Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Бейит башына илинген топоздун куйругу


Иллюстрация сүрөт. "Көчмөндөр ааламы" фестивалынан бир көрүнүш. Сентябрь, 2016-жыл.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Байыртан калган каада

Өз элиңдин өтмүшүн, маданиятын, каада-салтын, ырасми-жөрөлгөлөрүн билбесең же аларды билүүгө кызыкпасаң өтө уят.

Мен жакында коомдук ишмер жана журналист Бегалы Наргозуевдин: "Мен Алайдагы эски мүрзөлөрдөн жыгачтын башына топоздун куйругун байлап орнотуп коюшканын көп көрдүм эле. Бул эмнени билдирет деп сурасам, жергиликтүүлөр түшүндүрө албай коюшту. Жерге-Тал менен Мургабда да ушундай салт бар деп уктум. Бул тотемизмге байланыштуубу же башка сыры барбы?",- деген суроосуна так жооп бере албай абдан ыңгайсыз абалда калдым.

Өз элимдин ырым-жырымындагы жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү начар билет экен турбаймынбы деп катуу бушайман болдум. Дароо белгилүү этнограф, журналист, Кара-Тегиндеги кыргыздардын салтын, санжырасын, элдик жөрөлгөлөрүн мыкты билген жердешим Абдил-Ахат Курбан уулуна кайрылдым.

Төмөндө ал кишиден уккандарымды өзүнүн уруксаты менен жалпы окурмандарга да сунуштоону туура көрдүм.

Жоокерчилик замандан калган жөрөлгө

Жерге-Талда кадимден келе жаткан бейит бекитти деген салт бар. Көрсө, илгери малга, ит-кушка тебеленди болбосун деп ар бир жайдын тегерегин тосушат экен. Азыр эми көрүстөндүн айланасы толук курчалгандыктан, жаңы бейит өзүнчө тосулбайт. Киши өлгөндөн бир жылдан кийин бейитин бекитишет. Кээде кыркылыгында да бекитип койгондор бар. Ата-бабадан келе жаткан каада-салтка ылайык жаңы кабыр өзүнчө курчалып тосулбаса да, маркум жаткан жердин баш жагына үй бакандай жоон жыгач орнотулат. Ошол жыгачтын башына туу деп, топоздун куйругу байланат. Топоздун куйругу жыгачтын учунан бир карыштай төмөнүрөөк, уйдун терисинен жасалган көк менен бекем чырмап байланат. Башка жип менен байласа чирип кеткен, бул узак жылдарга турган. Илгери азыркыдай зым же башка бышык материал болгон эмес, ошондуктан дайыма ушундай көктү колдонушкан.

Каза болгон кишинин бейитине топоздун куйругун илип коймой, Кара-Тегинде тээ байыркы жоокерчилик замандан бери сакталып келе жаткан жөрөлгө.

Бөлөк уруулардай эле ичкилик кыргыздар илгери жоого аттанганда негизинен найза, кылыч менен куралданган. Ар бир жоокердин найзасынын учуна чүпүрөк же куйрукка окшош бирдеме байланган.

Бул тууралуу маалыматтар "Манас" эпосунда бар, ага карата тартылган иллюстрацияларда сүрөттөлгөн. Сөз бул жерде туу жөнүндө болуп жатат, туу дегенибиз – кадимки эле желек, байрак. Жоокерлер согушка ураалап ошону туу кылып көтөрүп кете берген. Жоого жеткенде ошол найза менен сайган. Эгер каршылашын оодара сайса, мен жеңдим деген мааниде найзаны (тууну) жогору көтөргөн.

Биздин айыл Жаңы-Шаардан өзүмдүн атам Курбан Ханкелди уулу өтмүштү өтө жакшы билген киши эле. Жээнбай Разыков деген аяш атам, Кашка-Теректен Амирбек кароолбеги (кароолбеги - мамлекеттик чин. – А.К.) Муса уулу, Кошойдон Жусупбек Давлатов деген аксакал бар эле. Көрсө, булар куймак кулак экен. Алардан теңтуштары силер бул нерселерди каяктан билесиңер деп сурашчу. Алар: "Силер эл чогулган аш-тойдо эт жеп эле туруп кете бергенсиңер, а биз сүйлөгөн кишилердин нуска сөзүн кунт коюп угуп, аталарыбыздын, тили ширин аксакалдардын кеп-сөзүн ынтаа менен тыңшап, жадыбызга сактаганбыз", – деп жооп беришчү.

Атабыз бизге ар дайым: "Бул нерселерди эске сактагыла, унутпай жүргүлө!", – деп эскертчү.

Мен атамдан: "Ата, эмне үчүн бейитке тууну илет, туу бул желек, байрак эмеспи?", – деп сурагам. Атам мага: "Балам, бул тээ жоокерчилик замандан бери келе жаткан салт. Илгери кыргыз жоокери каза болгондо бул жерде эли-жерин коргоп курман болгон баатыр жатат деген мааниде бейитинин башына өзүнүн туусун (найзасын) сайып коюшкан", – деп жооп берген болучу.

Сен эмне үчүн уйдун, жылкынын эмес, дал ушул топоздун куйругун илген деп сурап жатпайсыңбы? Анткени топоздун куйругу чирибей көпкө чыдайт, ал эми бөлөк жаныбарлардыкы тез эле чирип жок болот. Тоолуу жерде жашагандыктан, кара-тегиндик кыргыздар мурдатан бери эле топоз баккан, жакыны дүйнө салганда өзүндө жок болсо коңшусунан же кошуна айылдардан сураштырып тапкан.

Сенин назарыңа дагы бир нерсени айта кетейин. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгын, тилдеги диалектилик өзгөчөлүгүн изилдеген чоң окумуштуу Жээнбай Мукамбаев эле. Расмий наамы илимдин кандидаты болсо да, бул киши академиктерден көптү билчү. Бул кишидей билерман, илим-билимдүү киши сейрек чыгат. Кыргызбыз да, кармашып жүрүп, көрө албастыктан ушундай улуу инсандын түбүнө жеттик. Дагы да жашаса болот эле, өкүнүчкө жараша, жаш эле кетип калды. Ушул киши сексенинчи жылдары мага мындай кат жазган:

"Абдилахат! Мен сени элдик оозеки чыгармачылыкка кызыгат, фольклор чогултат, жомокторду, уламыштарды абдан муюп угат, жазып алат деп угам. Буларды билген кишилер өтүп кетет, ошолордун көзү тирүү экенде мага Жерге-Талга жетиш кыйын болуп жатат. Иним, шакиртим, сенден өтүнүч, сен ушуларды жыйна, анан эптеп мага жөнөт".

Ал мага ушундай каттарды бир нече жолу жазган болучу. Бир каты азыр да менде сакталуу турат. Мен ошол агайымдын суранычы менен көп нерселерди чогултканмын. Анын сөзү атамдын буйругундай, бир жоопкерчиликтүү вазийпа мойнума артылып калгандай болду.

Кыргызстандын борборундагы университеттин илимпозунан барган кат Кара-Тегиндеги кайсы бир айылда жашаган мен сыяктуу жөнөкөй адам үчүн чоң сыймык болгон. Мен бул иштин артынан жан дилим менен түшүп, өтө көп маалымат топтоп жөнөттүм. Тилекке каршы, ал кишинин чыккан китептеринде мен жиберген материалдар жок. Даярдаганга үлгүрбөй калган окшойт.

Эми кайра баягы темабызга келсек. Аксакалдардан укканым боюнча ичкиликтердин ар бир уруусунун өзүнүн эн тамгасы болгон. Ал кандайдыр бир калың, көпкө чыдай турган матага, кездемеге саймалап түшүрүлгөн. Көрүстөндүн башына топоздун куйругуна кошуп муну да тагып коюшчу. Биз бала кезде бейиттерде ушундай эстеликтер турчу. Өкүнүчкө жараша, ал кезде мен буга көп маани бербептирмин. Же сүрөтүн тартып алганга бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүктөр жок эле.

Кийинчерээк, биздин доордо, жаш кетти, арманда кетти, көзү ачык кетти деп, тактайдан же туникеден кишинин алаканына окшош сөлөкөт кылып бейиттин башына илип коюп жүрүштү. Бул кийин пайда болгон салт. Буга бир-эки, атүгүл төрт сап ыр (кошок) кошо жазып койгондор да боло турган. Биздин мектептин маңдайында Кашка-Терек кыштагынын көрүстөнү бар эле, ошондо топоздун куйругу илинген эски эстеликтер дагы, жана айтып өткөнүмдөй, адамдын колуна окшоштурулган жаңы эстеликтер дагы өтө көп болучу. Окуучу кезде аларда жазылган кошокторду биз кызыгып окуйт элек".

Жээнбай Мукамбаевдин каты.
Жээнбай Мукамбаевдин каты.

Макаламдын соңунда Кара-Тегин диалектисинде жазылган айтылуу окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин тарыхый катын да кошо кетүүнү чечтим. Рахматы Жээнбай атанын канчалык айкөл, улуу инсан экендигин ушул куш тилиндей каттан да байкаса болот.

"Абдилахат! Балким, сиз мени билерсиз же билбессиз! Мен сизди редакцияда иштейт, эл чырмачылыгына кулак түрүп жакшы көрөт, ыр ачат, ыр менен сыр ачат деп эшиттим. Мен да көз жайнатып Жерге-Тал ырларын окугам, чогулткам. Бир укмуш сонун ырларды уккамын. Жашовдун чарбагыны туйгамын. Жалпы элдик ырлардын фонунда ашыглык лирикалары көңүлдү алып-учуп делөврүткөн ырлардан болуп саналат. Шолор китепке түшсө, бир орунда жата бербесе дейбиз. Шондуктан олорго назарды көбүрөөк салып, тезирээк чогултув зарылдыгы келип чыкты. Мен сизден маңа кол кабыш кылып, шолордон жыйнап салып жиберсеңиз деп өтүнөм. Текст кимден, кайсы айылдан, качан жазып алынганы так көрсөтүлсүн.

Шол эл овзунда талаа гүлдөрү өңдөнүп айтылып жүргөн ырларды бүт жыйнап алып жарыяласа кызык болот да! Ол ырларды суктанбай окубай коюшпайт. Олордун окурмандары не бир наздыкты, оштонуп күлүвдү, көзгө илээшпеген не бир жагымдувлукту, ак боз күлүктөй түйүлгөн эргүвдү… сезишет.

Жаңы Жылың кут болсун! Жооп да, текст да күтөм. Агайың Жээнбай. 20/12.1980".

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG