулукка алып келген ыкма. Бул жерде бирдиктүү мамиле жок. Эмне үчүн Бишкекте иштеп жаткан кишилер туруп-туруп эле Кадамжайга же Ак-Сууга кетип калышы керек? Дегеле ротациянын өзү болбошу керек. Анткени сынак деген башка да. Мисалы, Кадамжайдагы бир судьянын ордуна үч киши катышса, Бишкектеги Биринчи май райондук соттун судьялыгына үч киши ат салышкан. Эң мыктыларын тандап алган. Эмне үчүн ал бир-эки жыл иштегенден кийин үй-жайын таштап башка регионго барышы керек? Учурда эбегейсиз көп акча ошолордун үйүнүн ижарасына кетип жатат. Макул ал которулуп барган судья кайсы бир убакка чейин таза, коррупцияга малынбай иштеди дейли, бирок ал жерден тааныш-билиш тапкандан кийин кайра баары башталат да. Анткени система өзү коррупциядан арылган жок. Маселени жең ичинен чечкен жолдор табылат".

Саясатчы Рашан Жээнбеков учурда бир канча кылмыш ишинин алкагында сотко барып жүрөт. Анын пикиринде, сот тармагында өзгөрүү болгон жок.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Эми адам үмүт менен жашайт да. Мен президент Жапаров айткан сөздөрдү угуп туруп, же Садыр Жапаров реалдуулук менен тааныштыгы жок, же болбосо атайлап Кыргызстанда болуп жаткан процесстерди жашырып жатабы деген ойдо калдым. Бирок кээде ошол сотторду оңдойлу деген сөздөрүнө ишенгим деле келет. Бирок реалдуулукту карай турган болсок, анда жагдай таптакыр башка. Мисалы ал экөөбүз түрмөдөн бир күндө чыктык. Ал түрмөдөн чыкканда эле бул жерде отургандардын 60-70% күнөөсү жок эле отурат деп айткан. Мен анын бул айткандарына кошулам. Мен андан кийин дагы жарым жыл түрмөдө отуруп келдим. Азыр менин тегерегимде эле 15ке жакын сот жараяндары жүрүп жатат. Баары эле акты кара деп аткан судьялар. Ошондуктан президенттин айткандары декларативдик гана сөздөр деп айтат элем. Өмүр бою саясатта жүргөн адам катары так айта алам, соттук реформа негизинен жарым жыл, жүз күндө, бир жылда эле жасалат. Бийликте эки жыл отургандан кийин сотторду адилеттүү кылышыбыз керек деги бул убакыт өтүп кетти дегенди түшүндүрөт".

Президенттин соттору менен жолугушуусунун алдында, 4-августта Судьялар кеңеши Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанованы кызматтан алуу тууралуу чечими кабыл алган жана бул сунушту президентке жолдогон.

Ошондой эле Бишкектин Биринчи май районунун судьясы Нурдин Ибраимовго, Чүйдүн Кемин районунун судьясы Аманбек Төлөнбаевге мындан ары иште кемчилик кетирбөөсүнө эскертүү берилген. Талас облусунун Кара-Буура районунун судьясы Гүлмира Бапанованын да иштеги кемчилиги белгиленген.

Өткөн айда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунда соттор менен жолугушуу маалында өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча судьялар туура эмес чечимдерди көп кабыл алып жатканын айткан.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG