Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Издөөдөгү Табалдиевдин дайыны Бишкектен чыкты


Бусурманкул Табалдиев. 2015-жыл. Архив.
Бусурманкул Табалдиев. 2015-жыл. Архив.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга шек саналып, издөөдө жүргөн УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев былтыр күздө Бишкекке тергөөгө келгени ушул айда ачыкка чыкты. Эки жылдан ашуун издөөдө жүргөн Табалдиевди камоо боюнча бөгөт чарасы үй камагына алмашып, анын иши өзүнчө каралды. Анын кылмыш иши жакында сотко өткөнү айтылды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотууга катышы бар деп шектелгендердин бири, 2,5 жылдай издөөдө жүргөн УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев өткөн жылы 28-октябрда тергөөгө келгени белгилүү болду. Анын алдында былтыр 6-октябрда Биринчи май райондук соту издөөдөгү Табалдиевди кармап, камакка алуу боюнча 2019-жылдагы чечимин жокко чыгарган.

Бул иштин жагдайы жана коюлган айыптоо тууралуу сурап, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге же анын адвокаты менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Тергөөнүн териштирүүсү

Табалдиевге башында “коррупцияга шериктеш” деп сыртынан айып тагылган. Бул ишти баштан-аяк милиция тергеп, жакында сотко өттү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов соттун аны камакка алуу бөгөтүн өзгөртүүгө өз ыктыяры менен келгени себеп болгонун билдирди:

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

“Бул кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, анан бизге өткөрүп берген. Ага издөө жарыяланган боюнча кармалган эмес. Ал киши 2021-жылы октябрь айында тергөөгө өзү келген. Себеби сот анын бөгөт чарасын карап, андан эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат алган. Мына ошондон кийин бөлүнгөн иштин алкагында тергөө иштерип жүрүп, жакында жыйынтыкталды. Кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Биз бул боюнча тиешелүү маалыматтарды бердик”.

2013-жылдан 2015-жылга чейин УКМКны жетектеген Бусурманкул Табалдиевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон жогорку кызмат адамдары менен биргеликте 2019-жылы 12-июлда кылмыш иши козголгон болчу. Анда атайын кызматтын андан мурунку башчысы, кийин вице-премьер-министр болгон Шамил Атаханов баштаган бир топ кызмат адамы кармалып, камакка алынып, бирок Табалдиев табылбай калган. Ага 2019-жылы 18-июлда эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган. Буга байланыштуу анын иши 2019-жылы 21-июлда өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Батукаевдин иши боюнча соттор, прокурорлор жана медиктер болуп, жалпысынан 19 кызмат адамына кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Алардын көбү тергөө менен кызматташууга барып, кийин соттон акчалай айып менен боштондукка чыгышкан. Түрмөдө отурган мурдагы президент Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Батукаевди бошотууну сунуштагандар жеңил жаза алып жатат деп эсептейт:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

“Бусурманкул Таабалдиевге карата кылмыш иши азыр каралганы турат. Ал эми Шамил Атахановдун иши буга чейин эле сотто каралып, ага 260 миң сом өлчөмүндө акчалай айып салынган. Алар негизи жооптуу болушу керек. Анткени ошол кезде муну УКМК өзү демилгелеп жатса, бул иште кандайдыр бир мыйзамсыздык аныкталса, анда ошолор жооп бериши керек эле да. Бирок Батукаев соттун чечими менен чыккан. Сот чечими мыйзамсыз болсо, анда ал жокко чыгышы керек эле. Анан кантип мыйзамсыз болгон деп айта алабыз. Бул жерде Батукаев соттун чечими менен мыйзамдуу түрдө чыгып жатпайбы. Далили жок жерден эле “коррупция” беренесин козгоп, айып тагып салып жатышпайбы”.

“Жанышты жашыруун алып келүү планы”

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун 2019-жылдагы сурак протоколу интернетке чыгып кеткен. Анда Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу боюнча атайын операция пландалып, бирок ал ишке ашпай калганы айтылган. Атаханов бул иш ал УКМК төрагасы болуп турганда башталып, кийин ал аны коопсуздук органдарын караган вице-премьер болуп турганда дагы улантканын тергөөгө айтып берген. Бирок анын Жазаларды аткаруу кызматынын ошол кездеги төрагасы Зарылбек Рысалиев менен кызматтык мамилеси татаал болгондуктан, бул ишке андан кийин УКМКга келген Бусурманкул Табалдиев аралашканы анын сурак протоколунда белгиленген.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Адам Делимханов Бишкекке учуп келип, Атаханов Атамбаевдин уруксатынын негизинде аны менен жолугушканын айткан. Ал тергөөдөгү көрсөтмөсүндө кримтөбөлдү бошотуу үчүн Минскиден Жаныш Бакиевди жашыруун алып келүү боюнча чечен тарап менен макулдашуу болгонун билдирген.

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Атахановдун сурак протоколундагы иш-аракети УКМКнын аброюна көлөкө түшүрө турганын айтып, бул үчүн жоопкерчилик чоң экенин белгиледи:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Дүйнө жүзүндө көпчүлүк атайын кызматтар өз мамлекеттеринин кызыкчылыгына жана улуттук коопсуздугуна карап, ар кандай атайын операцияларды бүгүнкү күнгө чейин жашыруун дагы, ачык дагы уюштурушат. Бул Кыргызстандын атайын кызматына да тиешелүү. Бирок бул иште коркунучтуу кылмышкерге “оорулуу” деп, жасалма диагноз коюп, аны бошотуп жиберип, анан аны “атайын операция” деп атоо акылга сыйбайт. Батукаевди чыгарып жиберип, отуруп калышкан. “Жаныш Бакиевди алып келүү планы болгон” дегени дагы аябай бүдөмүк ойду жаратат. Мындай операциялар эч качан жасалбайт. Мындай аябай көп катачылыктар кеткен. Атайын операция өткөрүүнүн тиешелүү эрежелери болот. Бул жерде мыйзам дагы, мына ошол эрежелер дагы сакталган эмес. Ошол үчүн негизги чечимди кабыл алган мурдагы президент Атамбаевге каршы бир топ адам көрсөтмө берген. Бирок бул атайын операцияга күч түзүмдөрүнөн кимдер жооптуу болгон? Жоопкерчилик тарта турган башка адамдар дагы болушу керек эле. Бирок андай болбой турат".

Шамил Атаханов сурак протоколунда Алмазбек Атамбаев бул маселени Рамзан Кадыров менен макулдашканын ага Адам Делимханов айтып бергенин да кошумчалаган. Бирок бул маалымат Жаныш Бакиевге жетип калып, кийин ал атайын операция үзгүлтүккө учураганы сурак протоколунда көрсөтүлгөн.

Сотко кимдер тапшырма берген?

Ага карабай, 2013-жылы Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими чыккан. Сотко кимдер басым жасап, кимдер көрсөтмө бергени кийин тергөө учурунда аныкталган. Президенттик аппараттын сот-укуктук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, кийин башкы прокурор болгон Индира Жолдубаева сотто мамлекеттик айыптоо аны 15 жылга эркинен ажыратууну сураганын айтып, нааразы болгон жайы бар:

Индира Жолдубаева. 2017-жыл, архив.
Индира Жолдубаева. 2017-жыл, архив.

"Бул жакка алынып келинген эки күбөнүн бири Атахановдун ошол кездеги кеңешчиси Бекенов жана экинчиси Нарын райондор аралык сотунун судьясы Эрматов. Экөө тең көрсөтмө беришти. Бекенов мага келип, ага кандайдыр бир жол менен жардам берүүнү сураганда, мен андан баш тартканым тууралуу айтты. Бирок ал мага эч качан келген эмес. Эрматов да ага тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдарынын негизинде чечим чыгарганын айтып, көрсөтмө берген. Ошондуктан ал анын чечими мыйзамдуу экенин белгилеген. Анткени анын чечими мыйзамсыз чыккан чечим катары кийин жокко чыгарылган эмес. Анан ушундай жагдайда мамлекеттик айыптоо 15 жылга эркинен ажыратууну сунуштап жатат".

Кримтөбөлдү мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарган сот Жапар Эрматов ага анда президенттик аппараттын сот-укук бөлүмүн жетектеген Индира Жолдубаева жогорку кызмат адамдары бул иштен кабардар деп айтканы боюнча тергөөгө көрсөтмө берген. Сот Жолдубаеванын бөгөт чарасын аныктап, үй камагында калтырган. Биринчи май райондук соту ишти кийин карап, аны айыптуу деп таап, 5 миллион сом айып салган. Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Операцияга тартылган медицина кызматкерлери”

Кримтөбөлдөн анализ алып, “айыккыс ак кан” оорусу тууралуу жалган тыянак чыгарган медиктер - лаборант Ирина Цопова менен онколог Эмил Макимбетов мурдагы башкы дарыгер Абдухалим Раимжановго каршы көрсөтмө берген. Тергөө менен кызматташканы үчүн ал экөө тең камактан бошотулган. Бирок Улуттук гематология борборунун мурдагы башкы дарыгери Абдухалим Раимжанов бул ишке аралашпаганын айтып, айыптоолорду четке какты:

"Мен ошол учурда ооруп калып, ордума Макимбетов деген орун басарымды башкы дарыгердин милдетин аткаруучу катары дайындап кеткем. Жанагы иш мен жок мезгилде болуп, Батукаевди текшерип, ага жанагындай диагноз коюп коюшкан. Мен аны жумушка кайтып келгенден кийин гана билдим. Мунун баарын менин ордумда калган Макимбетов деген жигит жасаган. Менин жогорку кабаттагылар менен эч кандай мамилем болгон эмес. Цопова менен Макимбетовдун үстүнөн УКМКнын Бекенов деген кызматкери карап турган. Бери жактан саламаттык сактоо министри Сагынбаева деген көзөмөлдөп турган. Ошондуктан аларга"эч ким эч нерсе дей албайт, коркпой, диагнозду кое бергиле" деген көрсөтмө болгон. Анан корутундуну чыгарып, Батукаевдин эжесинин колуна беришкен. Мыйзам боюнча министрлик аркылуу кетиши керек болчу".

Сот Раимжановду бул иш боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин жаза мөөнөтү эскиргендиктен жоопкерчиликтен бошотулган. 2019-жылы июнда өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов кармалган.

Атамбаевдин өкүнүчү

Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевдин беттешүү протоколдорунда Бекенов УКМК кызматкери катары Азиз Батукаевди бошотуу боюнча “атайын операцияны” жетектеп, көрсөтмөлөрдү аткарганы көргөзүлгөн. Жогорку сот жаңы ачылган жагдай боюнча ишти кайра карап, Атамбаевди 11 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды. Алмазбек Атамбаев сотто президент кезинде күч түзүмдөрүнө аябай ишенгенин, аягында анын курмандыгы болгонун белгиледи:

"Күч органдарына, ошого окшогон түзүмдөргө азыраак ишенип, көбүрөөк элге, ошол эле социалдык тармактарга, бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго ишенсем болмок экен. Менин чоң жаңылыштыгым - күч түзүмдөрүнө катуу ишенгеним, бир нерсе жазып келсе, ошого ишенесиң. Эгер сен президент болсоң, жай тургундарды, сени менен талашып-тартышкан жарандык коомду көбүрөөк угушуң керек".

Кримтөбөл Азиз Батукаевди "Манас" аэропортуна чейин коштоп барганы тергөөдө аныкталган Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиев эки жылга кесилип, бирок мөөнөтүн камакта өтөгөндүктөн сот залынан бошотулган. Ага документ жасоо, кызматтык жасалмалуулук жана коррупция боюнча айып тагылган. Ал 2013-жылы аталган мекеменин төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси болуп турган. Бул боюнча Рысалиевдин өзүнө да кылмыш иши козголуп, бирок кийинчерээк кыскартылган. Ал дагы коррупцияга шектелип, бирок саламаттыгына байланыштуу камакка алынган эмес.

Бул боюнча жалпы 14 айыпталуучу тергөө менен келишим түзүп, бири-бирине каршы көрсөтмө берген. Коркунучтуу кылмышкерди абактан бошоткон чуулгандуу кылмыш иши 20 томдон турду. Бул боюнча жалпысынан 19 адам жоопко тартылып, азыр алардын ичинен Алмазбек Атамбаев гана түрмөдө отурат. Калгандары тергөө менен кызматташканы үчүн айып пул менен жазадан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG