Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

БУУ эксперттери Латвиядагы мектеп реформасын сынга алышты


Ригадагы мектептердин биринде тартылган сүрөт.
Ригадагы мектептердин биринде тартылган сүрөт.

Латвияда мектептеги билим берүүнү латыш тилине которуу адам укуктарын бузат жана башка этностук топторго дискриминация болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери билдиришти.

Былтыр сентябрда Латвияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2025-жылдын сентябрына чейин бала бакчалар жана мектептер латыш тилинде гана окутууга өтөт.

2019-жылы Латвиянын Конституциялык соту мамлекеттик мектептерди 2022-жылга чейин латыш тилине которууну мыйзамдаштырууну тааныган.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги мектептеги билим берүүнү латыш тилине которуу эл аралык укуктун принциптерин бузбай турганын, ар бир өлкө улуттук азчылыктардын укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн эң ылайыктуу чараларды тандай аларын билдирди.

Латышча окуткан мектептерде чет тилин окутуу 1-класстан башталат. Көбүнчө англис тили окутулат. Экинчи чет тили 4-класстан баштап окутулат. Бул тилди тандоо мыйзам менен аныктала элек, аны мектеп өзү сунуштай алат.

Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги 2026-2027-окуу жылынан баштап мектептерде орус тилин экинчи чет тили катары окутууну жокко чыгарууну пландап жатканын былтыр ноябрда билдирген. Министрликтин сунушуна ылайык, экинчи чет тили катары Европа Биримдигиндеги тилдердин бирин же билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдерде көрсөтүлгөн чет тилин тандоо мүмкүн болот.

XS
SM
MD
LG