Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстан Түркиядан Өзбекстан аркылуу алты жаранын эвакуациялады


Түркиядан Өзбекстан аркылуу эвакуациялоо. 2023-жылдын 9-февралы.
Түркиядан Өзбекстан аркылуу эвакуациялоо. 2023-жылдын 9-февралы.

Түркиянын жер титирөө болгон аймактарынан дагы алты кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-февралдын кечинде билдирди.

Газиантеп шаарынан Өзбекстан уюштурган атайын авиа каттам менен чыккандардын арасында алты кыргызстандык бар экени, алар Ташкентке жеткенде кыргыз элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мекенине жетүүгө жардам беришери кабарланды.

Буга чейин кыргыз бийлиги Казакстан аркылуу алгач 17, андан кийин 22 жаранын Түркиядан алып чыкканы расмий кабарланган.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 16 миңден ашканын 9-февралда “Би-Би-Си” кабарлады. Алардын 14 миңдейи Түркияда экенин, жараат алгандар 65 миңдин тегерегинде болуп жатканын бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD)маалымдады.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен.

Түркияда жердин титиреши 11 аймакта катталды. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG