Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Кара-Тегин кыргыздарынан өсүп чыккан илимпоз


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Атам Фрунзеге барып окуумду сунуш кылды"

Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары, башкы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Акбарали Махмадиев Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эл башкарган таанымал улутташыбыз Каар Махмадиевдин интеллигент перзенттеринин бири.

Кара-Тегиндеги кыргыздардан өсүп чыккан жаш илимпоз-дарыгерди кепке тартып, өзүнүн жеке тагдыры, тажик өлкөсүндө таанымал адам болгон атасы, үй-бүлөсү тууралуу аңгемелештик.

- Акбарали мырза, Кара-Тегин өрөөнүндө туулуп өскөн кыргыз жигиттин сыймыктуу даражага жеткени окурмандардын кимисин болбосун кызыктырбай койбосо керек. Кепти адегенде өзүң тууралуу маалымат берүүдөн баштасаң?

- Мен 1973-жылы Жерге-Тал районунда партиялык, советтик кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгенмин. 1989-жылы №1 Чкалов атындагы кыргыз орто мектебин артыкчылык менен бүтүргөн соң, Тажик мамлекеттик медицина институтуна барып документтеримди тапшырган маалда Фрунзедеги мединститут 15 этникалык бүтүрүүчүнү эч кандай сынаксыз кабыл алат экен деген кабар угулуп калды. Атам ошол Фрунзеге барып окуумду сунуш кылды. Ары ойлоп, бери ойлоп, документтеримди кайра алдым да, Жерге-Талга бардым. Атам Ошко билет алып берип, Кыргызстанга жөнөгөн адамдарга кошту.

1989-жылы медицина институтуна 16-абитуриент болуп келдим. Кабыл алуу комиссиясы этникалык кыргыз болгонум үчүн тизмеде болбосом деле макулдук беришти. Жатаканага жайгашып, сыноого даярдана баштадык. Сыноого чейин бизге баш-көз болуп жүргөн Жерге-Тал райондук оорукананын башкы врачы Абсатар Айбашов Билим берүү министрлигине, өкмөткө кайрылып, бизди сынаксыз кабыл алуу боюнча көп аракет кылды. Бирок ал убада орундалбады. Жалпы негизде тапшырышсын, өткөнү өтөт, өтпөгөнү кетет деген чечим чыгарылыптыр. Сыноолордо бештен-алтыдан бала кулап, 3-сыноодо 2 бала гана калдык. Үч сыноонун экөөнү бешке, бирин төрткө тапшырып, педиатрия факультетине өттүм. Жалаң үчкө тапшырган баланы санитардык факультетке кабыл алышты, бирок ал арадан көп өтпөй Жерге-Талга кетип, ошол бойдон келбей койду. А мен болсо институтту 1996-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.

Медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер Акбарали Махмадиев Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эл башкарган атасы Каар Махмадиев жана апасы менен (аманат сүрөт).
Медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер Акбарали Махмадиев Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эл башкарган атасы Каар Махмадиев жана апасы менен (аманат сүрөт).

Жумушсуз калган күндөр, министрдин камкордугу

- Андан кийинки кадамдарыңыз кандай болду?

- Институтту бүтүргөндөн кийин клиникалык ординатурадан сөзсүз түрдө өтүш керек экен. Көз оорулары жана микрохирургия боюнча кесипти тандап алып, 1996-1998-жылдары Исманкуловдун клиникасында окуп да, иштеп да жүрүп, ийгиликтүү бүтүрдүм. Ал жылдары Тажикстанда саясий жаңжал күчөп бараткандыктан, ата-энем Кыргызстанга көчүп келди. Атам тарыхый мекенине биротоло келгенине аябай сүйүндү. Тилекке каршы, узак жашабай ошол эле жылы каза болуп калды. Атамды жерге бергенден кийин иштеп жаткан клиникага келсем, бизде орун жок деп, ординатураны бүтүрдү деген документти беришти.

Жумуш издеп калаадагы дээрлик бардык поликлиникаларга, ооруканаларга бардым. Ошол кезде бардык жерде штаттар кыскарып жаткандыктан жумуш таппай койдум. Айлам куруп, Саламаттыкты сактоо министрлигине барайын, анда деле болбосо Орусияга кетейин деген ой менен министрликтеги Билим берүү жана кадр башкармалыгына кайрылып, абдан одоно жооп уктум.

Ызама чыдабай министр Накен Касиевдин өзүнө кирдим. Ал киши мени абдан жылуу кабыл алды. Этникалык кыргыз экенимди сурап билгенден кийин, бош вакансиялардын бирине сынак өткөнгө чейин убактылуу кабыл алдырды. "Бул жигит жумуш издеп келиптир, өзү этникалык кыргыз боорубуз экен. Конкурстан өтүп иштей алса иштесин, болбосо айла жок" деп түшүндүрдү кызматкерлерине.

Накен Касиевичтин бул камкордугу менин келечегим үчүн абдан чоң роль ойногонун эч качан унутпайм. Арадан эки ай өткөндөн кийин бош орундарга конкурс болду. Мен жогорку балл менен конкурстан өтүп, Саламаттыкты сактоо министрлигинде 10 жыл эмгектендим. Адегенде жөнөкөй адис, жетектөөчү адис болдум. Андан кийин бөлүмдү жетектедим. Башкармалыкка башчы болуп дайындалдым. Министрдин жардамчысы да болуп иштедим. Министрликтеги дарылоо башкармалыгында, лицензиялоо бөлүмүндө да кесипкөй адис катары натыйжалуу иш жүргүздүм.

Лицензия бөлүмүн түптөп, Кыргызстандын лицензияларын эл аралык лицензиялардын стандарттарына шайкеш келтирдик. Республикабыздагы медициналык лицензиялоо кызматын жолго койдук. Ошол биз иштеп чыккан стандарттар саламаттыкты сактоо тармагыбызда азыр деле колдонулуп келүүдө.

Бул арада 2001-жылы Кыргызстандын президентине караштуу Башкаруу академиясында магистратурага конкурс жарыяланды. Сынакка катышып кабыл алындым. Мамлекеттик башкаруу академиянын магистратурасын да артыкчылык менен бүтүрүп, "Саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик магистр" деген наамга ээ болдум. 2010-жылы "Кыргыз Республикасында медицина тармагында лицензиялоонун негиздери" деген темада кандидаттык диссертациямды жактоого жетиштим.

- Азыркы иштеп жаткан жетекчилик кызматка кантип келип калдыңыз?

- Конкурс жарыяланды. Конкурска катышып, жеӊишке ээ болдум. Андан бери арадан 12 жыл өттү.

"Атам элдин камын жеп, кыргыздардын таламын талашчу"

- Акбарали мырза, сиз Тажикстандын бир ууч кыргыздар жашаган Жерге-Тал районундагы республикага таанылган, принципиалдуу жетекчи, эл башкарган этникалык кыргыз Каар Махмадиевдин уулусуз. Атаңыздын өмүр-жолу өзү кызыктуу баян. Тажикстанда согуш чыкканда мамлекеттик кызматкерлерди кыйнаган, кээ бирлерин ырайымсыздык менен өлтүргөн, айтор үрөй учурган окуялар да болгон эле. Атаңыз андай азапка кириптер болгон жокпу?

- Ыраматылык атам ошол жердеги элдин камын жеп, кыргыздардын таламын талашкан, алардын өнүп-өсүүсү үчүн бардык дараметин сарптаган. Ал кезде жаш болсом деле сезет элем: ал майрам, дем алыш күн дегенди билбейт эле. Райондун өнүгүшү, элдин жашоо-турмушунун жакшырышы үчүн күн-түн дебей иштей берчү. Алыскы чарбаларга кеткенде уул-кыздары жумалап жол карап сагынчубуз. Азып-тозуп келгенде күнөөлүү адамдай ар бирибизди бооруна басып, бешенебизден улам-улам сылап, сагыныч-таарынычыбызды дароо эле жазып койчу.

Сиз туура айттыңыз, абдан принципиалдуу, көптү окуп билген интеллигент болгон атам. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин республикада тынчтык болбой, биздин райондо деле саясий абал оорлой баштаган. Компартиянын мурдагы кызматкерлерине түрдүү кысымдар көрсөтүлгөн. Айрым коммунисттер ошол согуштун курмандыгы болушкан, албетте. Ушундай башаламандыктар боло бергенден кийин атам биздин келечегибизди ойлоп, үй-бүлөбүздү тарыхый мекенге аман-эсен алып келди. Ага карата кандай коркутуулар, каршылыктар болгонун көрүнгөн жерде жар салып айта берчү эмес.

- Атам көчүп келген жылы каза болуп калды деп айттыңыз. Ооруду беле?

- Врач катары айтайын, жетекчи кызматтарда иштеген адамдардын 80-90% жүрөк кан-тамыр оорусунан жабыркашат. Себеби алардын нерв системасы дайыма стрессте болуп, кан басымы жогорулап турат. Ырас, атам жетекчилик кызматта жүргөндө жүрөгү ооручу. Бул жакка келгенден кийин ошол оорусу күчөп, инфарктан каза болду, тилекке каршы.

- Үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз?

- Үй-бүлөдө тогуз бир тууганбыз, үчөө кыз, алтоо уул. Раматылык атам жана апам бардыгыбызды жогорку билим алдырды. Улуу агам ветеринардык врач, андан кийинки агам мугалим, кийинкиси куруучу, эки эжем мугалим. Менден улуу агам врач-травматолог. Бир карындашым экономист, экинчиси медициналык окуу жайды бүтүргөндөн кийин каза болуп калды. Эң кичүү инибиз юрист. Бардыгыбызды чексиз мээрим менен асырап өстүргөн апам Бүбүхан Махмадиева кудайга шүгүр ар бирибиздин төрүбүздүн көркү болуп жаныбызда жүрөт. Мугалимдик кесипте иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

- Жерге-Талдан келбей калган бир туугандарыңыз барбы?

- Агам менен эжем ошол жерде калышкан. Чек ара жабылгандан бери карым-катышыбыз үзүлгөн. Интернет аркылуу гана байланышып калдык алар менен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG