Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Ай жарыгында китеп окуган Арафат


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Мен туулуп-өскөн Кара-Тегин өрөөнүнөн совет доорунда эли-журтка алынып, аты таанылган айымдар өтө аз чыгыптыр. Филология илимдеринин доктору, КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, билим берүү отличниги Гүлбара Орозовадай белгилүү болгондору башка жок десек да болот. Убагында 50-60 миң кыргыз жашаган аймактан кыздардын эмне себептен Гүлбара эжедей илим-билимге умтулбаганы айтпаса да түшүнүктүү. Тээ кадимден келе жаткан кыздарга болгон ашкере чектөө, "кызга кырк үйдөн тыюу" деген катаал мамиле, "кыз шаарга чыкса бузулуп кетет" деген элдин канына сиңген ишенбөөчүлүк түшүнүк жүздөгөн таланттуу кыз-келиндердин кендирин кесип, тагдырын талкалап келди.

Тилекке каршы, кыздарга карата мындай адилетсиз мамиле бүгүн да жоголгон жок. Тескерисинче, ислам дини радикалдашкан сайын кыздардын бети-башын ороп-чулгап, кээ бирлерине кадимкидей паранжа жамынтып, коомдон обочолонтуп жаткандар көбөйүүдө. Алар жаш кыздардын мээсине: "кызга элге аралашканга, окуганга (жарыкчыл билим алганга) болбойт", – деген караңгы түшүнүгүн сиңдирип, таптакыр тескери жолго салышууда. XXI кылымда жашап жатсак да аялдарды кордогон, кемсинткен, теңсинбеген, өгөйлөгөн мамиледен арыла элекпиз.

Мен эч бир динге, анын ичинде ислам динине да каршы эмесмин жана балдарды тарбиялоодо ислам дининин баалуулуктарын да ыгы менен колдоно билүү зарыл деп эсептейм. Бирок аны ашкере радикалдаштырып, адамдардын (айрыкча, аялдардын) укугун чектегенге каршымын.

Бул саам аялзатына болгон караңгы мамиленин айынан окуп-билим ала албай калган китепкөй жердешим Арафат Амиркулова тууралуу кеп кылайын деп чечтим. Ал Тажикстандан көчүп келип, учурда Чүй облусуна караштуу айылдардын биринде жашайт. Арафат менен Фейсбук аркылуу тааныштык. Жерге-Талдан чыккан белгилүү журналист жана этнограф Абдил-Ахат Курбанов Фейсбуктагы өз баракчасына Кара-Тегинде айтылган табышмактар боюнча жердештер арасында сынак жарыялаган экен. Ошондо катышуучулардын ичинен табышмактардын өзүн жана жообун эң көп билген Арафат болгондуктан баш байге ушул кызыбызга ыйгарылды.

Арафаттын табышмактары көркөмдүгү, өзгөчө ыргагы, угумдуулугу, тилинин жатыктыгы менен дароо менин көңүлүмдү бурду. Жерге-Талда жашап жүрүп мындай керемет сөз берметтерин укпагандыгым ого бетер таӊ калтырды. Жердеш карындашым экөөбүз жакындан таанышып, кыскача дил маек курдук. Ал өзүнүн аткарылбай калган максаты, өксүгү, жалпы эле кыздардын катаал тагдыры жана китепке болгон урмат-сыйы тууралуу айтып берди.

- Мен Ош облусуна караштуу Араван районунда төрөлгөм. 1982-жылы Аравандагы Чкалов атындагы орто мектепке биринчи класска баргам. Алгач өзбек тилинде окудум. Кийинки жылы май айында атамдар Жерге-Талдын Калдар деген айылына көчүп барышты. Окуумду №35 Жол-Болот орто мектебинде уланттым. Башталгыч класстардан баштап эле тазалык, анан класском болуп жүрдүм. 1984-жылы, 4-класста окуп жатканда райондор аралык мектептердин өздүк-көркөм чыгармачылыгы боюнча конкурска катыштым. Үч райондун ичинен (Жерге-Тал, Гарм жана Комсомолабад – Тажистандагы райондордун эскиче аталыштары – А.К.) биздин мектеп экинчи орунду ээледик. Ошондон тартып мен мектептеги ар кандай иш-чараларга жигердүү катыша баштадым. Райондун борборунда, Жайылган, Кашат, Сары-Кенже айылдарындагы (Жерге-Талдагы чоң айылдар – А.К.) кыргыз тили жана адабияты, орус тили боюнча уюштурулган сынактарга катышып, көбүнчө биринчи орунду алып келер элек.

- Көркөм адабиятка кызыгууңуз качан башталды?

- Биринчи класска кирип, тамга тааныгандан эле башталган. Адегенде өзбекче кыска жомокторду окуй баштадым. Аларды шаардан алып келген болчубуз. Кийин, улам класстан-класска көчкөн сайын көлөмдүү чыгармалары окуганга киришим. Мектептин жана совхоздун китепканасындагы мен окубаган бир да кыргызча китеп калган жок. Мен китепти издеп жүрүп окуйт элем. Ч.Айтматовдун бизде болгон баардык чыгармаларын окуучу кезде эле окуп чыккан болчумун. Апамдан жашырынып, терезеде айдын жарыгында китеп окуган күндөрүм болду. Китеп окууга ушунчалык кызык элем, апам өзүңө кийим сатып ал деп акча берсе, китеп сатып алчумун. Агай, эжейлеримдин баары менин окууга, китеп окуганга дилгир экенимди билишчү, үйгө, ата-энеме келип: "Бул кызыңардан бир нерсе чыгат, сөзсүз окуткула, биз да жардамдашалы", – дешчү.

Тилекке каршы, 1992-жылы жарандык согуш чыгып кетип, тилегим орундалбай калды. Мен ар кандай кыйынчылыктарга карабай окууга барганга даяр элем, бирок үйдөгүлөр аны-муну шылтоо кылып жибербей коюшту. Ошол жылы күздө турмушка узатышты.

- Биздин келиндердин түйшүгү оор, анүстүнө ал кезде келинге күң катары мамиле кылгандар (андайлар азыр да жок эмес) көп эле болчу. Келин болуп баргандан кийин китеп окуганга убактыңыз да болгон эмес чыгар?

- Ата-энемдин үйүнө келгенде баштыгыма толтура китептерди салып алып, кайын журтума алып кетер элем. Китеп окуйм деп канча жеме уктум. Ал кезде бизде свет жок болчу, түндөсү тиричиликтен колум бошогондо чырак жагып алып, жашырыкча окуур элем. Китеп окубасам жан дүйнөм буулугуп, коңултактай берчү. Китеп окусам гана өзүмдү жогум табылгандай, бөксөм толгондой сезчүмүн.

- Азыр да китепти ошондогудай көп окуйсузбу? Же мурдагыдай кызыгуу жокпу?

- Азыр да көп окуйм, китеп менин өмүрүмдүн маани-маңызы деп айтсам болот. Мен китепсиз жашай албайм.

- Китептерди китепканалардан аласызбы же сатып аласызбы?

- Көбүнчө сатып алам. Шаарга, Бишкекке барганда сөзсүз китеп дүкөндөргө же базарларга кайрылып, китеп ала келем. Мен айылдагы мектепте ата-энелер комитетин жетектейм. Китеп окуу боюнча долбоорлорго байма-бай катышып турабыз. Ата-энелерди, окуучуларды китеп окуганга үгүттөйм. Мисалы, жакында ата-энелерге Гапыр Мадаминов агайдын китептерин окуп чыккыла деп сунуштадым.

- Эми үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

- Күйөөм экөөбүздүн баш кошконубузга отуз жылдан ашты. Ал кара жумушта иштейт. Төрт кыз, үч уулубуз бар. Үч кызыбыз турмушта. Чоң уулубуз үйлөнгөн. Кудайга шүгүр, алты неберебиз бар.

- Эмне, кыздарыңыз да жогорку билим ала албай калдыбы?

- Үч кызым тең мектепти "5" деген баа менен аяктады. Бирок окууларын уланта алган жок. Өзүңүз билгендей, баягы эле эскилик, караңгылык, бечара кыздардын тагдырын тушаган каада-салт… Азыр бир кызым 11-класста окуп жатат. Ошону сөзсүз окутам деген тилегим бар.

- Кудай тилегиңизди берсин. Кенже кызыңыз окуусун улантып, илим-билимдүү инсандардан болсун. Арафат, айтасаңыз, үйдө сиздин жолуңузду улагандар, сиз сыяктуу китепке кызыгып, берилип окугандар барбы?

- 3-класста окуган көкүрөк күчүгүбүз Нажибилла өзүмдү тарткан, китеп окуганга абдан кызыгат. Экөөбүз күндө жомок окуйбуз. Буюрса, менин орундалбай калган арманымды ушул балам ишке ашырат деген үмүттөмүн.

- Сиз аябай көп китеп окуйт экенсиз. Ошол окуган китептериңиздин турмушта пайдасы тийген учуру болдубу?

- Албетте. Китеп окуган адамдын дүйнөсү жарык болот. Адамдарга, айланага башкача көз менен карайт. Китепти канчалык көп окусаң, эмне үчүн жашап жатканыңды, б.а. жашоонун маани-маңызын ошончолук жакшы түшүнө баштайсың. Жакшы китептерди көп окуган адам эч качан материалдык байлыктын кулу болбойт, дайыма тиричиликтин ыпыр-сыпырынан өйдө турат. Эң башкысы, кандай жагдай болбосун адамдык абийирин, ар-намысын жоготпойт.

Фейсбуктагы Арафат каткан табышмактардан:

  • Өзү бир, көзү миң (элек).
  • Оозу менен тиштеген, Кулдан бетер иштеген (кычкач).
  • Кара тоо башын кар чалды, Кайнар булак соолду. Отуз эки аргымак, Ойноп жүрүп жоголду (карылык, чачтын агарып, тиштердин түшүшү).
  • Беш аттуу, бешөө тең кашка аттуу (колдун беш бармагы жана тырмактары).
  • Досторум зериксе да, душманым зерикпейт (кол, бут, напси).
  • Каза берсе түбү жок. Кайда жүрсө, жүгү жок (ой-санаа).
  • Кичинекей келинчек күндө тебет селкинчек (сөйкө).
  • Былк-былк семиз, былк семиз, кабыргасы жок семиз (камыр).
  • Күнү-түнү тынбаган, бөлө чапса сынбаган (суу).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG