Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Азамат Алтай – доордун өзгөрүшүнө салым кошкон улуу инсан


Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгендеги сүрөт. 1995-жылдын 12-сентябры. Сүрөттүн автору Бекмурат Нурдөөлөтов.
Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгендеги сүрөт. 1995-жылдын 12-сентябры. Сүрөттүн автору Бекмурат Нурдөөлөтов.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Билимге ушул кишидей умтулуп, ушул кишидей намыстанса...

Ырас, Азамат Алтай тууралуу мурда да анча-мынча окуп, угуп жүрчүмүн. Бирок Кыргыз эл баатыры, эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиевдин "Азамат Алтай" атуу повесть-эссесин окуп чыккандан кийин бул киши жөнүндөгү көз карашым кескин өзгөрдү.

Атактуу философ Сократ: "Мен эч нерсе билбей турганымды гана билем", – деп айтканындай, көрсө, мен дагы Азамат Алтай тууралуу эч нерсе билбейт экенмин. Мен журналисттик ишмердигине да, өмүр таржымалына да анча маани бербей жүргөн бул адам дүйнөлүк, планетардык масштабда ой жүгүрткөн өзгөчө инсан болгон экен.

Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Жумагул Сааданбеков. 1995-жылдын 12-сентябры. Сүрөттүн автору Бекмурат Нурдөөлөтов.
Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Жумагул Сааданбеков. 1995-жылдын 12-сентябры. Сүрөттүн автору Бекмурат Нурдөөлөтов.

Өмүрүнүн дээрлик үчтөн эки бөлүгүн мусапырчылыкта өткөргөн залкар мекендешибиз жөнүндө өзүнүн ашкере чынчыл баяны менен Бексултан Жакиев мен үчүн Азамат Алтайды таптакыр башка өңүттөн ачкандай болду, ал дагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, академик А.Сахаров ж.б. сыяктуу бүтүндөй бир доорду өзгөртүүгө эбегейсиз зор салым кошкон тарыхый инсан экендигине ынандым.

Согушта жүргөндө жана туткунга түшкөндө не бир азап-тозокту баштап өткөрүп, не бир ит азабын көрүп, тирүү жан чыдагыс жагдай-шарттарда күн кечирип, бирок эч качан жашоодон үмүтүн үзбөй, эң башкысы, адамдык ар-намысын, абийирин сактап калганы эмне деген эрдик да, эмне деген баатырдык! Балким, Азамат Алтайдын ордунда жүүнү бош бөлөк бирөө болгондо кыйынчылыктарга чыдабай сынып, майтарылып, жок болуп кетмек. Азамат Алтай, тескерисинче, тагдырдын ур-токмогун канчалык көп көргөн сайын ошончолук чыйралып, ошончолук өжөрлөнүп, болоттой курчуптур.

Бул ыңгайдан алганда анын өмүрү, тагдыры, басып өткөн жолу, ишмердиги – баарыбыз үчүн өлбөс-өчпөс сабак, үлгү, өрнөк. Анын кайратына, чыдамкайлыгына, башына кандай оор күн түшсө да моюбаган эркинин бекемдигине таң калбай коё албайсың. Жүз миңдеген, атүгүл миллиондогон бейкүнөө кишилердин тагдырын талкалап, өмүрүн жексен кылган сталиндик карасанатай саясаттын айынан өз жерине келе албай, бир да жолу ата-энеси, туугандары, дос-жарлары менен жүздөшө албай, чыккынчы, душман аталат.

Анын мойнуна элин сатып, фашисттерге кызмат кылган деген кыянат жарлык тагылат. Мындай жалган жалаа менен жашаш ал үчүн жеңил болгон жок. Дагы бир көрүнүктүү инсан, казактын кеменгер уулу Олжас Сулейменов: "Мени жаш кезимде канча жолу өз каныма забын болуудан ар-намыс сактап калды", – деп жазганы бар. Олжас Сулейменов сыяктуу эле Азамат Алтайдын да адамдык ар-намысы, чанда бир адамга берилчү кайрат-жигери, өжөрлүгү турмуштун кыйын сыноолорунда мертинтпей, өбөк-жөлөк болду.

Ал жаш чагынан баштап эле бөтөн жерде, бөтөн элде кыргызды уят кылбайын, улуу "Манасты" оозанган кыргыздын атын булгабайын деген максатта өзүн дамамат өстүрүп, ар тараптуу жетилтип, ички дүйнөсүн байытып, рухун бийиктетип жашаптыр. Жалгыз кыргыз болуп туруп, "америкалык кыргыз" аталып, тээ ата-бабалардан бери келе жаткан кыргыздын асыл сапаттары: айкөлдүгүн, адамгерчилигин, боорукердигин, берешен-марттыгын, күйүмдүүлүгүн Американын да, Батыштын да элине таанытыптыр. Ушул аракети үчүн эле биз аны менен сыймыктансак болот, анын ысымын көкөлөтүп, мактаныч тутсак болот.

Бирок анын эрдиги, анын залкарлыгы менен улуулугу муну менен эле чектелбейт. Ал бүт өмүрүн тоталитаризмге, авторитардык режимге каршы күрөшүүгө жумшап, эркиндиктин жана демократиянын жарчысына айланганы үчүн дүйнө жүзүнө таанылган. Бул мааниде аны эркиндик менен демократиянын символу десек, эч апырткандык болбойт.

Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдыры тууралуу жазылган "Тоолор кулаган доор" деген китебинде америкалык журналист Жеффри Лилли: "Азамат Алтай согуштун запкысын көрүп, элинин эркиндиги үчүн чет жерде жүрүп күрөшсө, ал эми интеллектуалдык жоокер Чыңгыз Айтматов советтик системада аты чыгып, өтмө мааниде жазылган чыгармалары менен өлкөнүн ичинде туруп күрөшкөн", – деп жазыптыр.

Демек, Азамат Алтай – жергебизге эгемендиктин келишине, демократиялык принциптердин орношуна эбегейсиз салымын кошкон адам.

Эч кебелбестей болгон советтик системанын, тоталитардык режимдин кыйрашына да анын таасири зор болгон. "Азаттык" радиосунда иштей баштаган күндөн тартып, СССР тууралуу болгон чындыкты айтып, жалпы элдин аң-сезимин бура баштаган. Айрыкча алдыңкы интеллигенция, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов сыяктуу дөө-шаалар Азамат Алтайдын берүүлөрүн үзбөй угуп, катуу таасирленишкен. Түгөлбай ата 60-жылдары эле коркпой-үркпөй башка акын-жазуучуларга "Азаттыкты" уккула, биз жөнүндө чындыкты ошол айтат", – деп үгүттөгөн экен. А Чыңгыз Айтматов Америкага барганда Азамат Алтайга кезигүү үчүн өзү биринчи телефон чалганы аны өтө жогору баалаганы эмеспи.

Ал эми Азамат Алтай тууралуу биринчи жолу Кыргызстанга кабар айтып келген казак-кыргызга бирдей барктуу жазуучу Мухтар Ауезов: "Өтө билимдүү, керемет жигит…", – деп Азамат Алтайга суктануу менен жогору баа бериптир.

Советтик түрмөдөн качып барып Парижде жүргөндө Азамат Алтай орустун көрүнүктүү жазуучусу, Нобел сыйлыгынын ээси Бунин, дүйнөгө даңкы чыккан даанышман Бердяев менен жолугушуптур. Андай атактуу кишилер убактысын кетирип, көрүнгөн бирөөлөр менен жөн салды кездеше бербесе керек. Бул Азамат Алтай дээринен өзгөчө зирек, акылман, кеменгер адам болгондугун дагы бир жолу далилдейт.

Өзү батышта, Америкада жүрсө да, Азамат Алтай өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстаным гүлдөп-өнүксө экен, мекенимди бир кырсык чалып кетпесе экен, ал аман-эсен болсо экен деп жашады. Акыркы деми чыкканча анын бүт эси-көөнү, ой-сезими алыста калган Ата-Журту менен болду. Колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн барынча журтташтарын колдоп, жардам берип турду. Америкага алгач барып жаткандардын айрымдарын үйүнө алып келип жашатып, атасындай кам көрүп, билбегенин билдирип, орун-очок алып кетишине өбөк болду.

Мындан тышкары, Кыргызстанда окуп жаткан эки мыкты студентке жыл сайын 500 доллардан стипендия берип туруптур. (90-жылдары бул бир топ эле чоң суммадагы акча эле да.) Бир канча мезгилге чейин "Ала-Тоо" журналын да каржылаптыр. Ошол кезде ооруп жаткан Түгөлбай Сыдыкбековго да ири көлөмдө материалдык жардам көрсөткөн экен.

Болгону сегиз жылдык билими менен (кийин Анкара университетинде үч семестр гана окуптур) академиктердин даражасына жеткен Азамат Алтайдын тубаса акылгөйлүгүнө, кажыбас кайратына, адамдан башкача мээнеткечтигине таң калбай коё албайсың. "Кыргыз деген атты шылдың кылбаш үчүн башкалардан кем калбай окуп билим алсам деген ойдо жүрдүм", – дейт ал Бексултан Жакиев менен болгон баарлашуусунда. Аттиң, кана ар бир кыргыз Азамат Алтайдай ойлонсо, илим-билимге ушул кишидей умтулса, ушул кишидей намыстанса, кыргыз үчүн, Кыргызстан үчүн ушул инсандай күйүп-бышса кана!

Биз, тирүүлөр, Азамат Алтайдай эр-азаматтарыбызды барктап-баалай албасак, даңазалай албасак, андай кишилердин ысымын улуттун мактанычына, сыймыгына айландыра албасак, анда элдигибиз кайсы да, барлыгыбыз кайсы? Мен Азамат Алтайдын атына коюлган бир да көчөнү, мектепти же китепкананы уга элекмин. Эгемендиктин түптөлүшүнө орошон салым кошкон тарыхый инсан катары Азамат Алтайдын ысымы элдин эсинде түбөлүк сакталышы зарыл.

Ал тууралуу байма-бай айтылып, жазылып, эскерилип турушу керек. Эгер Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмасынын деңгээлинде Азамат Алтай жөнүндө көркөм фильм тартылса эң сонун болмок. Бул үчүн Бексултан Жакиевдин "Азамат Алтай" повесть-эссеси – даяр сценарий. Мындай ары жоопкерчиликтүү, ары ардактуу ишти мыкты режиссёрлорубуздун бири колго алууга ниеттенсе, каржы жагы да чечилип калар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG