Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Бир каттын тарыхы: Атууга кеткен атамды издеп...


Дакен ата репрессия курмандыгы болгон атасы Акмат Молтоевдин сүрөтүн кармап турат.

XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдоо саясий да, экономикалык да максаттарды көздөгөн. Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан.

Саясий максат келечекте идеологияга каршы чыга турган потенциалдуу калкты алыс аймактарга айдоо жана “душмандык элементтерден” ар кандай күтүлбөгөн жерден өзүн коргоого аракет кылган.

Октябрь революциясы жана жарандык согуштан кийин өлкөдө Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин диктатурасы орногон. Лениндин, Сталиндин жана алардын жан-жөкөрлөрүнүн негизги милдети басып алынган бийликти кандай жол менен болсо да сактап калуу эле.

Кулакка тартып, сүргүнгө айдоо - мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жумушчу күч катары, өзгөчө көзөмөлгө алуу жана жумушчулар менен камсыздоону көздөгөн.

XX кылымдын 30-жылдары Орто Азия республикаларынан пахта өстүрүү менен алектенген эмгекке жарамдуу калкты кулакка тартып, Украинанын түштүгүнө сүргүнгө айдоо жумушчулар маселесин чечкен.

1929-жылдан тарта Украинанын түштүк райондорунда пахта эгиле баштаган. Маанилүү техникалык маданият СССРдин экономикалык блокадасынын натыйжасында көптөгөн тармактарды өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон. Ал эми 30-жылдары пахтага "Талаа маданияты" статусу берилген жана себүү аянты 1930-жылдан 1935-жылга чейин сегиз эсе кеңейтилген.

Кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып бара жаткан кыргыздар. Сүрөттүн автору Элла Маяр.
Кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып бара жаткан кыргыздар. Сүрөттүн автору Элла Маяр.

Атууга кеткен Молтоев Акматтын тагдыры

1937-жылдын 31-июлунда СССРдин Ички иштер элдик комиссары Н.И.Ежов № 00447 "Мурдагы кулактарды, кылмышкерлерди жана кулактарды репрессиялоо операциясы жөнүндө" оперативдүү буйругуна кол койгон. Буйрукка ылайык: "1937-жылдын 5-августунан тартып бардык республикаларда, аймактарда жана облустарда мурдагы кулактарды, активдүү антисоветтик элементтерди жана кылмышкерлерди репрессиялоо операциясы башталсын, өзбек, түркмөн, казак, тажик жана Кыргыз ССРинде 10-августтан тарта операция башталсын", – деп белгиленет.

Бул буйруктун негизинде 1937-жылдын августунан 1938-жылдын ноябрына чейин СССР НКВДнын антисоветтик элементтерди репрессиялоо боюнча операциясы жүргүзүлгөн. Массалык репрессиянын жүрүшүндө миллиондогон адамдар камакка алынган.

Дакен ата ата-энеси, бир туугандары менен. 1937-жыл.
Дакен ата ата-энеси, бир туугандары менен. 1937-жыл.

Алардын бири Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылынын тургуну Акмат Молтоевдин үй-бүлөсү. 1930-жылы Акмат Молтоев кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдалган. Украинанын Скадов районунун Чалбасы (азыркы Виноградово) айылында “кулак” деп айыпталып, сүргүндө жүргөн үй-бүлөдө Дакен ата төрөлгөн. Дакен ата беш жашка толгондо атасын аскер адамдары кармап кетишет.

Молтоев Акмат Украинанын Скадов районунда "эл душманы", "убагында басмачыларга жардам көрсөткөн", "контрреволюциялык идеячыл" деп айыпталып, 1938-жылы 3-апрелде атууга кеткен.

Молтоев Акматтын атууга кеткени үй-бүлөсүнөн жашырылып, балдары атасынын кийинки тагдырын билишкен эмес. Анын жубайы жана уулу Дакен 1944-жылы Кыргызстанга кайтып келишкен.

Молтоев Акматтын өздүк иши.
Молтоев Акматтын өздүк иши.

“Он жыл кат алышууга укугу жок"

Дакен ата 1960-жылы Климент Ворошиловго атасын издеп, атасынын тагдырын билүү максатында төмөндөгүдөй кат жазган:

"Атам Акмат Молтоев, “Жаңы Жол” колхозунун колхозчусу, азыркы Украина ССРинин Херсон облусунун Чалбасы айылында, 1937-жылы айылдын башка эркектери менен бирге түн ичинде камакка алынган. Эмне үчүн, кайсы кылмышы үчүн алардын камалганы белгисиз бойдон калууда. Ал кезде мен болгону беш жашта элем, атамды эстей дагы албайм. Атам жөнүндө карыган энемдин айтуусунан, эскерүүсүнөн гана билем. Атамдын башына түшкөн тагдырды мага кабарлап коюңузду өтүнөм. Сураныч, баш тартпаңыз 01/20/1960".

Бул кат Херсон облустук архивинде сакталып турат. “Эсимде” изилдөө аянтчасы катты жана башка архивдик документтерди 2021-жылдагы экспедициянын алкагында тапкан. Ушул эле архивде бул катка мамлекеттин жообу кандай болгонун тастыктаган документ сакталган. Каттын жообу чындыктан алыс болгон:

"Акматов Дакен чакырылып, 1938 -жылы атасы Молтоев Акмат 10 жылга эмгек лагерине 10 жыл кат алышуу укугу жок кесилгенин жана жазасын өтөп жүргөндө 1944 -жылдын 30-сентябрында жүрөк оорусунан каза болгонун тапшырылган арыз боюнча оозеки түрдө билдирүүнү суранам".

Дакен атанын катына коопсуздук комитетинин жообу
Дакен атанын катына коопсуздук комитетинин жообу

"10 жыл кат алышуу укугу жок" - бул СССРдеги сталиндик репрессиялар маалында атууга кеткендердин жакындарына кабарланган үлгү. Чындыгында бул үлгү эң жогорку жазага - өлүм жазасына кесилген адамдарга колдонулган. Репрессияланган адамдардын өлгөнүнүн чыныгы датасы жазылган күбөлүктөр 1989-жылы гана бериле баштаган. Атууга кеткен адамдардын тагдырлары үй-бүлөлөрүнөн жашырылган.

Украинанын Херсон облустук мамлекеттик архивинде сакталган архивдик-иликтөө иштери боюнча 20-кылымдын 30-50-жылдарында 7777 адам репрессиянын курмандыгы болсо, анын 293ү Орто Азиядан келгендер болгон. Өткөн кылымдын тарыхы бул адамдардын ар биринин ары кызык, ары татаал өмүр баянынан куралган. Дакен ата азыр 91 жашта. Ал 41 жыл мектепте мугалим болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда. Акматов Дакен атанын үй- бүлөсүнө өз тарыхы менен бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Гүлзат Алагөз кызы, “Эсимде” изилдөө аянтчасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG