Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Сотторду ротациялоо коррупцияны азайтабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланды.

Бийлик бул масштабдуу орун которуу сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздап, кызыкчылыктар кагылышы менен коррупцияны азайтарына ишеним артууда. Бийликтин сот бутагына “саясий куралга айланды” деген доомат айтылып, эл аралык уюмдардын баасында жемкорлукка терең батканы тууралуу сын көп.

30-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта жергиликтүү судьялардын орун которушу жең ичинен келишип алганды токтотуп, сот системасындагы жемкорлукту азайтууга багытталганы белгиленген.

Жогорку сот бул ротация укуктук мамлекеттеги мыйзамдуулуктун сакталышына, бирдиктүү жана туруктуу соттук тажрыйбасы өкүм сүрүшүнө түрткү болот деген ишенимде.

Жогорку соттун өкүлү Изати Шүгүралиева жергиликтүү соттор 10-майдан баштап жаңы иш ордунда болорун бышыктады.

"Жарлык 30-апрель күнү чыгары менен Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен атайын видео байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү. Онлайн кеңешмеде жарлыктарды окуп, кайсы судья кайсы аймакка ротация болуп жатканы жөнүндө кененирээк маалымат берди. 10-майда ар бир судья кайсы аймакка которулса, ошол жерге барып иштеши керек экенин айтты. Буюрса, 10-майда судьялар өздөрү ротацияланган жерге барып, ишин баштайт".

Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, ар бир судья боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында комиссия ротациялоо боюнча сунуштарын берген.

Президент Садыр Жапаров 4-мартта өткөн соттордун XII курултайында сот системасын реформалоонун бир катар багыттарын жарыялаган.

Мамлекет башчы судьяларды тандоо жана алардын ишмердигин баалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Садыр Жапаров соттордун XII курултайында, 04.03.2022
Садыр Жапаров соттордун XII курултайында, 04.03.2022

"Акыркы жылдары жергиликтүү сотторду тандоодо аймактык тең салмактуулукка таптакыр көңүл бурулбай калган экен. Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатыптыр. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен. Мындай мамиле аркылуу сот адилеттигин ишке ашырабыз деп эч качан айта албайбыз. Албетте, мындай көрүнүштөр коомчулук тарабынан негиздүү сын-пикир жаратып жатат. Мындай системаны кечиктирбей бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салышыбыз керек."

Курултайда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын айлыгын көтөрүү сот бийлигин күнкордуктан арылтат деген ишеним акталбаганын моюнга алган.

Ал прокурорлордун судьяларга үстөмдүк кылганы сот адилеттигине болгон ишенимди азайтканын да белгилеген.

Базарбеков соттордун орун которуштуруусу эмне үчүн маанилүү экенине мындайча токтолгон:

Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун төрагасы, 04.03.2022
Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун төрагасы, 04.03.2022

"Аны менен соттордун өз жеринде эмгектенип, тууган-уруктарына, тааныштарына, жердештерине мыйзамсыз жардам берүүсүнө бөгөт коюлат. Болбосо, элдин сот адилеттигине болгон ишенимин кайтаруу кыйын. Себеби өзү туулуп-өскөн жеринде иштеген сот кантип мыйзамдуу иш алып барат? Тажрыйба көрсөткөндөй, судьянын кичи мекенинде иштегени алдын ала эле кызыкчылыктардын кагылышын пайда кылган учурлар бар".

"Ротациялоо соттордун көз карандылыгын күчөтөт"

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети менен Башкы прокуратура тарабынан жергиликтүү соттордон баштап Жогорку сотко чейинки тепкичтердеги бир катар судьяларга карата кылмыш иштери козголгон.

Алардын көпчүлүгү коррупцияга шек саналган. Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева да коррупцияга шек саналып, кылмыш ишинин фигуранты болуп келет.

Жогорку соттун судьясы Д.Боронбаева менен К.Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалган.

Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова ротациялоо тажрыйбасы сотторду бийликке мурдагыдан да “көз каранды кылып коюшу мүмкүн” деген пикирде.

Клара Сооронкулова, Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү
Клара Сооронкулова, Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү

"Ротациянын өзүнүн жолу, өзүнүн тартиби болушу керек. Анткени ротация деген соттор үчүн абдан коркунучтуу көрүнүш. Соттор буга чейин деле ротациядан коркуп жүргөн. Биринчи май райондук сотунан эки сот Ак үйдөн келген тапшырманы аткарбай коюп, бирөө Чоң-Алайга, бирөө Баткенге ротация болуп кеткен учурлар да болгон. Анда жарым жылга же бир жылга командировкага жиберип койчу. Ошондуктан, бул соттордун көз карандысыздыгы үчүн абдан кооптуу нерсе. Анткени бир нерсе болсо эле "ротация болуп кетесиң" деп коркутуп кармап жүрө берет".

Сооронкулова муну менен катар жергиликтүү судьяларды ротациялоо сот иштеринин ыргагын бузат, жаңы судья келген жеринде жүрүп жаткан ишти үйрөнүп, түшүнгөнчө убакыт өтүп, жалпы сот тутумунун ишине кедергисин тийгизиши мүмкүн деп кооптонот.

Мындан тышкары, судьяларды ротациялоо кошумча чыгымдарды пайда кылып, мамлекеттик бюджеттин чыгымын көбөйтөрүн белгилейт.

Мамлекеттик башкаруу жаатындагы эксперт Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, бул жаңы тажрыйбанын эки тарабы бар. Биринчи жагынан, ротациялар сот тутумундагы коррупцияны кайсы бир деңгээлде азайтышы мүмкүн. Анткен менен эксперт судьялардын жеке инсандык сапатына маани берүү керек деп эсептейт.

Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт

"Бизде коррупция жок болушу жана судьялар эгемен болушу үчүн, биринчиден, судьянын адамдык сапатын караш керек. Айлыкты канча көтөрбөйлү, мыйзамдарды канчалык кабыл албайлы, эгер адам коррупцияга жакын болсо, ал эл үчүн, адилеттик үчүн жана мыйзамдуулук үчүн кызмат кылбай, өзүнүн жеке чөнтөгүнө кызмат кылат. Ошондуктан, ушул жагына да баа бериш керек."

Эл аралык коомчулуктун сыны

Кыргызстанда сот бийлигинин эгемендигин камсыздоого багытталган бир катар укуктук нормалар иштейт. Ага карабай, Transparency International уюмунун баасында, иш жүзүндө соттор саясий жетекчиликтин кызыкчылыгы камтылган иштерди кароо учурунда аткаруу бийлиги менен прокуратуранын ашкере кийлигишүүсүнө кабылат.

Heritage Foundation эл аралык изилдөө уюмунун 2022-жылга чыгарган баяндамасында Кыргызстандын сот тутуму кескин начарлап баратканы жазылган. Анда өлкөдөгү "сот тутумунун иши ачык-айкын эмес, анын натыйжалуулугун коррупция менен саясий кийлигишүүлөр бузат" деп айтылат.

"Кыргыз Республикасынын сот тутумун 2019-2022-жылдарга өнүктүрүү" максаттуу программасында өлкөнүн сот тутуму мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтерине күнкор бойдон калып келатканы жана Баш мыйзам менен Кылмыш-жаза мыйзамдарындагы сот ишмердигине кийлигишүүнү чектеген жоболор декларативдик мүнөзгө ээ экени белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG