Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

"Ала-Тоону арзып келип жашаган чейрек кылым өмүрүм"


(Солдон оңго карай) Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султанов, Тажикстан Жазуучулар кошуунунун төрагасы Мехмон Бахти, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Казат Акматов менен. Бишкек, 2010-жыл.

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Жетимишке жеткенде

Ассалом алейкум, 70 жаш!

Ден соолугум улам начарлап баратканына байланыштуу 29-декабрда жетимишке толгон күнүмдү ушундай маанайда ага салам айтып күтүүгө туура келип калды окшойт. "Мирзохалим Каримов жетимиш жылдыгына жылкысын камдап, жүздөгөн адамга ылайык коноккананы сүйлөшүп койгондур" деп ойлогондор болуш керек.

Мирзохалим Каримов "Кыз күйүтү" деп аталган китебинин Тарых музейинде өткөрүлгөн бетачарында Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы академик Бектемир Мурзубраимов (оңдо) жана Кыргыз Республикасынын маданият министри Султан Раев (ортодо) менен. 2015-жыл, 12-март.
Мирзохалим Каримов "Кыз күйүтү" деп аталган китебинин Тарых музейинде өткөрүлгөн бетачарында Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы академик Бектемир Мурзубраимов (оңдо) жана Кыргыз Республикасынын маданият министри Султан Раев (ортодо) менен. 2015-жыл, 12-март.

Улуттук жазуучулар союзу менен өмүр бою эки элдин адабият достугун, элдердин ынтымагын бекемдөөгө кошкон салымымды эске ала турган Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги да Ала-Тоонун топурагынан айрылгысы келбей карылык куракка жеткен жазуучу жана журналист жээндерин сурамжылабай турушканы деле өтө эле таң калып, кейип-кепчип капа боло турган нерсе эмес.

Анткени жетимиш жылдык өмүрүмдө мындай кайдыгерликтердин далайын көрүп, көңүлүм бирде чөгүп, бирде жылып келген. Ошондуктан тагдыр арабамдын эскирип кыйчылдаган үнү барган сайын күчөп жатканда бешенеге жазылган ар кандай бактысыздыктарыма кимдир бирөөлөрдү күнөөлөп, кимдир бирөөлөргө капа болгум да келбейт.

Ыраакы Чыгыштын Комсомольск-на Амуре шаарында автомобиль батальонундагы аскердик кызмат. 1971-1973-жылдар.
Ыраакы Чыгыштын Комсомольск-на Амуре шаарында автомобиль батальонундагы аскердик кызмат. 1971-1973-жылдар.

Ак сүтүн эмизип балагатка жеткирген кыргыз энем Махмадалы кызы Айкыздын тарыхый мекени – ааламга Айдай жаркырап нур чачкан Ала-Тоону арзып келип жашаган чейрек кылымга жакын өмүрүмдү кыргыз адабияты менен журналистиканын, өлкөдөгү улуттардын достук-ынтымагын чыңдоо жаатына кызмат кылууга арнаганыма миң мертебе ыраазымын.

Майлуу кызматтарды сагалап арам жол менен байлык жыйнабаганыма өкүнбөймүн. Бирок өтө эле токпейил, кеңпейил да болбош керек окшойт. Эгер ошондой болсоң, андан сен адилетсиздиктин тебелендисинде жүрө берет экенсиң.

Ушундай кемчиликтеримдин айынан Кыргызстанга көчүп келгенден бери Баш мыйзамда жазылган укуктун негизинде жок дегенде бир бөлмөлүү батирге же алакандай жерге ээ боло албай, азырга дейре турак жайга муктаж болуп жүргөнүмө абдан өкүнөм.

Бул тууралуу өлкө башчыларына, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Бишкек шаарынын мэрлерине өмүр бою зарлап, жазып келатам. Тилекке каршы, алардын бири да көңүл бурбады.

Ырас, жетимиш жылдык мааракемди эл катары ресторанда же кафеде өткөрө албадым. Ден соолугум күтүүсүз начарлап, акчамдын жетишпей калганы себеп болду буга. Ооруканадан ооруканага жатып жүргөнүм көп максаттардын ишке ашышына тоскоолдук кылды.

Ошого карабай кырк жылдан бери жазып жүргөн публицистикалык ж.б. материалдардын негизинде даярдалган "Тарыхый тагдырлар" аттуу юбилейлик китебимди жарыкка чыгарууга жетиштим.

Жазуучунун 70 жылдыгына карата жарык көргөн тарыхый-публицистикалык китеби.
Жазуучунун 70 жылдыгына карата жарык көргөн тарыхый-публицистикалык китеби.

Тагдыр буйругу менен Ата Мекенинен алыста жашап калган кыргыздардын тарыхы, маданияты, жашоо-турмушу, салт-санаасы, үрп-адаты, жетишкендиктери, ар кандай муктаждыктары жана ошондой эле элдердин ынтымагы менен адабий-маданий достук алакалары мени өмүр бою ойлондуруп да, тынчсыздандырып да келген. Булар тууралуу буга чейин бир нече тарыхый жана публицистикалык китептерди жазып, тажикстандык кыргыздардын диалектологиялык сөздүгүн да түзүп чыгарганымды коомчулук билет болуш керек.

Жетимиш жылдык юбилейиме карата чыгарган бул китебим дал мына ошол жаатта чейрек кылымдан бери изденип жазып жүргөн публицистикаларымдын, очерктеримдин, макалаларымдын, маектеримдин ж.б. чыгармаларымдын жыйындысы.

Бул тарыхый эмгектерди качандыр өзүнчө китеп кылып чыгарып, кийинки муундарга таберик катары тартуулоону көп жылдардан бери эңсеп жүргөн элем.

Жарык көргөн эмгектери.
Жарык көргөн эмгектери.

Жетимиштин астанасына жеткенде ошол тунук ой-тилегим ишке ашканына абдан кубанып турам азыр. Өзүмдүн жарык көрө элек көркөм чыгармаларымдын кезегин кийинкиге калтырып, адегенде ушул тарыхый мааниси бар эмгегимди жарыкка чыгарууну ылайык көргөнүм ушундай максатка көздөлгөн.

Юбилейлик китептин биринчи жана экинчи бөлүгүндөгү материалдардын дээрлик бардыгы "Азаттык" радиосунда илгертен бери уктурулуп, сайтында жарыяланып келген.

Макалаларымдын радио аркылуу жарыяланып турушуна жакшы шарт түзүп, мага урмат менен мамиле кылып келаткан кесиптеш карындаштарым Венера Сагындык кызына, Айзада Касмалиевага, Гүлайым Ашакеевага, Бурулкан Турдубековага, Санжи Туйтуновага жана бир тууган иним болуп калган мыкты публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаевге терең ыраазылык билдирем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG